ААЛАМДЫН ТУТКАСЫ ТАРБИЯЧЫЛАРДЫН КОЛУНДА
- 26.06.2025
- 0
“Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 11 жылдыгына жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун 100 жылдыгына карата И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институт менен биргеликте 2025-жылдын апрель-май-июнь айларында тарбиячылар арасында республикалык деӊгээлде уюштурулган “Мыкты-тарбиячы — 2025” онлайн кароо-сынагы эки этап, беш багыт менен өткөрүлдү. Салтка айланган сынак быйыл төртүнчү ирет өткөрүлүп, республиканын бардык облустарынан иш-чарага 70 мугалим катышты. Баш байгени Жумгал районундагы “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Надира Момункулова 199 упай менен алдыга суурулуп чыгып, баалуу белектер менен сыйланды.
Педагогдордун чеберканасы
Аталган иш-чаранын КУУнун имаратында өтүп жатышы дагы бекеринен эмес. Себеби Улуттук университет өлкөбүздүн ар тармагына жогорку квалификациялуу адистерди даярдоонун чеберканасы болсо, ал эми билим берүү жаатына педагог адистерди даярдоонун башаты болуп саналат. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында массалык түрдө сабатсыздыкты жоюу үчүн алгачкы мугалимдерди, педагогдорду даярдоо ишин колго алууга карата ачылган окуу жай дагы Улуттук университет экендигине тарых барактары күбө.
Иш-чараны ачып жатып, КУУнун проректору Н.Ишекеев өсүп келе жаткан жаштарга өрнөктүү таалим-тарбия берүү менен келечегибиз кең болооруна токтолду.
— Биздин таалайыбыз да, бактыбыз да мамлекеттүүлүгүбүздө. Биз абдан бактылуу элбиз. Ааламдын, планетанын туткасы – мугалимдин, тарбиячынын колунда. Себеби педагогдор ааламды өзгөртүп коюу касиетке ээ. Билим берүү, мыкты таалим-тарбия цивилизациянын булагы. Бүгүнкү билим берүүнүн философиясы, методологиясы таптакыр башка. Биз дүйнөлүк агымдан артта калбашыбыз керек. Ошондуктан Агартуу министрлиги 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатат. Эң башкысы өсүп келаткан жаштарыбыз дүйнөлүк билим берүүнүн агымынан артта калбашы керек, — деди проректор.
Өлкөбүздүн соңку жаңы тарыхында 90-жылдардын аягы, 2000-жылдардын башында айлык акынын төмөндүгүнөн педагогдордун дээрлик көпчүлүгү башка жумуштарга, соода-сатыкка өтүп, дагы бир катары мигрант болуп чет жактарга агылып кеткендиктин айынан мугалимдик кадрлар кескин түрдө жетишсиз болуп, бала бакча, мектептер кризистик абалга тушуккан учурда И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институттун Улуттук университетте ачылгандыгы эӊ туура кадам болгондугун айгинелейт.
— Азыркы күндө Президентибиз Садыр Жапаров педагогдорду даярдоого, алардын сапатын, социалдык абалын кыйла бийик көтөрүүгө карата өзгөчө көӊүл буруп, маани берип, ар тараптан колдоп жаткан мезгили. Педагогикалык институттун жаралышы дагы дал мына ошол эски салтты улантуу менен, орто жана жогорку кесиптик билим берүү баскычтарында республиканын мектептерине, мектепке чейинки мекемелерине педагогдорду даярдоонун бирден бир жаӊыча багытын ишке ашырууга киришкен борбордун калыптанышына жол салды. Институтту мындан ары дагы дагы өнүктүрүүгө жалпы университет тарабынан олуттуу аракеттер көрүлүп жатат. Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу педагогдорго арналган “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын негизделип, учурда мугалимдердин сүйүктүү басылмасына айлангандыгын белгилеп кетүү абзел. Республикабыздагы педагогдордун аброюн көтөрүүгө, аларды даңазалоо менен, чыгармачылык жигерин арттырып, ишин жакшыртууга тарбиячылар дагы чоӊ салым кошот деген ишенем, — деди “Мугалим” журналынын башкы редактору, п.и.д., профессор Рахат Сулайманова.
Мыкты тарбиячылар — үлгү
Быйыл жалпысынан конкурска республика боюнча 80 тарбиячы катышып, анын ичинен 70 конкурсант билим сынагында өз күчтөрүн сынашты.
Сынактын максаты — чыгармачыл тарбиячыларды коомго таанытуу менен үлгү катары көрсөтүү; республикадагы мыкты тарбиячыларды топтоо, алардын тажрыйбасын “Мугалим” илимий-педагогикалык журналына чагылдыруу; тарбиячылыктын ар тараптуулугун жана кызыктуулугун арттыруу, колдоо көрсөтүүнү көздөгөн.
— Тарбиячылар үчүн ириде 35 мүнөттүк тесттик тапшырма берилди (40 упай). Анда тест тарбиячылардын жалпы кругозорун, интеллектуалдык деңгээлин, билим сапатын жана дүйнө таанымын баалоо максатында алдык. Кийинки этаптарда “Stem – менин сабагымда” видео-сабакта тарбиячы окуткан тайпасы менен видеосабагын даярдап, өзүнүн ютуб каналына жүктөп, шилтемесин белгиленген мөөнөткө чейин жөнөтүп турушту. Кечиккен жумуштар 1ден 5упайга чейин төмөн бааланды. Эӊ мыкты алты видеосабак “Мыкты STEM-сабак”, “Мыкты STEAM- сабак”, “Мыкты STREAM-сабак” наамына татыктуу болушту. Мындан сырткары электрондук портфолионун шилтемеси же электрондук варианты уюштуруу тобуна жиберилди. Үч тарбиячыга “Креативдүү электрондук портфолио” же “Жаӊычыл электрондук портфолио”, “Санарип электрондук портфолио” наамы ыйгарылды. Ошондой эле тапшырмалардын катарында педагогикалык кырдаал, педагогика-психология, тарбиячылык боюнча тесттик тапшырма, китеп окуу жана ошол китеп боюнча тесттик тапшырмалар да кирген. Сынактын өзгөчөлүгү – биринчиден, онлайн, экинчиден, бир дагы жетекчи сынактын жүрүшүнө кийлигишпейт, баары адилеттүү, таза өтөт, — дейт уюштуруучулардын бири Сапаргүл Добутова.
Кимдер алдыга чыкты?
Баш байгени Жумгал районундагы “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Надира Момункулова жеңип алып, “Мыкты тарбиячы — 2025” наамы ыйгарылып, диплом, “Мугалим” төш белгиси, статуэтка менен сыйланды. Ошондой эле Ж.Баласагындын беш томдук энциклопедиясы, 150 доллар тапшырылды.
Жеӊүүчү «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын «Мугалимдин имиджи» рубрикасына чагылдырылат.
1-орунду Нарын шаарындагы №18 “Ак дил” балдар бакчасынын тарбиячысы Бермет Кененбаева камсыздады. 2-орунга Жети-Өгүз районундагы Бүбүкан Алымбаева атындагы “Сезим” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Кызылгүл Асанкадырова менен Жумгал районундагы №2 “Келечек”мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Нургуль Мекишовалар чыгышты. 3-орунга Нарын шаарындагы №1 Ататүрк мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Жаӊыл Абдырахманова; Нарын районундагы “Умсунай-Апа” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Нуркыз Жыргалбек кызы; Лейлек районундагы «Керемет Голбо» мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тарбиячысы Шайыргуль Кочкорова жана Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу №172 “Арген” бала бакчасы мамлекеттик мекемесинин тарбиячысы Айгерим Өмүрбек кызы татыктуу болушту.
Иш-чарага катышкандардын баары кур кеткен жок. Номинациянын жеңүүчүлөрү, активдүү катышкандар демөөрчүлөрдүн, коомдук уюмдардын да сыйлыктарына татыктуу болушту.
Мугалимдерди, тарбиячыларды ишке кызыктырып, шыктандырууда “Мугалим” журналы он бир жылдан бери эбегейсиз иштерди аткарып келатканын коомчулук жакшы билет. Бул жолу дагы тарбиячылардын көңүлүн көтөрүп, сыйлыктардан сырткары руханий дүйнөсүнө азык катары эл артисттери, эмгек сиңирген артисттер ыр майрамын тартуулашты.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер