АДАБИЯТКА ДА КӨҢҮЛ БУРУУГА МЕЗГИЛ ЖЕТТИ

  • 27.01.2026
  • 0

 Чыгармачыл уюмдардын республикалык форумуна карата

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин демилгеси менен бир нече этапта февраль-мартта чыгармачылдардын же жазуучу-акындардын, искусство ишмерлеринин республикалык форуму өткөрүлгөнү жатат. Форум чечендердин кезектеги жарышы болуп, дүжүр жарамазандар айтылып, ошол бойдон унутулуп калбай, ал адабиятты, искусствону жаңыча уюштуруп, жаңыча башкарып, чыгармачыл уюмдардын иштерин сапаттык жактан укумдай да болсо алга жылдырып, ал чөйрөлөрдө иштегендерге дем берүү   үчүн  ал кандай өтүшү, кандай иштер аткарылышы керек?

 Азыр коомдук турмушубуздун көп чөйрөлөрү эскилерден арылып, тартипке салынып, мамлекеттин колдоосуна, камкордугуна алынууда. Бул жагынан спортчулардын ыкыбалдары келди. Континенттик, дүйнөлүк деңгээлдерде байгелүү орундарды ээлегендер космонавттардай тосулуп алынып, аларга ошол замат батирлер, автоунаалар берилүүдө. Жоон тобуна мамлекеттен  60 миң сомдон стипендия чегерилди эле, айрым депутаттар аны да аз дешүүдө.

Стадиондор, спорттук жайлар биринин артынан экинчиси курулууда. Ырчы-бийчилерге деле ыкыбал келе баштады. Театрлардын баары оңдолуп, түздөлүп,  ондогон миллион сомдорго жабдуулар алынууда. Алсак, Ч.Айтматов атындагы орус драма театры С.Жээнбековдун убагында оңдолду эле, азыр дагы капремонттон чыгарылууда. Бирок театрдын репертуарынын, спектаклдердин сапаттары жакшырып, көрүүчүлөр көбөйдүбү? Бул өзүнчө ойлондурарлык тема. Эгерде  адашып кире калгандар болбосо эч ким деле барбаган театрлардын бирине бөлүнгөн каражаттардын жармысы көркөм, адабий сын китептерди чыгарууга бөлүнсө, ал эки-үч жылга жетмек.

          1-апрелден тартып маданият кызматкерлеринин айлыктары 50 пайызга көбөйтүлгөнү жатат. Ал жакшы, бирок “кудай берген куруттан, бизди неге унуткан?” дегендей, иштери жүрүшпөй, мамлекеттик колдоо болбой  жаткан эле жазуучулар, акындар болууда. Китептерин өздөрү чыгарышат, өздөрү сатышат. Китеп дүкөндөргө алып барышса, алар 30-40 пайыздык үстөктөрүн кошуп эки эсе кымбат кылып салышат.  Андай баалардагы китептер оңой менен өтпөйт…

Жазуучу-акындардын  жетекчилери отурган жайды жакшы билесиздер.Бир орус көпөстүн 150 жыл мурда курган тамынын экинчи кабатындагы 3-4 бөлмө. Таламай мезгилде республикабыздагы көпчүлүк чыгармачыл уюмдар өздөрүнүн офистик имараттарын, мүлктөрүн, автоунааларын сактап калышса, башкаларга акыл үйрөткөндү жакшы көргөн менен эки адамдын башын коштурганды билбеген жазмачылдар борбор калаанын так ортосундагы эки кабаттуу сүймөнчүктүү идарасын баш кылып, кафе, эс алуу үйлөрүнө чейин алдырып жиберишкен. Камчыкебиз мыйзамсыз прихватташтырылгандарды чекесинен ээлерине кайтарууда.Бирок азырынча жазуучулардын жайларына келе элек. Ага убактысы жетпей жатабы же жөөттөр ак шыбактай жымылдатып, баарын мыйзамдарга ылайык келтирип салышканбы, ал  белгисиз.

Бир сөз менен айтканда, бирикме Улуттук деп аталган менен супарасы эшек оонаган такырдай курук: башкасын айтпай эле коёлу,акын-жазуучуларга китептерин чыгарганга  колдоо көрсөткөнгө  эч нерселери жок. Канцелярдык, коммуналдык ж.б.чыгымдары да өзүнчө көйгөй.

