АЧЫК САБАК: КАЗАРМАНДЫН МЕКТЕБИНДЕГИ КАРМАШ

  • 05.12.2023
  • 0

Тогуз-Торо районунда кызматтан бошоп калган дене тарбия мугалими менен мектеп администрациясынын чыры Жогорку Сотко жетти.

 Облустук сот мугалимдин арызын канааттандырган

Казармандагы А.Абдраимов атындагы мектептин директору В.Кудагелдиева дене тарбия сабагынын мугалими Ш.Масировду 2023-жылдын 3-мартында ичимдик ичип алып мектепке келди деген негизде жумуштан бошоткон. Мындай чечимге макул болбогон мугалим аны райондук сотко берген. Райондук сот доо арызды колдогон эмес. Доогер апелляциялык тартипте облустук сотко кайрылган.

Облустук инстанция райондук соттун чечимин жокко чыгарып, райондук билим  берүү бөлүмүнөн жана мектептен ортоктош түрдө Ш.Масировдун пайдасына аргасыз бош жүргөн күндөр үчүн орточо айлык акы 265 миң сомдон ашык, ошондой эле жоопкерлер Тогуз-Торо райондук бөлүмүнөн жана мектептен мамлекеттин пайдасына 10450 сом өндүрүлсүн деген чечим чыгарган.

 Чырдын чоо-жайы

Биздин редакцияга Бишкек шаарына бейтапканага көрүнгөнү келген Ш.Масировдун өмүрлүк жубайы А.Кожомамбетова келип, мектепте өткөн кеңешменин, соттук коллегияларда каралган документтерди колубузга тапшырды.

Соттун материалдарына караганда, мектепте 2022-2023-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгына карата музыка, дене тарбия, көркөм өнөр, АЧД, технология бирикмесинин 3-февралдан 10-февралга чейин өтүлүүчү декадага карата ачык сабактардын графиги бекитилген. Ал графикте Ш.Масировдун качан ачык сабак өтүлөөрү белгиленген эмес. Бирок 2023-жылдын 13-февраль күнү мугалим мектеп администрациясына алдын ала билдирбестен, 9-класстын окуучуларын спорт аянтчасына алып чыгып, ачык сабак өткөн. Ошол күнү мектептин ичинде жүргөн мугалимди милиция кызматкерлери кармап, аны спирт ичимдиктерин ичкени жөнүндө күбөлөндүрүүдөн өткөрөт.

13-февралда окуяга күбө болгон үч кесиптеши айтып чыккан жана акт түзүлгөн. Бирок акты менен мугалимди тааныштырышкан эмес.

Мектеп директору В.Кудагелдиеванын сотто айтканы боюнча, мугалимди чакыртып түшүндүрмө алалы десе, ал келбей койгон экен. Ошол убакта мугалим бейтапканада жаткан экен.  Бирок ошого карабастан, директор мугалимди кызматтан бошотуп, эмгек китепчесин почта аркылуу салып жиберген.

 Ар кимдин өзүнүн чындыгы бар

Ш.Масиров мектеп жетекчисине анын орду керек болгондугуна байланыштуу кызматтан мыйзамсыз бошоп калганын айтууда.

— Мектеп директору өзүнүн буйругу менен А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун 13-февраль 2023-жылдагы курч мас абалын же психоактивдүү заттарды колдонуу фактысын аныктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүсүн жетекчиликке алуу менен, аталган мектептин дене тарбия мугалими Масиров Шайымбетти КРнын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 6 п. “б” пунктчасы менен жумуштан бошоткон. Бирок “Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалда жана алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча  медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү” жөнүндө Жобонун 21 п. ылайык, 2023-жылдын 13-февралындагы №10 сандуу психоактивдүү заттарды колдонуунун фактылары же мас абалын аныктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүү протоколу Жобонун талаптарын камтыбайт деп белгиленген облустук соттун чечиминде. Жобонун талабына ылайык, Масиров Ш. алкоголь ичсе дагы, канчалык деңгээлде соо экендиги көрсөтүлүш керек болсо, күбөлөндүрүү протоколунда ал көрсөтүлгөн эмес. Мындан тышкары, КРнын Эмгек кодексинин 147-беренесинин талабы боюнча тартиптик жана колдонулганга чейин кызматкердин жазуу жүзүндөгү түшүнүк алынууга тийиш болсо, В.Кудагелдиева Масиров Шайымбетти дене тарбия мугалимдик кызматынан бошотуп буйрук чыгарууга чейин түшүнүк албай, тартип жазасын колдонуу тартибин сактаган эмес деп соттук коллегия мыйзамга ылайык туура белгилеген, ошондой эле тартиптик жазаны колдоноордо кетирилген жоруктун оордугун, жасалган жагдайларды, доогердин өздүгүнө баа бербеген деп туура белгилеген, — дейт анын жактоочусу С. Касырбекова.

Ошол эле кезде мектеп жетекчиси облустук соттун чечимине макул болбой, Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылды. Мектеп директорунун жактоочусу Айжан Кадырованын айтымында, эмгек милдеттерин бир жолку одоно бузуу аны жумуштан бошотууга негиз болот деп Эмгек Кодексинде көрсөтүлгөн: “В.Кудагелдиеванын буйрук чыгарып жаткан аракеттеринде эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес, анткени буйрук КР Эмгек кодексинин 83-беренесинин 6-пунктунун “б” пунктчасындагы көрсөтүлгөн эмгек милдеттерди бузуулардан улам чыгарылган”.

Ошентип, эки тарап тең өз чындыгын коргоп жатат. Бирок жумуштан бошогон мугалим ушуга чейин мектепте ичимдик ичип жүргөн болсо, директор эмне үчүн аны тартипке чакырган эмес, эмне үчүн тарбия завучу Ж.Акунова бир эле учурда үч класска ачык сабак өткөнгө уруксат берген деген суроолор жоопсуз калууда. Жактоочу С.Касырбекованын айтымында, райондук сот жыйналышынын протоколуна караганда, жоопкер В.Кудагелдиеванын өтүнүчү боюнча күбө катары келген Назарматов Эрлан, Сейдалиева Уулжан жана Ташматова Нурайымдар “2023-жылдын 13-февралында болгон окуяны билбейм” деп көрсөтүшкөн.

 Кайдыгерлик

Мектеп директору менен дене тарбия мугалиминин ортосундагы чиеленген маселе жеринде чечилбей, оорлошуп Жогорку сотко чейин жеткенче Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиевдин “бириң өлүп, бириң кал” деген кайдигерлиги кимди болбосун таң калтырбай койбойт.

 Көп жылдык эмгек

Кесиптештери Ш.Масировдун көп жылдык эмгегин эске алуу керек деп анын таламын талашууда жана анын ичимдик ичип келип сабак өтөөрүн бирөө дагы айткан эмес.

Масиров Ш. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун окуп бүткөн 1982-жылдан бери 41 жыл бою Казармандагы орто мектепте дене тарбия мугалими болуп иштеди. Ал “КР билим берүүнүн отличниги”, “КР дене тарбия жана спортунун отличниги” төш белгилери менен сыйланган. Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу”, күрөш боюнча Кыргыз ССР спорт чебери, бир нече грамотасы, дипломдору бар. Тогуз-Торо энциклопедиясында анын спорттогу жетишкендиктери жазылган.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер