Агартуу жолундагы асыл из. Айзада Абдуллаевнанын эмгек жолу

  • 12.05.2026
  • 0

Кадамжай районунун билим берүү тармагында өзүнүн талыкпас эмгеги, терең билими жана уюштуруучулук жөндөмү менен айырмаланып келген инсандардын бири — Кожонова Айзада Абдуллаевна. Бүгүнкү күндө ал райондук билим берүү бөлүмүнүн усулкаанасынын башчысы катары мугалимдерге багыт берип, билим сапатын жогорулатууда үзүрлүү иш алып барууда.

Агартуу жолундагы асыл из. Айзада Абдуллаевнанын эмгек жолу

Айзада Абдуллаевна 1994-жылы Ош мамлекеттик институтун ийгиликтүү аяктап, агартуу дүйнөсүнө ишенимдүү кадам таштаган. Эмгек жолун жөнөкөй мугалимдиктен баштап, жаш муунга билим берүү менен катар тарбиянын да улуу маанисин терең түшүнүп, окуучулардын жүрөгүнө жол таба билген.

Анын кесиптик өсүүсү үзгүлтүксүз изденүү менен коштолду. 2016–2019-жылдары методист катары мугалимдердин чеберчилигин арттырууга, окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүүгө чоң салым кошту. Ал эми 2019–2025-жылдары Балдардын чыгармачыл борборун жетектеп, жүздөгөн балдардын талантын ачууга, алардын келечекке болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Агартуу жолундагы асыл из. Айзада Абдуллаевнанын эмгек жолу

2026-жылдан тартып усулкаананын башчысы болуп, райондук билим берүү системасында жаңы дем, жаңы багыттарды киргизүүдө. Анын жетекчилиги алдында мугалимдерге методикалык жардам көрсөтүү, заманбап билим берүү технологияларын жайылтуу, окуу-тарбия процессинин сапатын жогорулатуу багытында маанилүү иштер жүзөгө ашырылууда.

Агартуу жолундагы асыл из. Айзада Абдуллаевнанын эмгек жолу

Кожонова Айзаданын эмгеги — бул жөн гана кызмат эмес, бул жүрөктөн чыккан миссия. Анын ар бир аракети билимдин нурун чачып, келечек муундун тагдырына оң таасирин тийгизип келет. Мындай инсандар агартуу тармагынын чыныгы таянычы болуп саналат.

Б. Усманова

Бөлүшүү

Комментарийлер