ААЛАМДЫ ТЕРМЕТКЕН АТ-БАШЫНЫН АСЫЛДАРЫ
- 21.10.2026
- 0
Ат-Башы районунда КР Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында райондук Аялдар кеңешинин I форуму болуп өттү. 200дөн ашуун ар тармактын мыктылары, коомдук ишмерлер, агартуучулар жана маданият чеберлери чогулган бул салмактуу жыйын – азыркы коомдогу эненин ролун, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана улуттук идеологияны кайрадан аңдап-билүүгө жасалган зор кадам болду. Форум бир эле өлкөбүздөгү чыгаан аялзаттарды эмес, Англияны, Россияны, Казакстанды ж.б. алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерди багындырып жүргөн ишкер, ишмер атбашылык айымдардын башын бириктирди.

Аялзаты – коомдун жана мамлекеттин тиреги
Кыргыз элинде «Ата – үйдүн түндүгү, эне – коломтонун ээси» деген улуу түшүнүк бар. Башкы чындык ушунда: аял – үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй коомдун тиреги жана тарбия берип жаткан эң улуу институту. Эгерде эркек бузулса, бир чарба, бир үй-бүлө жабыркашы мүмкүн. Ал эми аял затынын нарк-насили жоголсо, аалам, коом бузулат. Эненин тили, дили жана таалим-тарбиясы аркылуу гана улут өзүнүн баалуулуктарын муундан-муунга өткөрүп келе алат.
Бүгүнкү глобалдашуу жана маалыматтык чабуул заманында апалардын мойнундагы жүк мурдагыдан да оорлоду. Анткени бала тарбиясы үй-бүлөдөн башталат. Форумда дал ушул маселе кеңири талкууланып, аялзатынын ролун бекемдөө – келечекти сактап калуунун бирден-бир жолу экендиги баса белгиленди.
Телефонго байланган балалык жана улуттук тил көйгөйү
Бүгүнкү күндө коомдогу эң орчундуу жана кооптуу маселелердин бири – баланы туура тамактандыруу, дени сак жашоого багыттоо жана эң башкысы, өз эне тилинде сүйлөтүү болуп жатат. Азыркы апалар телефон, интернет деген түйшүк менен күрөшүүгө мажбур. Форумда айтылгандай, Чоң-Алайда же Ат-Башыда жашаган кичинекей баланын тили кыргызча эмес, орус же кытай тилинде чыгып жатканы – улуттук трагедия. Бала ыйлабасын деп колуна смартфонду карматып коюп, түйшүктөн качуу – келечекке жасалган кыянаттык.

«Атасы жаман болсо – аста-аста оңолор, энеси жаман болсо – эч качан оңолбойт» дейт кыргыз. Баланын тилин да, дилин да, салт-санаасын да эне калыптандырат. Күнүмдүк чарбада 2 бөлмөнүн ичинде эле 3000 чакырым басып, бир чыны чайга убакыт таппай жүгүргөн энелердин түйшүгү түмөн экени чын. Бирок канчалык түйшүктүү болбосун, наркты, эне тилди, таалим-тарбияны сактап калуу – апалардын эң биринчи ыйык милдети.
Төркүндүн төрү, элдин наркы жана баатырлар тарыхы
Форумдун жүрүшүндө чакырылган меймандар жана бийлик өкүлдөрү кыргыз аялзатынын тарыхтагы жана бүгүнкү күндөгү орду тууралуу терең ойлорун ортого салышты.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Шербаев мындай деди: «Ат-Башы районунун Аялдар кеңешинин 1-форумунун негизги максаты – Президентибиздин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу Жарлыгынын алкагында кеңешип, кадам таштоо. Социалдык зордук-зомбулук, ажырашуулардын көбөйүшү – бул биздин улуттук идеологиябызга тийген сокку. Биз СССР учурунда таанылган, өз кесибинин мыктылары болгон аялдарыбыздын тажрыйбасын угуп, багыт алышыбыз керек. Кыргыз эли – улуу эл. Баатырлыгын, акылмандыгын Акыл Карачач, Жаңыл Мырза, Кыз Сайкалдан көрсөк, кеменгерлигин Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк апалар көрсөткөн. Ушундай улуу эл жаңы дем менен сөзсүз бийиктикке жетет».

Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары — саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаевдин таасирдүү сөзү форумдун катышуучуларын кайдигер калтырган жок: «Президентибиздин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыктарын улай “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” программасы – кыргыз элинин ынтымагын, биримдигин түптөөгө багытталган. Аялзаттын бактысы тоодой – кыз бала канча жашка чыкпасын, төркүнгө келгенде төргө өтөт. Элечекти төркүнү эмес, кайын журту кийгизет, ал эми кызды туура багытка салуу – энелердин милдети. «Тулпарды бээ тууйт, баатырды эне тууйт». Эгерде чарбабыз, илимибиз өнүгүп, бирок таалим-тарбиябыз жок болсо, баары бекер. Кырдаалга кайрадан сереп салып, салт-санаабыздын, өнөрүбүздүн автору болгон апаларыбызды бириктиришибиз керек. Кошой ата калкалап калган, балбандар чыккан ыйык Ат-Башыдан кайрадан улуттун баалуулуктары жаралышы шарт».

Форумдун жыйынтыгы жана келечекке кадам
Ат-Башыда өткөн жыйын жалаң гана сөз түрүндө калбастан, практикалык жана маданий багыттарды да камтыды. Ар кайсы аймактардан келген 200гө жакын аялзаты өндүрүш, шырдакчылык, саймачылык, үй-бүлөлүк баалуулуктар жана туура тамактануу боюнча тажрыйба алмашты.
Жыйындын алкагында ар тармакта ийгилик жаратып келген айымдар райондук, облустук сыйлыктарга ээ болушту. Өзгөчө сыймыктуу учур катары КР эл артисти, сүрөткерлик жана адамдык касиети менен эл оозуна алынган Гүлсара Ажибековага Ат-Башы районунун «Ардактуу атуулу» наамы тапшырылды.


Гүлсара Ажибекова эжекебиз наамды алып жатып, мындай деди: «Төркүнүмө келип, өмүрүмдүн булагына, башатына кайткандай болдум. Чоң энемдин койнунда жатып чоңойгон күндөрүм, анын өзгөчө жыты – менин адамдык жана чыгармачыл кутумду, гениме кирген түптүү уюткумду калыптандырган. Балалык кезим – баа жеткис казынам».
Ал эми мугалимдердин кадырлуу республикалык «Кут Билим» гезитинин мектептер бөлүмүнүн башчысы катары мен (Гүлнара Алыбаева) Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйландым.

Форумдун жүрүшүндө мага билим берип, уядан учурган сүйүктүү мугалимдерим менен көрүшүп, кенен-кесири маектештик. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Калича Мусаева жана Шайгүл Өмүракунова эжейлер форумга келген канатташ окуучулары менен сыймыктанып жатышканын өзгөчө белгилешти. Ошондой эле белгилүү окумуштуулар Назгүл жана Нургүл Иманбердиевалар дагы биздин мектептин бүтүрүүчүлөрү экени белгилүү болду.


Кыскасы, иш-чара Ат-Башыдан чыккан белгилүү кыздардын башын бириктирген мазмундуу форум болгонун катышуучулар ушул күнгө чейин атайын түзүлгөн WhatsApp тайпасында кубануу менен жазып жатышат. Ал эми форумдун уюштуруучусу, Нарын облустук Аялдар кеңешинин төрайымы Ырыс Муканбетова мындай деди: «Форумдун башкы максаты – Президенттин жарлыгынын алкагында Ат-Башыбыздан чыккан чыгаан эжелердин башын бириктирип, кереметтүү районубуздун, демек, бүтүндөй мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошуу. Программада каада-салт, улуттук тамак-аш, үй-бүлө маселеси толугу менен камтылды».

Сөз соңу
Форум Ат-Башыдан башталып, эртең өлкөнүн ар бир районунда уланары белгилүү болду. Туруктуулук, экономикалык өнүгүү жана коомдогу тынчтык – эң оболу үй-бүлөдөгү ынтымактан жана эненин туура тарбиясынан башталат.
Ат-Башынын ак элечек энелери, нускалуу жеңелери жана акылман кыздары дагы бир ирет далилдегендей: наркты сактаган, эне тилди кадырлаган жана баласын туура багытка салган эл гана дүйнөлүк бийиктиктерди багынта алат. Улуттун учугу үзүлбөсүн, энелерибиз аман болсун!
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)