ААЛЫМДЫН АРНООСУНАН КИЙИНКИ СӨЗ
- 13.12.2024
- 0
Жакында Советбек Байгазиев агай: «Алыкул Осмоновдун акындык эрдиги» аттуу илимий басылмасын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунан Жогорку окуу жайларынын филология факультеттери жана мектеп мугалимдери үчүн чыгарганы Алыкултаануу илиминдеги соңку жаңы ой-толгоолорунан улам жаралганы байкалат. Башкалардын катарында менин да «Мезгил жана Алыкул» китебимден бир нече мисал келтирип, шилтеме бергени бир кубантса, «Бул эмгекти белгилүү Алыкултаануучу Памирбек Казыбаевге арнаганы» жана «Залкар Алыкултаануучу Памирбек иниме ак тилек менен!» деген колтамгасын китебине коюп бергени да терең ойго салып койду.
Чын эле ушундаймынбы деген санаркоого да чөмүлүп кеттим. Анын үстүнө улуу аалым, педагог-илимпоз, публицист жана Кыргыз эл жазуучусу Советбек Байгазиев 2018-жылы чыккан «Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси» китебине: «Памирбек Казыбаев Алыкултаануунун классиги» деп колтамгасын коюп бергенде шерденгеним эсимде. Арадан алты жыл өткөндө өзгөчө эмгегин мага арнаганы, классиктен залкарга айлантканы бир чети сыймык болсо, экинчиден чын эле ушунча эмгекти Алыкултаанууга сиңирдимби, агайдын айткандарын актап, дагы кандай аракет жасоо керек деген ой-мүдөөлөр көөдөндү көбүртүп-жабыртып жатты…
Гезит окурмандары менен Алыкулдун анык күйөрмандарына Байдыкемдин «Ашуудан берген отчету» үлгүсүндө отуз беш жыл ичинде жасалган иштерге ортоктош кылууну эп көрдүм…
Алыкултаануу ааламына чыйыр салдырткан окуя Бишкектеги №68 мектептин 1988-жылы ачылышында тасманы Чыңгыз Айтматов менен күтүүсүздөн чогуу кесип калганым жана ал мектепке Алыкул Осмонов ысымын койдуртуу демилгемдин өзүм иштеген “Кыргызстан” басмасы эл тарабынан колдоо тапканы болду. Андан кийинки демди, эргүүнү Шота менен Алыкулдун “Кош атын” 1989-жылы тартуулаган Сагынбек Ишенов ага берген.
Эң башкысы Алыкул Осмонов өз мээнети менен сатып алып, 1948-1950-жылдары жашаган үйүн сактап, коргоп, оңдоп үй-музейин негиздегениме 25 жыл өтүп, ал арада үйдүн тегерегин кеңейтип, үстүнө 2-3 кабат кошуу жөнүндөгү көп сандаган кайрылуулар шаардык ж.б. бийликтер тарабынан каралбаганы, кызыкдар жеке тараптар да убадага турбаганы өткөн тарых болуп калды. Ал эми акындын Ала-Арча көрүстөнүндөгү мүрзөсүнүн уурдалган темир тосмолорун калыбына келтирүүгө, эскирген эстелигин оңдоттурууга он жети жыл (1998-2015) кеткени биздин коомдун маданиятка мамилеси кандай деңгээлде экенин ырастагансыйт.
Ал эми 200 сомдук чыкканда кубанган менен андагы ыр тексттери оригиналдан башкача экендигин жана грамматикалык каталарын көргөзүп, кайра жаңысын чыгартканча үч жылдай мезгил кеткеничи. Дагы шүгүр, айыбына Улуттук банк «Алыкул» буклетин үч тилде Лондондон бастырып бергенине.
