АДАМ ТАБИЯТЫН ТЕРЕҢ ИЗИЛДЕГЕН ЖАЗУУЧУ
- 12.06.2026
- 0

Кыргыздын белгилүү жазуучусу Бейшебай Усубалиевдин “Кемпир” деп аталган повестинин каарманы ижара издеп жүргөн студент бир кемпир-чалдын үйүндө туруп калат. «Булардын бүтпөгөн кандай балакет чыры бар экенин билбейм, адамдын көңүлү, бала, сүйүү жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү айтып кыжылдаша беришет. Көңүл, бала, сүйүү дегендердин эмне кереги бар экендигин билбейм ал кургурларга. Кемпир болсо эки күндүн биринде мас… Андан да урушканда жаман сөздөрдү айтат дейсиң, жети өмүрүң жерге кирет» деп кейип-кепчийт мурда-кийин мындайды көрбөгөн студент.
Бул чакан повестинде автор ошол жетимишинчи жылдардагы студенттердин турмушунун бири-бирине окшобогон мүнөздөрдү, көз караштарды, тагдырларды ичкериден терең ачып берген. Кемпирдин армандуу өмүрү, ички драмасы, трагедиясы баёо, таза студенттин кабылдоосу, баяндоосу аркылуу берилет. Бул чыгарма 1977-жылы жазылып бүтүптүр, эгер ошол жылдары жарыяланса бир топ ызы-чуу салып, автордун атын Алайга, даңкын далайга жеткирген чыгарма болмок экен. Тилекке каршы, ал кезде жарыяланбаптыр, тагыраагы, адабий журналдар да баспай, басмалар да чыгарбай коюп, акыры автордун 2009-жылы жарык көргөн «Түн» аттуу повесттер жыйнагына кирип отурат. Ар бир беш жылда жарык көргөн чыгармалардын эсебин алып, саясый-идеологиялык позициядан баалап, электен өткөрүп, жумушчулардын, дыйкандардын, чабандардын күжүрмөн эмгегин, партиялык кызматкерлердин идеологиялык, саясый уюштуруучулук ишмердүүлүгүн сүрөттөп, алардын коммунисттик идеяларга болгон умтулууларын баяндаган Ш.Бейшеналиевдин «Даңкка жараша жүк», С.Өмүрбаевдин «Өзгөргөн өрөөн» М.Абдырамановдун «Дыйкандар», С.Сасыкбаевдин «Фабрика кызы» сыяктуу чыгармаларына артыкчылык берип, эмгекчилерди коммунисттик духта тарбиялоого чоң салым кошуп жатат деп партиянын саясатына туура келген чыгармаларды жогору баалап, бийликтин адабиятты чычкан мурду жөргөлөгүс кылып тосуп, чыпкалап турган цензурасынан бул чыгарма өтмөк эмес, кокус жаза тайып өтүп кетсе, ал кезде идеологиялык күрөштүн камчысын чапкан сын бул чыгармада жыргал заманда жашап жаткан советтик элдин турмушунун көлөкө жактары сүрөттөлүп, сентиментализмге каныккан жашык каармандардын моралдык жактан туруксуздугу көрсөтүлгөн, автор идеялык жана саясый калпыстыктарга жол берген майда темага азгырылган, анын граждандык сезими жетилген эмес, чыгармасы марксисттик, лениндик эстетикага туура келбейт деген сыяктуу дагы бир топ айыптар тагылып, Жазуучулар союзунун «кара тизмесине» кирип, убагында А.Саспаев, Т.Ахмедов, М.Гапаров, К.Жусубалиев кандай сындалса, ошондой сындалып, партиялык көрсөтмөлөр менен өткөрүлчү Жазуучулар союзунун жыйын, пленум, съездеринде сынга алынып, автор «бөрк ал десе баш алган» сынчылардын «каарына» калып, бийликтин буюртма макалаларын бутасына айланары турган иш болчу.
Учурунда цензурадан өтпөй калган ушул повести жазуучу Бейшенбай Усубалиев ошол мезгилде партиялык саясатка, тик көз карашта болуп, эркин ой жүгүртүп, чыгармачылыктын түпкү маңызын туура түшүнгөнүн далилдеп турат. Анан калса адабияттын негизги максаты коммунисттик идеяларга каныккан, окшош ой жүгүрткөн өзүнүн көз карашы жок, жогору жактын көрсөтмөлөрү менен жашаган «тактеке» коммунизмди куруучуларды сүрөттөө эмес, адамдын жандүйнөсүн, ички турмушун, көз карашын, мүнөзүн, тагдырын ичкериден изилдеп ачып берүү экенин «Кемпир» повестинин мисалында көрсөтсөк болот. Демек, жазуучунун негизги чыгармачылык кредосу-адамдан адамды издөө, ачып көрсөтүү. Бекеринен «Алиппе», «Акча», «Кемпир» чыгармаларында баяндоо биринчи жактан жүргүзүлүп жаткан жок, анткени турмуш, адамдардын өз ара мамилелери, көз караштары, тагдырлары айлана-чөйрөдө болуп жаткан окуялар баланын аруу жандүйнөсү аркылуу электен өтөт, баа берилет.
Жазуучу элдин турмушундагы нравалык-психологиялык кубулуштарды терең изилдеп, синтездеп, жалпылаштырып, «Түркүк», «Көз», «Түтүн» жыйнактарындагы аңгеме, повесттеринде каармандардын индивидуалдуу мүнөздөрү аркылуу таамай берген. Тыныгуу албаган чыгармачылык изденүүлөрдүн натыйжасында жазуучу Бейшенбай Усубалиев азыр аңгеме, повесть жанрынын эстетикасын терең өздөштүрүп, чеберчилиги артып, бул жанрдын табиятын жаңылаган жандуу образдарды жаратуу менен «Акча», «Кемпир», «Адрес», «Бука», «Бир сом», «Түн», «Ошентип, 8-мартка жөнөп калдым» повесттерин берди. Азыркы кыргыз прозасында аңгеме, повесть жанрларынын жаңы чектери Б.Усубалиевдин чыгармаларынын эстетикалык ачылгалары менен белгиленет.
Азыркы кыргыз адабиятында тарыхый темага кызыгуу тенденциясы күч алып турган кез. Тарыхты жазгандардын көбү даяр «ашка» тап коюшуп, уруулардын санжыралары, бийлер, даткалар, кокту-колот баатырлары, атактуу уурулар, Аалыбекке окшогон саткындар жөнүндөгү аңыздар, легендалардын негизинде китеп жазып жатышат. Алар баяндалып жаткан турмуштук окуянын этнографиялык, социалдык, психологиялык өзгөчөлүктөрүн ачып бере алышпай, тарыхты жазып жаткан авторлор сүрөттөлүп жаткан окуялардын чындыгын далилдүү берүү, аны мезгилдин бир чоң тарыхый проблематикасына негиздөөнү мындай коюңуз, көркөм чыгарманын образ, мүнөз, конфликт, диалог деген сыяктуу негизги категорияларын да өздөштүргөн эмес, ошон үчүн алар тарыхый жанрдын ички табиятын билишпейт, тарыхый чыгарма жазуунун идеялык-эстетикалык принциптеринен кабары жок. Бул авторлор тарыхый жанрда узануунун түмөн түйшүгүн деле элес албай санжыраларды, уламыш, аңыздарды үстүртөн кайталап, жазып койсо эле чыгарма болуп калат деген түшүнүктө жүргөндөрү өтө өкүнүчтүү.
Бейшенбай Усубалиев болсо мындай «оңой оокатка» азгырылган жок. Жеңил-желпи авторлорго окшоп, тарыхый моданы кууган жок. Ал мурдагы калыбынан жазбай элдин турмушундагы нравалык-психологиялык кубулуштарды аңгеме, повесттеринде ичкериден терең изилдөөнү уланта берди. Индивидуалдуу мүнөзгө ээ, бири-бирине окшобогон тагдырлары бар каармандарды «Жүрөк сууга агып баратат», «Чымчыктар сайрап жатат», «Баягылар», «Кофта», «Бүгүн күн жаман ысып турат», «Свет», «Жираф», сыяктуу кийинки аңгемелеринен табабыз (Б.Усубалиев «Аңгемелер жана эсселер» Б., 2017). Же болбосо, «Бир сом» повестиндеги өзүнүн кыялы, тагдыры бар карыя, же болбосо «Ошентип, 8-мартка жөнөп калдым» повестиндеги турмушту, адамдарды жаңыдан таанып, үйрөнүп жаткан жаш журналист — ушул образдардын бардыгы жандуу, колориттүү образдар. Автор алардын жандүйнөсүн терең иликтеп, элестүү сүрөттөп, жандуу, таасирдүү образдарды, типтерди жарата алган. Ал эми «Бука» повестинде автор буканын метафоралуу образы, анын ээси Мурат аркылуу жогорку билим алып, үй-бүлө куруп, там-таш салып, жакшы кызматка көтөрүлүп, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон адамдын деградацияга учураган аянычтуу тагдыры, ага замандын тийгизген таасири ичкериден терең изилденген. Автор 90-жылдардагы саясый-социалдык, экономикалык катаклизмдерди терең изилдеп, мезгилдин күрөө тамырын кармай билген. «Бука» повестинде союз мезгилиндеги элдин беймарал жашоосу, ошол элдин байпагы макмал болгон, замандын шаан-шөкөтү, каадасы канына сиңген, ошол кой үстүндө торгой жумурткалаган заманда тарбияланып, көз карашы калыптанган муун империя кулагандан кийин каатчылык заман башталып, жумушсуз калып, бейтааныш эрежелери, каадасы дүйнө таанымы башка каардуу, кайырдин замандын босогосунда турганы, жаңы доордун өкүм мыйзамдары, катаал шарттары менен келише албаган, жаңы доорду кабыл албаган муундун трагедиясы Мураттын образдары аркылуу берилген. Повестте 90-жылдардагы каатчылык элдин кыйналган турмушу реалисттик боёктор менен сүрөттөлгөн. Каармандардын мүнөздөрү, индивидуалдык сапаттары ичкериден терең изилденип, өзгөчөлүктөрү кашкайта көрсөтүлөт. Алардын өз ара мамилелери ишенимдүү мотивировкаланат. Автор диалог курганга уста ар бир каармандардын көз карашы, мүнөзү, жандүйнөсү чебер курулган диалогдордо ачылып берилет. Төлөгөн Касымбеков, Байдылда Сарногоев, Орозбек Айтымбетов сыяктуу жазуучулар прототип болуп берген Кеке, батальону бар акын, Арашанда жашаган жазуучунун образдары табигый да, оригиналдуу да жаралган. Автор кантсе да жазуучулардын сырын жакшы билет эмеспи. Каармандар канчалык кыйналып, азап чегип жатса да, алтургай өлүп калса да аны автор сүймөнчүк менен сүрөттөйт. Повесть башынан аягына чейин гуманизм идеясына сугарылган. Азыр болсо минтип шыпшынып калат дейт: «Кирип барсам эле турат дейт зыңкыйып. Өлгөн кишини биринчи көрүшүм. Супсулуу. Өзүңөр деле билесиңер да, кийинчерээк бирдеме «кылт» эттирип коюп, бети-башы кызарып эле шумдуктай болуп баратпады беле байкушум. Эми анын бири жок. Супсулуу. Көрсө, өлгөндөн кийин киши сулуу болуп калат тура. Байкушум десе..» Минтип адамдарды сүйгөн киши гана жаза алат. Бул повестинде автор постсоветтик мезгилдеги турмушту, окуяларды терең изилдеп, жалпылаштырып, синтездеп берүү менен адам кандай заман болбосун адам бойдон калуусу керек деген философиялык идеяны окурманга ибараттаган
Аскар МЕДЕТОВ, филология илимдеринин кандидаты

Комментарийлер