АГАРТУУГА АРНАЛГАН ӨМҮР: МУГАЛИМДИКТЕН ЛЕГЕНДАРЛУУ ЖЕТЕКЧИЛИККЕ ЧЕЙИНКИ ЖОЛ

  • 18.10.2026

Кыргызстандын билим берүү тармагынын өнүгүшү — өз кесибине берилген, реформатордук көз караштагы жана айыл мектебинин келечегин ишенимдүү түптөгөн инсандардын эмгеги менен тыгыз байланыштуу. Ошондой көрүнүктүү инсандардын бири — Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген мугалими», Ат-Башы районунун жана Нарын облусунун ардактуу атуулу Төрөбек Иманбердиев. Анын педагогикалык жана жетекчилик жолу — кризистик кырдаалдарда чечим кабыл алуунун, жаңычыл башкаруунун жана билим сапатын жогорулатуунун реалдуу мектеби. Азыркы жетекчилерге үлгү катары агайдын ишмердүүлү тууралуу айтып берүүнү сурандык.

АГАРТУУГА АРНАЛГАН ӨМҮР: МУГАЛИМДИКТЕН ЛЕГЕНДАРЛУУ ЖЕТЕКЧИЛИККЕ ЧЕЙИНКИ ЖОЛ

 — Төрөбек Аманович, сиз билим берүү тармагында чоочун киши эмессиз. Керек болсо бул тармакты ийне-жибине чейин билесиз. Алгачкы эмгек жолуңуз оңой-олтоң болбосо керек. Кыйынчылыктарды кандай жеңгениңиз тууралуу айтып берсеңиз.

— 1975-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүрүп келип, эмгек жолум С.М. Киров атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуу менен башталган. Өз ишиме жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктан, коомдук иштердеги жигердүүлүгүмдү бийлик жетекчилери эске алып, 1983-жылы Өзгөрүш орто мектебине директор катары дайындалдым.

Жаңы дайындалган учурда мектепте бөлмөлөр жетишсиз болуп, сабактар эки сменада өтүп жаткан. 1970-жылдардан бери бүтпөй турган кошумча имаратты мугалимдер жамааты менен биргеликте өз күчтөрү аркылуу, жайкы эмгек өргүүсүнө карабай оңдоп-түзөп, ишке киргизишкен.

Чындыгында, алгачкы мезгилде бир топ кыйынчылыктар болду. Мектептин материалдык-техникалык базасы өтө начар абалда экен. Класстык бөлмөлөр жетишсиз болгондуктан, окуу эки сменада уюштурулуптур. Мектептин жанында дагы бир имарат бар экен: ал мектеп үчүн курулуп, төрт класстык бөлмөгө ылайыкталган, бирок 1970-жылдардан бери аягына чыкпай турган экен. Имаратты карап көрсөм, негизги курулуш иштери бүткөнү менен, оңдоп-түзөө иштери калган.

Мугалимдер менен кеңешип, жайкы каникул учурунда өз күчүбүз менен оңдоо иштерин баштадык. Ошол кездеги колхоз жетекчилиги райондук жана облустук жетекчилерге биздин чөп чабууга чыкпай жатканыбызды айтыптыр. Алар келип калганда, мен мектептин ичин шыбап жаткан элем. Мугалимдердин баарыбыздын кийимибизге акиташ, ылай жугуп, иш үстүндө жүргөнбүз.

Келген жетекчилер биздин иштеп жатканыбызды көрүп, колхоздун башкармасына: «Булар чындап эле иштеп жатышат экен», — дешти. Мен мектеп директору катары класстык бөлмөлөр жетишпей жатканын, даяр турган имаратты эмгек өргүүсүнө карабай бүтүрүп алууну максат кылганыбызды түшүндүрдүм. Алар эмгегибизге ыраазычылык билдирип, ишти аягына чыгарууга үндөштү жана жетишпеген курулуш материалдары менен жардам берүүнү убада кылышты. Ошентип, имаратты бүтүрүп алдык. Биздин аракетибизди баалап, облустук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы мектепке жаңы дөңгөлөктүү трактор бөлүп берди.

— Материалдык базага көңүл буруптурсуз. Ал эми негизги милдетиңиз болгон окуу-тарбия иштери кандай жүрдү?

— Менин түшүнүгүмдө, мектептин инфраструктурасы жакшы болсо, окуу-тарбия иштерин да натыйжалуу уюштурууга шарт түзүлөт. Бул багытта болгон окуяларды конкреттүү мисалдар менен айтып бергеним туура болот.

Биздин мектеп райондун борборунан эң алыс жайгашкан мектептердин бири болчу. Телеберүүлөр начар тартылып, электр жарыгы бат-баттан өчүп турчу. Ошого карабастан, айыл элинин жана окуучулардын билимге, жаңы нерселерге болгон кызыгуусу күчтүү эле. Окуучуларга кошумча билим берүү иштерин уюштурдук.

Бир жолу «Товары почтой» деген каталогдон куурчак театры тууралуу маалыматты көрүп, Москвадан өз каражатыма керектүү буюмдарды буюртма менен алдырдым. Ошентип, мектепте куурчак театрын уюштурдук. Окуучулар менен концерттик программа даярдап, айыл элине жана ата-энелерге көрсөтүп жүрдүк. Театр жакшы өнүгүп, борборго чакыруу алдык. Фрунзеге барып өнөрүбүздү көрсөтүп, лауреат болуп, сыйлыктарга ээ болдук.

Кыш мезгилинде кечкисин кошумча сабактарды өткөрчүбүз. Натыйжада окуучуларыбыздын бири республикада химия сабагы боюнча үчүнчү орунду ээледи. Окуучулардын билим сапаты жогорулап, райондук жана облустук предметтик мелдештерде алдыңкы орундарды ээлей баштадык. Мектепте билим сапатын жогорулатуу боюнча райондук жана облустук семинарлар өткөрүлдү.

Мектептин лабораториясын текшергенде, сабактарда колдонууга боло турган көптөгөн материалдар бар экенин, бирок алардын чаң басып турганын байкадым. Ал каражаттарды окуу процессинде пайдалана баштадык. Натыйжада эки окуу жылы катары менен райондук деңгээлде райкомдун, профсоюздун жана аткаруу комитетинин биргелешкен өтмө Кызыл Туусун жеңип алдык. Ошондой эле облустук өтмө тууну да алдык. Мектебибиз районго жана облуска таанылып, алдыңкы мектептердин катарына кошулду. Ошол мезгилде бүтүрүүчүлөрүбүздүн экөө борбордук жогорку окуу жайларына өтүп, билим алуусун улантышты.

— Мектеп директорунан райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына аз убакытта эле жеттиңиз. Бул кандайча болду?

— Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болом деген оюм жок эле. Бир күнү аткаруу комитетинин төрагасы чакырып, Талды-Суу айылдык кеңешинин төрагасы болуп иштөөнү сунуштады. Райком менен макулдашылганын айтты. “Мен үй-бүлөм менен кеңешип, ойлонуп көрөйүн”, — деп кеттим.

Андан көп өтпөй райкомдун биринчи катчысы Чаначов чакырып: «Сен айылдык кеңештин төрагасы болбой эле кой, сени райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына сунуштап жатабыз», — деди. Мындай чечимдин себебин сурасам, обкомдон жана Борбордук Комитеттен менин фамилиям айтылып, талапкерлигимди карап көрүү сунушталганын түшүндүрдү. Көрсө, ошол жылдары Москвадан эки генерал жана полковник мектепке келип, аскерге чейинки даярдык (НВП) жана башка сабактардын өтүлүшүн текшеришкен эле. Мектепте аскердик кабинет уюштуруп, ок атуучу жайды даярдаган элем. Кабинет талапка ылайык жабдылып, иш кагаздары да иреттүү жүргүзүлчү.

Мындан тышкары, 9–10-класстын эркек балдары менен дене тарбиялык даярдыкка өзгөчө көңүл бурчумун. Алар турникке 30–40 жолу тартылууга, жерден колду бүгүп-жазууга машыгышчу. Эртең менен мектептин алдында кечиккен окуучуларга да көнүгүүлөрдү жасатчумун. Балдарга аскерге барганда кыйналбашы үчүн даярдык керек экенин айтып, НВП жана дене тарбия сабактарынан жогорку баа алуу үчүн үзгүлтүксүз машыгууну талап кылчумун.

Генералдар окуучуларды аянтчага тизип, алардын даярдыгын текшеришти. Мен окуучулар керектүү нерселерди билишерин айтып, өздөрү суроо берип көрүүнү сунуштадым. Окуучулар суроолорго жооп берип, турникке тартылуу жана башка көнүгүүлөрдү жакшы аткарышты. Генералдар эмгегибизге ыраазычылык билдирип, буга чейин көп мектептерде болушканын, мындай даярдыкты сейрек көрүшкөнүн айтышты.

Алар Борбордук Комитеттин жана обкомдун өкүлдөрүнө менин ишимди белгилеп, келечекте жакшы жетекчи боло аларымды айтып, тиешелүү жетекчиликке билдирерин айтышкан. Кийинчерээк ошол адамдар мени жетекчи кадрлардын резервине сунуштап кетишкени белгилүү болду.

— Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген мезгилде кандай кыйынчылыктар жана жетишкендиктер болду?

— Бул кызматта кыйынчылыктар да, жетишкендиктер да катар жүрдү. Мектептерди үзгүлтүксүз кыдырып, дээрлик ар жума сайын кайсы бир мектепте болууга аракет кылчумун. Мугалимден уруксат сурап, сабактарга кирип, окуучулардын билим деңгээлин мүмкүнчүлүгүмө жараша текшерчүмүн.

АГАРТУУГА АРНАЛГАН ӨМҮР: МУГАЛИМДИКТЕН ЛЕГЕНДАРЛУУ ЖЕТЕКЧИЛИККЕ ЧЕЙИНКИ ЖОЛ

Айрым учурларда 9–10-класстын окуучуларынын муундап окуганын көрүп, тынчсызданчумун. Мектеп жетекчилиги менен бирге окуучулардын билим сапатын талдап, эмне себептен тогузунчу класстын окуучусу эркин окуй албай жатканын аныктоого аракет кылдык. Башталгыч класстарда ким окутканын тактап, тиешелүү мугалимдер менен сүйлөшүүгө туура келген учурлар болду.

Эки жылдын ичинде кайсы мектепте кайсы мугалим жакшы иштей турганын, ким өз милдетине жоопкерчиликтүү мамиле кыларын жана кимдин ишинде кемчиликтер бар экенин аныктап алдым. Ар бир мектепте жана предметтер боюнча чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин топторун түздүм. Окуучуларынын билим сапаты жогору мугалимдерди мүмкүнчүлүгүмө жараша сыйлыктарга көрсөтүп, алардын эмгегин баалоого аракет кылдым.

Мугалимдердин арасында атаандаштыкты күчөтүү максатында ошол кездеги социалисттик мелдештин тажрыйбасын колдондук. Ал мезгилде мектептерде тажрыйбалуу, кадыр-барктуу мугалимдер көп болчу. Акматаалы Карыбекович, Таке Арунович, Жапак Энтериев, С.Калчаев жана башка көптөгөн агай-эжейлерден таалим алып, колдоо таптым.

Кыйынчылыктардын бири — айрым мугалимдердин мектеп жетекчилигине нааразы болуп, арыз менен кайрылышы эле. Мугалимдер менен жыйындарды өткөрүп: «Эгер нааразычылыгыңар же көйгөйүңөр болсо, түздөн-түз мага кайрылгыла. Эгер мен чече албасам, андан кийин жогору турган жетекчиликке кайрылсаңар болот», — деп айтчумун. Натыйжада мен иштеген мезгилде мектептердеги арыз-даттануулар азайды.

Ошол жылдары райондо жаңы типтүү мектеп имараттары жана кошумча курулуштар салына баштады. Терек-Суу, 1-Май, Большевик айылдарында мектептер курулуп, Ат-Башыда мектеп-интернат жана башка кошумча имараттар пайдаланууга берилди.

Айрым учурларда жумушчу күчү жетишпегендиктен, райондук жана облустук жетекчилер 40 мугалимди кезек менен курулуш иштерине тартууну тапшырышчу. Жайкы каникулда мугалимдердин эс алуусуна жана өзүнүн негизги ишине тоскоол болбошу үчүн бул маселелерди жөнгө салуу кыйынга турчу.

Жетишкендиктерибиз да арбын болду. Районубуздун окуучулары республикалык олимпиадаларда жыл сайын биринчи жана байгелүү орундарды ээлеп келишти. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн арасынан жыл сайын 50дөн ашык окуучу алтын, күмүш медалдарга, кийинчерээк артыкчылык аттестаттарына ээ болуп турду. Мектептерди компьютерлештирүү жана окутууну техникалык каражаттар менен жабдуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Эң оор маселелердин бири 1991–1992-жылдары мектептерди көмүр менен камсыз кылуу болду. Каражат да, көмүр да жетишсиз эле. Күз келип калганда райондук жетекчилик көмүр таап келүү тапшырмасын берди. Балыкчыга барсам да, Токмокто да көмүр табылбады. Тааныштар аркылуу 10–15 күн издеп жүрүп, Казакстандан көмүр таптым. Бирок аны накталай акчага гана берерин айтышты. Ат-Башыга кайтып келип, жетекчилерге бир нече жолу кайрылып, акча бөлдүрүп, эсепчибиз менен бирге бир айдын ичинде мектептерди көмүр менен камсыз кылууга жетиштик.

— Облустка дайындалганыңызда район менен облустун ишинин айырмасын байкаган чыгаарсыз?