Чолпон-Атадагы үй-музейин Б.Асанбаев менен бирге 2009-жылы ачуунун документтик жагы, Токмок балдар үйүндө А. Осмонов менен бирге тарбияланып, кийин кыргыз элинин адабиятына, маданиятына зор эмгек сиңирген ондогон инсандардын музейин уюштуруу демилгесин Б. Сатыгулов менен 2018-жылдан бери ишке ашыруу аракети жана №8 мектепке акындын ысымы коюлуп, музей ачылышында «Алыкул үйү-борбору» коомдук бирикмесинин да үлүшү бардыгын эске алуу абзел. Акын 1950-жылы каза болгондон кийин бирге турган туугандары үйдү 1957-жылы сатып, Каптал-Арыкка айрым буюм-тайымдарын ала көчүп кетишкенден, 1996-жылга чейин ондогон кожоюндар алмашкан сайын үйдүн да сырткы көрүнүштөрү улам өзгөрүлө берген. Мисалы, чатырынын жарымы шифер, жарымы темир, ал турмак кара кагаз менен жабылып, алгачкы черепица чатыры сакталбай калган.
Алыкул Осмонов менен чогуу жашаган жээни Болотбек Садыгалиевдин көрсөтмөсүнө таянып, ички бөлмөлөрүн, терезелерин жана чатыр жабуусун кайра калыбына келтирүү үчүн Чүй облусу көптөгөн күч-аракеттерин жумшаса, башка жеке демөөрчүлөр да өз салымдарын кошту.
Ошентип, биринчи капиталдык ремонт 2001-жылы жасалса, 100-жылдык юбилейине карата кезектеги оңдоо иштери жана «Алыкулдун ыр өргөөсү» — 35 чарчы метр боз үйү темир, пластика, фанерадан курулду. Муну менен акындын өзү эле эмес, замандаштары, чыгарма каармандары ж.б. адабий-маданий окуялар, кыргыз маданиятынын соңку таанымал таланттары, белгилүү даталар боюнча да туруктуу, убактылуу көргөзмөлөр, ар кандай жолугушуулар байма-бай өткөрүлүп турган. Бирок азыркы замандагы аудиовидео жана интернет, санарип жабдууларынын зарылдыгы улам сезиле баштаганда атайын фонд түзүү максатында А.Осмоновго тийиштүү тасма ж.б. фотофономатериалдар УТРК, «Кыргызфильм» жана жеке студиялардан, архив менен акындын күйөрмандарынан чогултулганы 2024-жылы кайра реставрацияланган Алыкул үй-музейинин санариптик аудиофотофонофондунун эң башкы уюткусу болгону музей адистеринин ишин илгерилетти.
Акындын архивинен, көзү тирүү замандаштарынан, ал турмак Токмоктогу тарбиячы эжекесинин 90го таяп калган сиңдисинен 1927-жылдагы фотону алганыбыз, Зейнеп эженин Ташкенден жазган каттары, Надира Бегимдин китебине коюп берген колтамгасы, замандашы, академик К.Каракеевге 1950-жылы берген «Мой дом» китебиндеги акыркы колтамгасы, «Жолборс терисин жамынган баатырдын» 1940-жылы Казан шаарында латын тамгасында кыргыз тилинде алгачкы чыгарылган басылмасы, соңку махабаты демекчи Жамила Сулайманованын сырдуу каты акындын архивинен табылганы, замандашы Курман Кыдырбаевадан алынган фотолор, китептер, көлдөгү турмуш-тиричилигине көмөктөшкөн айтылуу «Жеңишкандын атасы» ырынын каарманы Курманбай аксакалдын тогуз коргоол тактасы, Алыкултаанууга биринчи бороз салып, акындын алгачкы чыгармалар жыйнагын түзгөн, ошол китебинин калем акысы эсебинен акындын эстелигин тургуздурткан жана Р.Кыдырбаеванын «Лирика Алыкула Осмонова» деген темада илимий даражаны коргошуна, ошол эмгегинин орус тилинде 1957-жылы жарыяланышына дем берген Шаршенбек Үмөталиев агайдын айрым эмгектери, документтери, акын түзгөн «Жаш таланттар» жыйнагына ыры киргенден улам келечектеги чыгармачыл чыйыры башталган Эргешбай Узакбаев дээрлик жарым кылымдан ашык сактап жүргөн «Кызыл Кыргызстан» газетасынын акын каза болгондогу аза макала, көңүл айтуулар жарыяланган 1950-жыл 15-декабрдагы саны, Айдай Жигиталиеванын туугандары берген портрети, студенттик кол сумкасы, дагы бир замандашы Ася Сагынбаеванын Москвадагы физкультура парадында түшкөн фотосу, Күлүйпа Кондучалованын Алыкул, Айдай, Зейнеп жөнүндөгү эскерүүсү, акынды боз улан кезинен билип, Зейнеп экөөнүн жубайлык тагдырына чын дилинен күйүп-бышкан Бурулча Элебаеванын (М.Элебаевдин жубайы) баяны, репрессия маалында Берияга кат жазып, Москвага барган акынга агалык кеңешин айтып, ал оюнан баш тарттырган Кусейин Карасаевдин маеги, «Мезгил жана Алыкулду» жазып, эскерүүлөрдү топтой баштаганымда: «Алыкулдун тууганысыңбы, мынча күйүп-бышып жүрөсүң го?! деген замандашы Саткын Сасыкбаев менен «Алыкул – 100» маараке жылында жүз жашка чыга каза тапкан курдашы, ботколошу Шайык Жамансариевдин берген фотолору, акын жана өз башынан өткөргөн репрессия каатчылыгы жөнүндөгү муңайым эскерүүлөрү, курсташы Сабира Күмүшалиеванын өрт маалында Алыкул кантип аны сактап калганы боюнча күлкүлүү баяны, — Сиз үчүн Оттелону котором дегенин унутпайм! — деп эскерген Муратбек Рыскулов педтехникум жылдарынан ынак курбусу, согуш жана эмгек ардагери, акындын ырларынын каарманы Сүйүн Керимбаев аксакалдын эскерүүлөрү мени Алыкул ааламына тарткан турмуштук жана адабий-маданий булактар болуп калганына эми ынанып, шүгүр кылып жүрөм. Кыргыздар: «Атаң өлсө да, атаңды көргөндөр өлбөсүн» дегендей, «Алыкул – 75» жана «Алыкул – 100» аралыгында акындын жогоруда аталган ж.б. замандаштары, жакын туугандары, санаалаштары менен баарлашууларды өткөргөн өмүр ирмемдерим эстен кеткис таасир-таалим бергени чыгармачыл изилдөө-иликтөөнүн а экенине курсан болом да, калып калган же ишке ашпагандарын ойлогондо, Алыкулдун: «Көпкө умтулуп, азга жетпей калсак да» деген сабы эске келе берет.
Жүз жылдыгындагы Түркияда адабий-илимий иш-чараларга катышуу, котормолорунун чыгышына көмөктөшүү болду. Бишкек менен Чолпон-Атадагы үйлөрүн сактап, музейлерин түзүүгө документтерин даярдоодон тышкары, Алыкул Осмоновдун руханий мурастарын кийинки муундарга жана эл аралык деңгээлде жайылтуу жагында да аракеттер жасалып, алардын үзүрү акырындап кайтууда.
Алардын алгылыктуусу англис тилиндеги «Ысык-Көл толкуну». Ушул эле басылма толукталып үч тилде кайра чыгарылып, анын негизинде азер, түрк, казак, өзбек тилиндеги жыйнагы жарык көрдү. Буйруса, «Алыкул – 110» (1915-2025) мааракесинде сегиз тилдеги ыр жыйнагы даярдалууда. Бул басылма да «Алыкул таануу илимий борбору» менен бирдикте чыгарылмакчы.
Айтылуу котормосу «Жолборс терисин кийген баатырдын» 1940-жылдагы басылмасын кийинки чыгарылыштарына салыштырганда көптөгөн кыскартуу, алмаштыруу ж.б. алымча-кошумчалар жасалганы, алардын негизи атеизм, интернационализмге ыксыз байланышканы баамдалды. Бул иштерге багыт берген Байтемир Асаналиев ага болсо, котормо жагын тактоодо Эрнис Турсунов аба жардамдашты. Грузин элчилиги онунчу басылышына 2024-жылы демөөрчүлүк көрсөткөндө, грузинче-кыргызча аталышын тактап, орусчасы менен да салыштыра «Жолборс теричен баатыр» аталышында, үч баатырдын сүрөтү мукабага коюлуп чыгарылды. Текстологиялык редакциялоо кандай болгондугуна алигиче кыргыз адабият таануучулары 2010-жылдан бери көңүл бурбады. Болгону бир-эки Алыкул күйөрманы гана аталышына пикирин билдирди.
Эмнеси болсо да бул котормосу акынга шумдуктуудай эргүү бергендиги жана он ирет кайра чыгарылышы менен да кыргыз эле эмес, жалпы адабияттагы өзүнчө, өзгөчө көрүнүш экендиги мезгил өткөн сайын тастыкталууда.
Соңку жылдардагы Алыкул таануучулардын алдыңкы сабында Мундузбек Тентимишев, Замир Асаналиев, Шаршенбай Ажыбеков, Бакыт Асанбаев, Низамидин Мурзаев, Жекшенбек Турусбек, Сатыгулов Болотбек, Бакыт Мырзатаева, Калыгул Бейшекеевдер келатат.
“Алыкул үйү-борборунун” демилгесинде 1998-жылы Улуттук китепкана алдына коюлган эстелиги кийин бул китепканага акындын ысмы берилишине руханий жөлөк болгону ырас.
Жогоруда аталган Ш.Үмөталиев агайдын, Р.Кыдырбаева эжекенин эмгектерин, демилгесин уланткандардын көч башындагы К.Жусупов, К.Бобулов,
С.Ишеновдордун изин улай Алыкул ысымын мектепке, кемеге ыйгартуудан тышкары, «Мезгил жана Алыкул» боюнча көркөм жана документалдык тасмалардын тартылышы М.Убукеев менен Л.Турусбекованын, С.Ишеновдун кинодогу Алыкул темасынын уланышы катары пикир жаратканы жагымдуу.
1950-жылы 19-декабрда Кыргызстан Жазуучулар Союзу тарабынан А.Осмоновдун Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлгөнү ХХ кылымдын соңуна чейин уламыш катары айтылып жүргөндүктөн, Ч.Айтматовдун колу коюлган каттын негизинде СССР Мамлекеттик сыйлыктар комитетинин Москвадагы архивинен тийиштүү тактоолорум кыргыз адабият тарыхынын актай барагын толуктады.
Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы акынга 1967-жылы ыйгарылганы менен лауреаттык төш белгиси, күбөлүгү кайда экенин изилдеп, иликтөөдөн улам 1989-жылы таап, Каптал-Арыкта 1991-жылы ачылган музейине тапшырганча 23 жыл өтүптүр.
Алыкулдун поэзия тоосунун бир кырына чыккандан кийинки ой-толгоолордон улам дагы жасала элек иштердин сомолосу, долбоору Алыкул таануунун Акбозатын дагы далай жерге чабууга жигердентип турган чагы. Мындагы негизги, башкы багыттарды Раиса Заитовна Кыдырбаеванын: – Акындын академиялык басылмаларын жаңы толуктоолор, илимий түшүндүрмөлөр менен басып чыгаруу. Орус тилиндеги котормолорун кайрадан редакциялоо, которуу. Текстологиялык иликтөө жана орусча котормолорунун тандалма жыйнагын чыгаруу. Алыкул таануунун илимий жактарына да көңүл буруу менен Совет учурундагы ар кандай конъюктуралык чен-өлчөмдөн чыкпай калган көз караштагы эмгектер негизинде жаңы адабий-илимий иликтөөлөрдү жүргүзүү — деп өзүнүн алтымыш жылдык илимий тажрыйбасына таянып, 2015-жылы айткандарына өзүбүздүн да баамдоо-толуктоолорду англис, түрк ж.б. тилдердеги котормолору, эмгектери боюнча да кошсок, Алыкул Осмоновдун чыгармачыл ооматын дагы кеңири жайылтууга, белгисиз жана унут калган жактарына жол ачылары анык.
Александр Игнатьев, Ласло Месарош, О.Мануилова, Гапар Айтиев, акын менен замандаш болсо, Аспек Бейшеев айылдаш иниси болсо, ал эми Теодор Герцен, Таалай Курманов, Сүйүтбек Төрөбеков, Виктор Шестопал, С.Ишенов, О.Молдобаев, Р.Маматкулов, М.Осмоналиев жана А.Турсункулов Алыкулдун кийинки замандагы күйөрмандар. Алардын дээрлик бардыгынын эмгектери “Алыкул үй-борборунун” фондунда бар.
Азыркы интернет, санарип замандын жетишкендиктерин колдонуу менен акынга тиешелүү басылмалардын, аудиофотофонокинолордун электрондук варианттары «Алыкул үйү-борборунун» аракетинде КР ТИМ аркылуу чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчиликтерине, диаспораларына жөнөтүлүшү үзүрлүү боло тургандыгы туюла баштады. Буйруса, 2025-жылы алп акыныбыздын руханий мурастарын Венгрияда, Кытайда чыгарууга даярдык көрүлүүдө. АКШ, Германиядагы элчиликтер ал жактагы диаспоралар менен иштөөнү колго алууда. Мында негизги басым көркөм окууга, обондуу ырларын аткарууга башка тилдерге которууга, басылмаларын чыгарууга көңүл бурулса деген ой-тилек.
Кыргызстандагы РФ, Улуу Британия жана Франция элчиликтери менен чыгармачыл байланыштын долбоор сомолосу да түзүлүүдө.
Ал эми Алыкул таануунун адабий-маданий пайдубалын түптөгөн Шаршенбек Үмөталиев агайдын жүз жылдыгын «Алыкул – 110» иш-чараларынын башкы бөлүгүнө айландырууну адабий-илимий чөйрөнүн, коомчулуктун жигердүү өкүлдөрү жана кыргыз өкмөтү эске алышы абзел. Ошондой эле Алыкул таануу боюнча алгылыктуу эмгек сиңирип, албан-субан ийгиликтерди жараткандардын мээнеттери баалана турган жана алардын жаңы муунга жол көрсөтүүчү эмгектери да жарыяланчу кез ушул экени ойго алынса ойротто жок иш болмокчу. Албетте, мында акындын элесине арналган иш-чараларды колдогон демөөрчүлөрдүн да тобу четте калбашы зарыл.
Ошентип, Советбек агайдын арноолоруна ыраазычылык билдирүү, 12-декабрь Алыкулду эскерүү жана кыргыз адабиятынын күнүнө карата, ошондой эле «Алыкул үйү-борбору» коомдук бирикмеси 25 жылдан бери акындын үйүн коомдук башталышта сактап оңдоп, коргоп, музейин түзүп келгенине, акындын ошол Бишкектеги үй-музейинин быйыл Бакудагы «Түрк маданий мурастарын колдоо» фонду менен Бишкек мэриясы тарабынан кайрадан реставрацияланышына байланыштуу жана Раиса Кыдырбаеванын академиялык кеңеши менен аяктаган макала өзүмдүн Алыкул таануудагы 35 жылдык, анын 25 жылы Бишкек менен Чолпон-Атадагы үй-музейлерин негиздөөгө, соңку 7 жылы Токмокко А.Осмонов атындагы адабий-тарыхый музейди түзүүгө аракети жөнүндө окурман журтка, Алыкулдун анык күйөрмандарына берилген отчет сыпатында жазылды.
P.S. Раиса Кыдырбаева эжекеге, Советбек Байгазиев агайга, эки залкар аалымга ыраазычылык билдирүү менен чың ден соолук жана адабият илиминдеги жаңы академиялык ачылыштарды каалаймын.
2015-жылдан кийинки мезгилдеги Алыкул таануу иштери боюнча басылма чыгаруу же тасма тартуу жагы да жагымдуу максат экени талашсыз.
Алыкулду азер тилине которгон Адил Жамил менен Памирбек Казыбаев жана КРнын азербайжандагы мурдагы элчиси Кайрат Осмоналиев
Памирбек КАЗЫБАЕВ,
Алыкул таануучу, Алыкул сыйлыгынын эки жолку лауреаты,
«Алыкул үйү-борбору» коомдук бирикмесинин жетекчиси
Комментарийлер