АГАРТУУНУН АК БЕРМЕТИ
- 24.11.2026
- 0
Ж. Баласагын атындагы КУУнун Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун психология кафедрасынын доценти, КР Билим берүүсүнүн мыктысы, бир катар басылмалардын эксперт-психологу Бермет Наралиева менен бетме-бет баарлашуу көптөн бери кыялымда жүргөн. Сааты чыгып жолугушуп калганда, декабрдын алгачкы күндөрүндө туулган күнү экени, болгондо да кутман курагы экени эсиме түшүп, эки иштен бир иш болгонуна сүйүндүм.

Филологиядан психологияга бурулуш
Берметти мен студент кезден жакшы тааныйм — курсташ да, курбу да элек. Далысына таштап койгон бир өрүм узун чачы, ак жүзүнө жарашкан бакыраң көздөрү менен көргөн жанды суктандырган, Түштүк мүнөзүнө төп келген ыйбаа, сылык мүнөздүү бул Аксынын сулуусу окууну да эң мыкты окуган кыз эле. Алыскы Аксыдан борбор калаага билим эңсеп келип, 1986-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине кабыл алынган. Окуу жайды 1991-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган соң, филология дүйнөсүнө эмес, негедир психология жагына багыт алганы эсимде.
— Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин ийгиликтүү аяктагандан кийин аспирантурага окуйм деген тилегиме өндүрүштө эки жылдык стажы жок кабыл ала албайбыз деген себептер тоскоолдук болду. Биз окууну аяктаган ошол кез эсиңиздерде болсо керек: кайра куруу жел аргысы башталып, алган билимибиз, иштерге ишибиз тургай, алдыдагы багытыбыз бүдөмүк эле. Ойдогудай иш табуу, жумушка орношуу кризиси курч болуп деңдароо болуп турган чакта устатым — психология илиминин доктору, академик, РФ профессору, Кыргыз-Россия билим берүү академиясынын ректору Чынара Асановна Шакеева психология жаатында кыргыз тилдүү кадрлардын таңсыктыгын айтып, бир чети менин окуп жүргөндөгү жөндөмүмдү бааласа керек, өзү иштеген кафедрага чакырып калды. Ошондон бери ал менин билим, илим жолумдагы эле эмес, турмушта да улуу устатым болуп, насааттарын аянбайт. Чынара Асановна менен бир доордо бир кафедрада иштеп өнөр алып, илим жолунда устат-шакирт болуп эмгектенгенибиз мен үчүн чоң сыймык, — дейт биздин каарманыбыз.
35 жылдык изденүү жана “Манас” эпосундагы психология
Мезгил зымырык куш сымал зымырап учуп кете берет тура, ошондон бери туура 35 жыл өтүптүр. Психологиянын терең сырын үйрөнөбүз деген студент жаштарга эксперименталдык психология, жалпы психология, жогорку мектептин психологиясы сыяктуу дарстарды окуп эле тим болбой, өзү да үзбөй окуп, талбай изденүү жолунда келатат. 2013-2016-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин магистратурасын артыкчылык диплому менен аяктаган устатка КР Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан “Психология” адистиги боюнча доцент наамы ыйгарылган.
Психология илими кээ бирөөлөр ойлогондой кыргыздар үчүн кечээ жакында эле чыга калган жок, ага биздин байыркы ата-бабаларыбыз, бери дегенде эле “Манас” баянында терең баа берип келишкени маалым. Бермет Наралиеванын да изилдөө темасы “Манас” эпосундагы келишпестиктин чечилишинин өзгөчө ыкмаларына арналат.

Алтымыштын белеси жана устаттык эмгектин баасы
Ошентип ал кездеги сулуу кызыбыз бүгүнкү күндө минтип 60 жаштын белесине келип, үй-бүлөсүндө Малика аттуу кыздын, Дастан аттуу уулдун кадырлаган апасы жана неберелеринин мээрман чоң эне, таенеси болуп отурат. Аны менен көп жыл ийиндеш бирге иштеген кесиптеши, КУУнун илимий иштер боюнча проректору, психология илимдеринин доктору Камчыбек уулу Мырзабек: “Бермет Каратаевнанын психология илиминин өнүгүшүнө, жаш муундардын инсандык калыптанышына, алардын ички дүйнөсүн түшүнүүгө жана турмуштук баалуулуктарын туура аныктоого багытталган кесиптик ишмердүүлүгү өзгөчө урмат-сыйга арзыйт. Анын педагогикалык тажрыйбасы, илимий изденүүлөрү, кесипкөйлүгү жана бийик адамгерчилиги кесиптештерине, шакирттерине үлгү болуп келет.
Өмүрдүн алтымышы — басып өткөн жолго сереп салып, жетишкендиктерге сыймыктануу менен бирге алдыдагы жаңы максаттарга ишенимдүү кадам таштоонун өзгөчө учуру. Бул курак Бермет Наралиеванын турмуштук тажрыйбасын, акылмандыгын жана кесиптик жетилгендигинин бийиктигин айгинелейт. Мен бирге иштеген кесиптештеринин жана өзүмдүн үй-бүлөмдүн атынан ага бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, бакубатчылык, жан дүйнө тынчтыгын каалап кетким келет. Илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтер жаралып, эмгегинин үзүрүн көрүп, шакирттеринин урмат-сыйына, жакындарынын мээримине бөлөнүп жүрө беришине тилектешмин. Ар дайым жүзүнөн жылмаюу кетпей, жашоосу жакшылыктарга, кубанычтуу көз ирмемдерге жана бийик жетишкендиктерге бай болсун!” – дейт.
Бизде адамдын өмүрү жылдар менен өлчөнсө, анын ишмердигин алган сыйлыктары менен бааламай адатыбыз бар. Арийне, устат үчүн эң маанилүү да, эң сыймыктуу да сыйлык — бул билим берген студенттеринин сыйы, урматы, ошолордун баасы. Бермет Каратаевна 35 жылдан ашык эмгек жолунда ондогон, жүздөгөн студенттерге дарс окуп, билим дүйнөсүнө жол ачты. Агартуу майданында колуна китебин курал кылып, тынымсыз изденүү жолунда келаткан устат билимкананын босогосун аттаган жаштарга, кесиптештерине жана шакирттерине үлгү. Алган сыйлыктары да аз эмес: КУУнун ректорунун ыраазычылык каты, Ардак грамотасы, “Ж. Баласагын атындагы КУУнун мыкты лектору” наамы, Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы, “КР Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, Бишкек мэриясынын Ардак грамотасы ж.б. сыйлыктары билим берүү тармагына сиңирген эмгегинин татыктуу баасы.

Психологиялык саламаттыкты кантип сактоо керек?
Психология илими жана психологдор өзгөчө тренд болуп жаткан ушул учурда дасыккан адиске “Адамдын психологиялык саламаттыгы деген эмне, аны кантип сактасак болот, деги эле адамдар психологиялык саламаттык үчүн кам көрүшү керекпи?” деген суроо салдым.
— Психологиялык саламаттык деген адамга негизинен аба, дем алуу сыяктуу табиятынан берилген нерсе. Биз аны бекер эле келип калгандай кабыл алып, ал жөнүндө эч ким деле кам көрбөйт. Качан гана саламаттыгыбыз начарлап, бир жерибиз ооруп калганда гана көңүл бөлүп баштайбыз. Чындыгында өзүбүздүн, коомдун психикалык саламаттыгына көңүл бөлүп, алдын ала кам көрүү керек. Себеби психикасы сак адам коомубуздун психикалык саламаттыгын камсыздайт.
Биринчиден, акыл-эс менен байланышкан психикалык саламаттыкты сактоо маанилүү. Бул — адамдын өзүнүн интеллектин өстүрүү жөндөмү, объективдүү билим алуу, алган билимди турмушта колдоно билүүсү. Бул компонент адамдын негизги баалуулугун, жашоосунун метафорасын, ишенимин аныктайт. Бардык адамдар билим алууга, аң-сезимин жогорулатууга умтулушу парз, ошол эле учурда алган билимин жашоодо туура пайдалануу, туура багыттоо керек.
Ал эми эмоция менен байланышкан психикалык саламаттыкты сактоо — бул адам өз сезимдерин, маанайын конгруэнттүү түрдө чагылдыра билүүсү. Башка бирөөлөрдүн сезимдерине баа бербей же сындабай түшүнүү, башка бирөөлөр үчүн өзгөрүп, табигыйлыкты жоготуп албоо, сезимдерди иргей билүү жана эмоцияны сыртка чыгарбай катып албоо зарыл. Эгерде эмоциялык саламаттыктын тазалыгын сактоо керек болсо, айлана-чөйрөнү туура аңдап, эмоцияны башкара билүү керек, ойлогон ойдун, сезимдин баарын эле сыртка чыгара берүүгө болбойт. Эмоцияны чагылдырууда социалдык жактан адекваттуулукка үйрөнүп, өзүн коомдук талаптарга ылайык тарбиялоо маанилүү.
Конгруэнттүүлүк түшүнүгүн америкалык психолог Карл Роджерс сунуштаган: ойлогон ой, жасаган кыймыл-аракет, жүрүм-турум жана сүйлөгөн сөздөр бири-бирине дал келиши керек. Мындай жүрүм-турум адамдын ички гармониясынан, өзүнө өзү ыраазы болгон ички комфортунан келип чыгат. Ал адамга өзүн табигый, жасалма эмес алып жүрүүгө жана башкаларга жагынууга аракеттенбеген ички эркиндикке жетүүгө жардам берет.
Ошондой эле эрк менен байланышкан психикалык саламаттыкты сактоону үйрөнүү керек. Себеби адамдын эрки — анын активдүүлүгүнүн булагы жана потенциалын ачуунун ачкычы. Бул — алдыга максат коё билүү, аны ишке ашырууда туура каражаттарды тандоо, максатты аягына чыгарууда тырышчаактыкты калыптандыруу, тактикалык жана стратегиялык план түзүү, чечим кабыл алуу, “жок” деп айта билүү жана өз тандоосунун жоопкерчилигин көтөрө билүү. Жашоодогу ар кандай кырдаалды өзүңүз башкара билүүнү үйрөнөсүз. Мен баарына — улууга да, кичүүгө да эркинин бекем болушун каалар элем, — дейт психология илимдерин студенттер арасында кыргыз тилинде жайылтуу боюнча алдыңкы адис.

Эпос таануу, медиация жана устаттын ыйык жолу
Отуздан ашуун илимий эмгектердин автору Бермет Наралиева коомдун күрөө тамырын кылдат сезе билген эксперт-психолог катары теле-радиолордо, гезиттерде, интернет сайттарда коомдук жана мектеп медиациясы боюнча талаш-тартыш, келишпестик маселелерди чечүү үстүндө жигердүү иш алып барууда. Анын илимий эмгектеринин дээрлик баарында психологиядагы теориялык материалдардын кыргыздын улуттук аң-сезиминде чагылышы жана кантип өздөштүрүлөрү тууралуу орчундуу маселелер камтылган. Ал “Педагогикалык психология” коллективдик окуу куралынын авторлорунун бири, ошондой эле “Эр Табылды” эпосундагы мүнөз, лидерлик касиеттер жана курак өзгөчөлүгүнө тиешелүү терминдик сөздөрдүн психологиялык чечмеленишин иштеп чыккан Манас улуттук академиясындагы Эпос таануу илимий изилдөө борбору чыгарган “Эр Табылды” энциклопедиясын түзгөн сегиз автордун бири.
Теориялык да, практикалык да багытта мыкты педагог катары “Психологиянын негиздери”, “Эксперименталдык психология”, “Жогорку мектеп психологиясы”, “Курак психологиясы” ж.б. сабактарды студенттерге жеткиликтүү өтүп келет. Анын жетекчилиги астында даярдалган дипломдук жана магистрлик иштер тынымсыз ийгиликтүү корголуп турат. Мөмөлүү дарактын символикасы катары келаткан мугалимдин эң жогорку сыйлыгы да, сыйы да ушул эмеспи. Тажрыйбалуу педагогду мааракеси менен куттуктап, бекем ден соолук каалайбыз жана билимдин бийик ашуусунда чарчабай-чаалыкпай эмгектене беришине тилектешпиз.
Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”