— Облустук деңгээлде иштегенде районго салыштырмалуу тескөөчүлүк иштерге көбүрөөк көңүл буруларын байкадым. Бирок билим берүү тармагындагы негизги максатыбыз — окуу-тарбия иштеринин сапатын жогорулатуу. Ошондуктан облуста иштеген мезгилде усулдук иштерге өзгөчө көңүл бурдум.

Демөөрчүлөр, инвесторлор жана эл аралык билим берүү уюмдары менен кызматташууну жолго коюуга аракет кылдык. Натыйжада мектептерди окуу куралдары менен камсыз кылуу, компьютерлештирүү, мектептерди оңдоо жана өзгөчө чатырларын жаңылоо боюнча иштер аткарылды.

— Районду же облусту башкаруу менен мектепти жетектөөнүн айырмасы барбы?

— Райондо, облуста же мектепте иштөөдө негизги талап бирдей — ишти жоопкерчилик менен аткаруу. Бирок менин оюмча, мектептеги жоопкерчилик өзгөчө чоң. Анткени ата-энелер балдарынын келечегин бизге ишенип тапшырат. Мектепте берилген билим жана тарбия баланын келечегине, тагдырына түздөн-түз таасир этет. Айрыкча биз иштеген мектепте ата-энелердин ишеними чоң. Ошол ишенимди актоо дайыма көңүлүмдүн борборунда болду. Айылыбызда негизинен жергиликтүү калк жашайт. Балдарга орус тилин үйрөтүү менен катар терең билим берүү зарыл. Орус тилдүү чөйрө болбогондуктан, окуучулардын көбү мектепке келгенде орусча сөздөрдү дээрлик билишпейт. Ошондуктан мугалимдерден өзгөчө аракетти жана жоопкерчиликти талап кылганбыз.

— Азыркы ааламдашуу доорунда санариптештирүү жана жаңы технологиялар боюнча кандай иштер аткарылып жатат?

— Бул суроого бир аз алыстан жооп берейин. Окутуу жана тарбиялоо иштерине жаңы технологияларды киргизүү үчүн мектепти тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу зарыл. Мектеп директору болуп иштегенден тартып компьютерде иштөөгө өзүм да өзгөчө көңүл бурдум. Облуста иштеп жүргөндө компьютер менен иштөөгө үйрөнүп калган элем.

Мектепке келгенде компьютер жок экен. Ошондуктан мектепти компьютерлер менен жабдууга кириштим. Жакшы санаалаштарга жана жардам бере ала турган адамдарга кайрылдым. Мектепке ысымы берилген агайдын балдарына кайрылып, алты компьютер алдык. Облустук жетекчиликтен он компьютер бөлдүрдүм. Жогорку окуу жайлардын айрым жетекчилери аркылуу дагы беш-алты компьютер алып келдик.

Мектеп директорунун орун басарларынан компьютер менен иштөөнү өздөштүрүүнү талап кылып, кабинеттерин компьютер менен жабдууга аракет кылдык. Билим берүү уюмдарына жана элчиликтерге кат жазып, долбоорлорду даярдадым. Ошентип, мамлекеттик каражаттын эсебинен алуу кыйын болгон санариптик жабдууларды демөөрчүлөрдүн жана өнөктөштөрдүн жардамы менен алууга жетиштик.

Бир кабинетке долбоор аркылуу 20 компьютер орнотуп, компьютердик класс уюштурдук. Дагы бир уюмга долбоор жазып, интерактивдүү акылдуу такта алдык. Ал облуста жана райондо алгачкылардан болуп иштей баштады. Мугалимдер менен ата-энелердин колдоосу аркылуу ар бир класска телевизор коюп, интернетке туташтырып, окуу процессинде пайдалана баштадык. Азыркы учурда мектепте беш интерактивдүү такта иштеп жатат.

Орус элчилигине да кат жолдоп, райондогу орус тилдүү мектеп катары окуучулардын орус тилин үйрөнүүсүнө жардам берүүнү өтүндүк. Натыйжада атайын жабдуулары менен бир кабинет уюштурулуп, орус тилиндеги 12 канал аркылуу окуу программалары боюнча сабактарды пайдаланууга шарт түзүлдү.

Педагогикалык жамааттын тынымсыз эмгегинин натыйжасында окуучулар ар кандай эл аралык конкурстарга катышып, ийгиликтерге жетишти. Жыл сайын бүтүрүүчүлөрүбүз жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайларына өтүп жатышат. Райондо чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына жыл сайын 6–10 бүтүрүүчү жөнөгөн мектеп — биздин мектеп. Жыл сайын 2–6 окуучу «Алтын тамга» аттестатына ээ болот. Жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 70–90 пайызы Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллынан жогору упай алып, өлкөбүздүн жогорку окуу жайларына өтөт.

Мектеп республикадагы «Инновациялык мектеп» статусуна ээ болуп, министрликтин сертификатын алды. Төрт жолу райондун «Жылдын алдыңкы мектеби», эки жолу республиканын «Жылдын мыкты мектеби» наамдарына татыды. Мектептердин республикалык кароо-сынагында үчүнчү орунду ээледик.

— Азыр мектепте кандай долбоорлорду ишке ашырып жатасыз?

— Эс алууга кетүүнү ойлогон учурларым болду. Бирок жамааттын жетекчилери: «Азыр дагы күч-кубатыңыз бар, мектептин өнүгүшүнө жардам берип, алдыга сүрөңүз», — деп өтүнүштү. Биздин мектепке балдары көп айылдардан да келип окушат. Муну ата-энелердин мектепке болгон ишениминин белгиси деп эсептейм.

Жамаат менен бирге ата-энелердин ишенимин актап, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу принциби менен иштеп жатабыз. Педагогикалык жамаатка туура багыт берилип, мугалимдердин чыгармачылыгы колдоого алынса, алар чоң иштерди аткара алышат.

Учурда окуучулардын саны көбөйгөндүктөн, мектепке кошумча имарат салынды. Бул имаратты куруу үчүн төрт жыл аракет кылдым, республикалык жетекчилерге бир нече жолу кайрылдым. Курулушту баштоо үчүн долбоордук-сметалык жана башка документтерди даярдоо керек экен. Аларга да каражат талап кылынгандыктан, мектепти бүтүргөн мурдагы окуучуларга кайрылып, документтерди даярдоого жардам сурадым. Документтерди бүтүрүп, өкмөткө жана Мамлекеттик курулуш агенттигине сунуштадым. Натыйжада мамлекеттин каражатын үнөмдөөгө да салым кошулду. Мындан тышкары, мектепти үч эл аралык долбоорго катыштырууга жетиштик. Бул долбоорлор аркылуу окутуунун жаңы ыкмаларын үйрөнүп, мугалимдердин билимин үзгүлтүксүз жогорулатууга, заманбап сабактарды уюштурууга жана тиешелүү окуу каражаттарын алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Алынган каражаттар менен жабдууларды сабактарда натыйжалуу пайдаланууга аракет кылуудабыз.

— Сизди райондо «легендарлуу директор» деп аташат. Жыйырма жылдан ашык мектеп директору болуп иштедиңиз. Мектеп директору кандай сапаттарга ээ болушу керек?

— Мектептин жамаатында негизинен аял мугалимдер иштейт. Алардын ар биринин мүнөзү, турмуштук жагдайы жана көйгөйлөрү ар башка. Жетекчи ар бир кызматкерге анын мүнөзүнө, ишине жана мүмкүнчүлүгүнө жараша мамиле кылып, керектүү учурда жардам берип, шыктандырып турушу керек.

Эң негизгиси — калыс болуу. Мугалимдердин кесиптик билимин жана квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу зарыл. Замандын талабына ылайык иштөөгө үйрөтүү, жаш кадрларды тарбиялоо — жетекчинин негизги милдеттеринин бири.

Мектеп директору жакшы менеджер, финансист жана экономист да болушу керек. Мектептин ишин заманбап талаптарга ылайык уюштуруу чоң мааниге ээ. Директор сүйлөгөн сөзү, жүрүм-туруму, атүгүл кийген кийими менен да үлгү болушу зарыл. Өз билимин жана кесиптик деңгээлин дайыма жогорулатып турушу керек.

Жетекчи «мен директор экенмин» деп кызмат ордуна чалкалап отурбастан, мугалимдер менен аралашып, жөнөкөй жана жеткиликтүү болушу зарыл. Иштин жыйынтыгын так жана калыс талдап, жакшы иштеген мугалимдерге дем берип, алардын эмгегин баалап туруу керек. Кадр саясатын да туура жүргүзүү маанилүү.

— Үй-бүлөңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз.

—  Жубайым да мугалим, азыр пенсияда. Жети балабыз бар: беш уул, эки кыз. Баары жогорку билимдүү. Үч уулум экиден жогорку окуу жайын бүтүргөн. Балдарым республиканын ар кайсы аймактарында мамлекеттик мекемелерде иштешет. Он үч неберем бар. Бүгүнкү күндө баарыбызга Кудайга шүгүр деп жашап жатабыз.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 (Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)

Бөлүшүү