АДЕП УҢГУСУ – ҮЙ-БҮЛӨ

  • 10.12.2021
  • 0

Тарбиянын программасын ишке ашырган маанилүү күч – адам болсо, анын түгөнгүс булагын соолтпой түрткү берип, адам кандай болуш керектигин жандандырып турган да биз окутуучу –педагогдорбуз.

Адептүүлүк — бардык жакшы мүнөздөрдүн башаты болуп эсептелет. Өспүрүмдүн адебинен анын тарбиялуулугу, коомго көз карашы, боорукерлиги, кайрымдуулугу башталат. Адептүү бала билим алууга умтулуп, келечекти да ойлойт. Адептин уңгусу үй-бүлөдөн түптөлөт. Мектеп жана үй-бүлөнүн тарбиясына, коом, айыл, көчөдөгү адамдардын жүрүш-турушу айкалышып жаш өспүрүмгө адепти калыптандырат. Педагогдун жана айрыкча балдарынын ким болоорлугуна кайдигер карабаган ата-эненин ишинин жыйынтыгынын натыйжасы өзгөчө мааниге ээ. Бул ар бир адамды ойлондуруусу жана да ойлондуруусу керек. Ошондуктан тарбия жумушунун келечектүүлүгү азыр мурда көрбөгөндөй өзгөчө мааниге ээ болушу керек.

Өспүрүм чактан баштап адеп-ахлактын бекемделишине, ыйык нерселердин сакталышына кантип жетишүүгө болот?

Өспүрүмгө ар-намыс жана кадыр-баркты ишеничке киргизүү милдети турат. Бул милдет –адептүүлүктүн түйүнү болуп саналат. Милдет ыйыктыкты жаратат. Биздин жаштарда ыйык чындыктар, ысымдар, принциптер жана адептүүлүктүн эрежелери болуш керек. Коомдо адепсиз адамдардын жок болушуна жетишүү үчүн – биринчиден, аң-сезимге адамды өзүнө тарткан жакшы сапаттарды билүү сезимин өстүрүү болсо, экинчиден, ыпластыкты жийиркенүү менен карап, чыдамсыздык менен келише албаган мамилени өстүрүү жатат.

Адеп – милдет менен айкалышат. Коом, Мекен, ата-эне алдында балдардын милдети. Кайра эле балдар алдында ата-эненин, коомдун, мектеп, окуу жайлардын милдети жана коллектив алдында жеке адамдын милдети бүткүл тарбиялык процессти камтыйт. Милдет ар биринин кадырын көтөрөт. Милдет-адеп аң-сезимдүү тартиптүүлүктүн өзөгүнө айланат. Мунсуз жалпы адептүү коомду куруу мүмкүн эмес. «Мен эмнени кааласам ошону иштеймин» — деген жапайы айбанга айланып бара жаткан коомдон адепти табуу кыйын. Милдет – жанындагы адамдарды сезүү, анын кызыкчылыгын, өзүңдүн иш-аракетиң менен айкалыштыруу жана адамдык кадыр-барк алуудан башталат.

Кайдигер, таш боор, калпычы, куу бол, өзүңдү баарынан жогору бол деп эч ким үйрөтпөйт. Билгичтик, акылдуулук, туруктуулук, талапкерчилик, сыйчылдыкка үйрөтсө жакшылык келип чыгат. Бала да эс тарткандан баштап жакшы менен жаманды айырмалай баштайт, алдыга умтулуу күчү, жоопкерчилиги калыптанат. Мына ушул учурда тарбиячылар (ата-эне, көчө, айыл, мектеп, коом) балдарга адеп-ахлак, ыйман, сый-урмат жана эмгек аркылуу жөндөмдүүлүгүн ойготуу жана жашоого болгон оң көз карашты калыптандырышы керек.

Бул үчүн күн сайын өзгөрүлүп жаткан коомдо кантип жана кандай тарбиялоону билүүбүз зарыл. Орто, жогорку муундардын арасындагы жаман илдеттерди иргөө менен тескери тарбия берүүчү көрүнүштөрдү жоюу биринчи милдетибиз.

Адептүү адам коомдун күзгүсү болсо, анда ага жетүүнүн программасы да болуусу шартпы?

– Уулдуу болдум, качантан баштап тарбиялоону баштайын — деп сураганга
акылман:

– Тогуз ай кечигиптирсиң — деп жооп берген экен. Бул үй-бүлөдөгү материалдык, моралдык, психологиялык абал. Тарбиялоочу программага баарын сыйдыруу кыйын. Бирок маанилүү бир шарт – бул тарбиялануучуларга эмнени сүйүү жана жек көрүү, өмүр жолунда эмнени бекемдөө жана четке кагуу, эмнеге каршы күрөшүү ачык-айкын камтылышы керек. Мында окутуучу-педагогдордун ролу зор болууга тийиш. Күчтүү эркти, зор ишенимди, жакшы ой-пикирди жана сезимдерди тарбиялануучуларга жеткирүүчү кесиптин чыныгы ээси экендигибизди унутпашыбыз керек. Биз – адамдын ички рухий күчтөрүн тутандыруучуларбыз.

Билим берүү жана тарбиянын ортосунда жарака болушу мүмкүнбү деген суроо окутуучу –педагогдорго берилет.