Албетте, өлкөнүн жетекчилери жазуучу-акындарды, адабиятчыларды деле колдоп, Улуттук деп аталган биримдикти мурдагы союздагыдай болбосо да Өзбекстан менен Казакстандай кылып өнүктүргүлөрү келет, бирок биздин оюбузча, анын жетекчилерди ынандыргыдай так механизмдерин иштеп чыгып, сунуштап, аны уюштуруп, аткарып аягына чыгара тургандар болбой жатат. Ушундан улам бир факты эске түшөт. !934-жылы СССР Жазуучулар союзу уюштурулганда анын төрагалыгына чыгармачылыкка эч кандай тиешеси жок, партиялык функционер, кийин Саясий Бюрого мүчөлүккө кандидат, Москва шааркомунун 1-катчысы болуп иштеген А.С.Щербаков шайланган.  М.Шолохов, Л.Леонов баштаган жазуучулар ага нааразы болуп, И.Сталинге келишкенде, ал: “Силердин ишиңер жазыш, уюштуруу жагын эптей албайсыңар. Щербаков ал жерде көпкө турбайт, уюштуруу иштерин жолго салып берип кетет” деген. Чын эле Щербаков пайдубалын курган союз ондогон басмалары, журналдары, эс алуучу жайлары ж.б. бар империяга айланган. Союз таркаардын алдында анын жылдык таза кирешеси 700-800 миллион рублге жеткен.Ошол убакта Кыргызстандын жылдык бюджети 1,5  миллиард рубль эле.

Мурдагы мамлекеттик катчы руханий дөөлөттөр, адабий, маданий эстеликтер, ата бабалардан калган каада-салттар ж.б. жөнүндө жалындуу сөздөрдү сүйлөчү, бирок мыкты пропагандист болгон менен уюштуруу жагы көп колго алынбады. Ал эми мамлекеттик чиновник жалындуу сүйлөбөсө да жакшы уюштуруп аткарып турса, ошонун пайдасы көбүрөөк болот. Мен муну азыркы бийликтин убагында деле жазуучу-акындарга, алардын китептерин чыгарып, таркатып, калыс баалаганга жетиштүү көңүл бурулбай, мурдагыдай эле инерция менен келаткандыгынан улам жаным кейип айтып жатамын.

Эгерде улуттук деңгээлден жогору көтөрүлсө, футбол спорт гана эмес, чоң каражаттарды тартуучу, айландыруучу экономикага да  айланат. Европадагы айрым футболдук клубдардын жылдык айлантма каражаттары канчадан экенин окуп, угуп келатабыз. Бирок, спорттун калган түрлөрүнүн басымдуу көпчүлүгүнүн аудиториялары чектелүү, коомдогу ордулары  деле ошого жараша. Ал эми адабият адамдын жан дүйнөсүндөгүлөрдү, коомдогу көйгөйлөрдү ачып берүүгө багытталган. Ошон үчүн М.Горький жазуучуларды “адамдын жан дүйнөсүнүн инженерлери” деп атаган. Тийиштүү жөндөмү, жетиштүү даярдыгы бар жазуучунун же акындын илхамынан,  жан отунан жаралган  чыгарма сөзсүз белгилүү деңгээлде көркөмдүк-эстетикалык, эгерде  ой чабыты кенен жана терең болсо,тарыхый, философиялык дөөлөткө да айланышы мүмкүн. Андай чыгармалар кайсыл убакытта болбосун кызыгууларды жаратат, тандалгандарынан иргелгендеринин айрымдары улуттун рухий дөөлөттөрүнүн бир көрүнүшүнө айланып, кийинкилердин энчилеринде калышы да ыктымал. Же жазуучулар, акындар улуттун рухунун кызматкерлери  болуп саналышат. Бирок ачыгын айтуу керек, алардын иштерине бир араңжан  спорттук клубча да көңүл бурула элек. Кыргыздар адабиятты барктаган эл, ага фольклордук ж.б. мурастар далил. Мурастарды барктап, азыркыларды таштап койгон учурда анан  каяктагы руханий кайра жаралууну айтабыз?

Адабият маданияттын, искусствонун калган түрлөрүнүн параматери, диспозициясы экендиги менен айрымаланат. Жакшы кино тартып, опера жана балет коюу, спектакль көрсөтүү  үчүн анын адабий негизи болуш керек. “Дон Кихоттун” мотивинде 50гө жакын (мүмкүн, азыр ашып да кеткендир) опера, балет коюлуп, кинолор тартылган. Сүрөттөрдүн көбүнө деле адабий сюжеттер, кейипкерлер ж.б. негиз кылынып алынат. Адабият өнүксө, искусствонун калган түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да чоң таасирин тийгизерин Кыргызстанда өткөн кылымдын 60-80-жылдары көрсөттү. Же искусствонун, маданияттын башка түрлөрү үчүн адабият катализатордук, профетикалык милдеттерди аткарат. Адабий мыкты чыгармалар үч-төрт жылдан кийин эстен чыга турган  спорттун футболдон башка тигил же бул түрүндөгү  байгелүү орун эмес. Адабияттагы жетишкендиктер бери дегенде ондогон жылдарга, ары дегенде жүздөгөн жылдарга иштейт. Айрымдары улуттун рухунун гүлазыгы, сыймыгы болуп калат. Ошон үчүн мурдагы советтик мезгилде адабиятка аябагандай чоң көңүл бурулчу.”Айта берсе, арман көп” дегендей, улуттук адабиятка тийиштүү көйгөйлөрдү айта берсе түгөнбөйт. Бирок бизге азыр курулай сөздөрдүн  же арман-асиреттердин шиңгилдери эмес, конкреттүү иш-аракеттер, абалды оңдой турган жыйынтыктар керек. Кандай болгондо абал оңолот?

      Биринчиден, Президенттик администрацияга, же Мамлекеттик катчыга  караштуу атайын адабий фонду түзүлүп, анын эсебинен  үч-төрт адабий сынчы же жазуучу же жазуучулар союзу сунуш кылган кол  жазмалар китеп болуп чыгарылып, Маданият министрлиги аркылуу китепканаларга таркатылып турулуусу, авторлорго калем акы төлөнүүсү зарыл. Андай фонду жазуучулар союзунда түзүлсө тез эле түгөнбөс чыр-чатактардын, өз ара нааразылыктардын, ары-бери сүрүшүүлөрдүн  обьектисине айланып кетет.

Экинчиден, мамлекет Жазуучулар союзун азыркыдан дурусураак жай менен камсыз кылуусу, анда үстөктөрү 10-15 пайыздан ашпаган, маданият министрлиги менен жазуучулар союзуна караштуу  китеп дүкөнү ачылуусу зарыл.  Азыр  китеп дүкөндөрүнүн баардыгы жеке менчикте болгондуктан өздөрү каалагандай бааларды коюп,  алармандарды качырышууда.

         Эгерде калаанын урунттуу жерине Чынгыз Айтматов атындагы адабий борбор ачылып, жазуучунун музейи ошерге көчүрүлүп, ал жерге негизинен кыргыз тилиндеги китептерди саткан чоң китеп дүкөн, жазуучулар союзу жайгаштырылса, эң сонун болмок. Дүкөндүн  букинисттик да бөлүмү болсо, андан жакшы. Мурдагы советтик мезгилде Бишкекте  Жаш гвардия менен Чүйдүн кесилишинде  “Кыргыз китептери” деген өзүнчө дүкөн бар эле. Ал жерде жазуучу акындар окурмандар менен жолугушууларды, китептеринин бет ачарларын  өткөрүшчү. Тилекке каршы, мурда бар нерсе азыр жок болду. Бирок кайра жандандырса болот. Ал көп деле каражатты талап кылбайт.

Үчүнчүдөн, адабий сынды жандандырбаса, азыр эмнелер чыгып жатканын, алардын кайсынысын алса болорун билбей окурмандардын баштары адашып калды. Көркөм ой жүгүртүү, анcыз бир да китепти көркөм чыгарма деп атаганга болбой турганы эчак эле эстен чыккан.  Айрымдар колхоздордун чогулуштарынын токтомдорун, ата-бабалары жөнүндө икаяларды ж.б. деле том-том кылып чыгарышууда. Кимдин кызматы жогору болсо, ошолор жазгандарды дүжүрлөр мактап жаза беришет. Чыныгы адабий сындын деңгээлиндеги талдап, чечмелөөлөр жок.

ХIХ кылымдагы орус классикалык адабиятынын өнүгүү багытын В. Г.Белинский, Н.Г.Чернышевский, Н.А.Добролюбов, Д.И.Писарев сыяктуу сынчылар, жаалдуу публицисттер аныктап, мыктыларынын өзгөчөлүктөрүн  баса көрсөтүп, кемчиликтерин аёосуз сындап, адабиятты алга жылдырышкан.

Мындан башка айта тургандар да аз эмес. Бирок эртең эле кайра эстен чыга турган  жалындуу сөздөр, чакырыктар менен алек боло бербестен акын-жазуучуларды материалдык, моралдык жактардан чыгармачылыкка кызыктырып, шыктандыруунун жолдорун табуу, механизмдерин  түзүү керек. Биздин оюбузча, форумдун баардык этаптары аяктагандан кийин андагы айтылгандардын, сунуштардын негизинде адабият боюнча да  өкмөттүк тийиштүү чечимдер кабыл алынуусу зарыл. Ансыз форум деле баягы көп “иш чаралардын” бири бойдон кала берет. Эгерде чындап ошондой иштер башталса, “көч бара-бара түзөлөт” дегендей, дагы жаңы сунуштар, демилгелер чыкмак, адабият стихиялуу эмес, цивилдүү кесиптик өнүгүү жолуна түшмөк.

 

                       Папан Дүйшөнбаев, 

жазуучу, адабиятчы

Бөлүшүү

Комментарийлер