«Окуу-тарбия иши» деп чогуу айтылышы билим менен тарбиянын ажырагыс экендигин айгинелейт. Табият, маданият таануу, аң-сезимди өстүрүүчү сабактарды, күндө жаңыланып жаткан заманбап технологияларды билүү тарбиясыз эч мүмкүн эмес. Мындан билимди терең алуу үчүн тарбиянын башаты болгон адеп болушу зарыл. Дүйнө санарип кылымына кадам таштоодо. Болуп көрбөгөн өзгөрүүлөрдө адамдын көңүлүнө эмнелерди салууга милдеттүүбүз? Адептүүлүктү адамдын көңүлүндө калыптандыруу үчүн тикеден-тике байланышкан билимдерди (жан дүйнөнү, акыл-эсти, сезимди, ишенимди, ыйманды) аныктоо зарыл. Турмуш тарбиялайт деп айтылган – куру сөз. Адамды жеке адам да тарбиялайт. Эгерде үйдөн, көчөдөн, айылдан, мектептен адепсиз тарбияланган адам турмуш босогосун аттаса, ал коом үчүн коркунучтуу адам. Эмгек тарбиялайт деген сөз да куру бекер айтылган сөз. Эмгектин тарбиялоочу күчү болбойт, эгерде ал жерде асыл адамдар жана максаттарды туура жолго алып барган адамдар аз болсо. Турмуш, эмгек тарбиялайт деп өспүрүмдөрдүн жана жаш адамдардын рухий дүйнөсүнө кайдигерлик кылууга болбойт. Рухий жактан өсүп жетилбеген адам, чыныгы адеп эмне экендигин түшүнбөйт. Адепти жоготкон адам, жан дүйнөсүн жоготкон адам. Эгерде адептүүлүккө тарбиялоо ишин жакшы жүргүзө албасак, биз келечек муундарыбыздын жан дүйнөсүндө жетишкен өлкөнү кура албайбыз. Ошондуктан үй-бүлө-мектеп коомчулуктун арасында тарбиялоо процессинде эч бир ажырым-жарака болбошу керек. Мында бизге, педагогдорго, адептүүлүккө тарбиялоодо чоң күч жумшоого туура келет. Биз жаш өнүгүп келе жаткан жан дүйнө менен акыл-эс, сулуулук, көркөм-образ, искусство, билим ортосундагы көпүрө болуп саналабыз.

Адептин рухий маданият жана билим менен байланышуу шарты кандай болууга тийиш деген суроо туулат.

Бул бүгүнкү эле эмес ар дайым эң маанилүү көйгөй болуп келет. Азыркы учурда билим менен адепти ого бетер бөлүп кароого мүмкүн эмес. Эмгек, маданият, билим жашоодо барган сайын интеллектуалдуу адамдарды талап кылып бара жатат. Ошого жараша окутуу жана тарбиялоо бирдиктүүлүгү да жаңы баскычка көтөрүлүшү керек да. Мурда окутуучу китептен жаттатуу менен билимди баалаган болсо, азыр аң-сезимдин өнүгүшү кызыгуу менен ой жүгүртүүгө такалып, мээге сиңип жатат. Буга башка булактардан терс иштерди тез кабыл алуудан көрүнүп жатат. Ошондуктан адептүүлүккө тарбиялоо – билимден артта калбашы керек, адептүүлүккө коюлуп жаткан жаңы талаптарды милдеттүү түрдө жоопкерчилик менен кабыл алуубуз зарыл. Ушул жерден суроо туулат.

Адептүүлүккө тарбиялоодо педагог менен окуучунун байланышы кандай болушу керек?

Сезим – байланыш менен тарбияланат. Байланыштын көп түрү бар, эң орчундуусу – сабак. Сабакта билим эле берилбестен ойлонуу, сезимдерге сиңирүү, кайраттуулук, эрдик, көз караштын кызыкчылыгы, умтулуулар, ишеним жана шектенүүлөр туурасында өткөн минута-сааттар менен коштолот. Карагылачы, педагогдун убактысын. Берген билимди көңүлүнөн кайытып кетирбей жүрөгүнө сиңиртүү – ар бир педагогдун милдети. Бул убакыттарда окуучулар кубанычка батышат, кайгыга чөмүлүшөт. Адептин таруудай бүдүрүн күн сайын салып турсаңыз, тарбиялануучуда бардык жакшы саамалыктардын билими көбөйөт. Жашоого болгон сүйүү, коомго болгон көз караш отун тутандырып койгон болсок, ал алоолонгон жалынга айланат, ал жашоого үйрөтөт. Бул биздин ийгилик. Эң орчундуусу – чындыкты гана айтуу менен адептин тамырына суу себе алабыз. Мында мектеп – бул педагогдор жана аларсыз адептүү адамды тарбиялап чыгуу да оор. Алтымыш жашка чукулдап калса да сексенден ашып калган окуткан эжесине таазим кылган адамдар бар. Өмүр жолундагы тагдырына чыйыр салып, адепти колуна берген адамы – окуткан мугалими, бул – педагог. Мугалим окуучулары үчүн педагог-тарбиячы, дос-санаалаш, жол көрсөткүч-кеңешчи адам. Балдардын жана кыздардын ички сезимдерин ичине буруп алган, эмгек менен айкалыштырып тарбиялаган, коомдук, адептүүлүк күрөш үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачкан адам. Жаш өспүрүмдөр кадам таштай турган жолунда жаңы акыл-ой берип, шам-чырагын жагып жаткан сүйүктүү мугалими бар мектеп зор тарбиялоочу күчкө ээ.

Жыйынтык: Адептүүлүк тарбиясына жетекчилик кылуу менен – адамга ызаат-сый жасоону дайыма кам көрүү – күйүмдүүлүк, боорукерлик жана адамгерчиликти бекемдөө болуп саналат.

Эгемберди УСУПОВ,
Нарын районунун Ардактуу атуулу,
кесиптик билим берүүнүн отличниги,
 “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер