80-ОРУН — ЖЕҢИЛҮҮБҮ ЖЕ ЖАҢЫ БАШТАЛЫШПЫ?
- 15.09.2026
- 0
PISA-2025: жыйынтыкты сан менен эмес, өзгөрүүнүн логикасы менен окуу
Билим берүү — коомдун бүгүнкү абалын гана эмес, анын эртеңки жүзүн аныктаган стратегиялык тармак. Ошондуктан билим берүүнүн сапаты тууралуу сөз болгондо, бир эле статистикалык көрсөткүчкө таянып жыйынтык чыгаруу илимий жактан да, коомдук жоопкерчилик жагынан да туура эмес. Билим берүү системасын баалоо — көп факторлуу, көп өлчөмдүү жана узак мөөнөттүү процессти талап кылган татаал маселе экендиги баарыбызга белгилүү.
Акыркы мезгилде коомчулукта PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыгына байланыштуу ар кандай пикирлер айтылууда. Өткөн жылы Кыргызстан PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышып, 91 өлкөнүнүн ичинен 80-орунду ээледи. Бул санды көрүп, «демек, биздин билим берүүбүз начар экен» деген тыянак чыгаргандар да бар. Мындай реакцияны түшүнүүгө да болот. Бирок маселенин маңызы рейтингдин өзүндө гана эмес, ошол рейтингдин артында турган көрсөткүчтөрдө, туруктуу динамикалык өсүштүн бар экендигинде жатат.
80-орунду жогорку көрсөткүч деп айтууга да болбойт. Бизде аткарыла турган иштер арбын, башкача айтканда изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанга билим берүүнү ар тараптуу талдоого багыт берип, ал боюнча конструктивдүү иш чараларды иштеп чыгууга түрткү берди. Бирок, бул жыйынтыкты «билим берүү системабыз толугу менен начар» деген бүтүмгө айлантуу да адилетсиз. Анткени, PISAнын иликтөөсү бизге бир гана рейтингди эмес, окуучулардын функционалдык сабаттуулугунун абалын, алган билимдерин жашоонун ар кандай кырдаалдарында, ар кандай контексте колдоно алуу жөндөмдүүлүгүн жана анын өзгөрүү багытын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
PISA – жөн гана сынак эмес, билим берүүнүн күзгүсү.
PISA – Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (OECD) жүргүзгөн эл аралык баалоо программасы. Анын өзгөчөлүгү — 15 жаштагы окуучулардын жөн гана мектепте жаттап калган маалыматын текшербестен, билимди реалдуу турмуштук кырдаалдарда колдоно билүүсүнө басым жасагандыгында.
Мисалы, математикада окуучуга кадимки эле формуланы жаттап алуу жетишсиз. Ошол формуланы реалдуу маселени чечүүдө пайдалана алабы, үй-бүлөлүк бюджетти эсептөөдө, товарлардын баасын салыштырууда, графикти талдоодо же чыныгы көйгөйдү чечүүдө колдоно алабы — бул башка деңгээл. Окуу сабаттуулугунда да текстти окуп коюу жетишсиз: окуучу өзүнө керектүү маалыматты таап, салыштырып, талдап, далилдүү жыйынтык чыгара алышы керек.
Демек, PISAнын (философиясы) негизги суроосу — «эмнени билесиң?» деген суроону «билгениңди кайда жана кантип колдоно аласың?» деген суроо менен толуктоо. XXI кылымдын билимдүү адамы үчүн дал ушул функционалдык сабаттуулук өзгөчө мааниге ээ.
Кыргызстан кайрадан эл аралык билим мейкиндигинде эмнеге жетишти?
Кыргызстандын PISA-2025ке катышуусунун өзү эле маанилүү окуя. Өлкөбүз 16 жылдык тыныгуудан кийин бул эл аралык изилдөөгө кайрадан катышты. Бул аралыкта билим берүүнүн максаты, мазмуну, санариптик-технологиялык чөйрө, маалыматтык мейкиндик жана окуучулардын маалымат менен иштөө маданияты олуттуу өзгөрдү.
Эң көңүл бурууга арзый турган жагдай — үч багыттын тең көрсөткүчүндө 2006 жана 2009-жылдардагы жыйынтыктарга салыштырмалуу статистикалык маанилүү өсүштүн болушу.
Демек, жыйынтыкты бир гана «80» деген сан аркылуу эмес, окуучулардын функционалдык сабаттуулугундагы өзгөрүүнү да көрө билсек жакшы болмок.
PISA бул билим берүү системасын салыштыруунун инструменти. Анын эң чоң баалуулугу — билим берүү системасына “акыркы өкүмдү” чыгарбайт, жөн гана диагностика жүргүзөт. Медицинадагы анализди элестетели: анализ организмдеги кайсы көрсөткүч көңүл бурууну талап кылаарын көрсөтөт. Бирок анализдин өзү адамдын келечегине өкүм чыгарбайт; тескерисинче, кийинки кадамды тандоого негиз болуп берет.
PISAны да ушундай кабыл алуу керек. Ал «Кыргызстан азыр кайсы деңгээлде турат?», «Кандай көйгөйлөр бар?», «Алдыда эмнелерди өзгөртүү керек?» деген суроолорго жооп издегенге мүмкүнчүлүк берет. 
Мугалим үчүн да PISA — кесиптик өнүгүүнүн мектеби болуп эсептелет.
PISAнын айланасында жүргүзүлгөн иштер, ар кандай темадагы өтүлгөн окуулар, тренингдер мугалимдердин кесиптик потенциалын жогорулатууга түрткү берди. Мисал катары 2025-жылга чейин башталгыч класстардын мугалимдери үчүн өтүлгөн «Бирге окуйбуз» «Келгиле окуйбуз!», «Окуу керемет!», жана STEM предметтеринин мугалимдери үчүн “PISA компетенцияларын калыптандыруу аркылуу окуучулардын табигый-илимий сабаттуулугун жогорулатуу” деген билим берүү долбоорлорунун таасири чоң деп эсептейм. Бул окуулардан Кыргызстан боюнча миңдеген мугалимдер билим алышып, компетенттүүлүккө багытталган тапшырмаларды түзүү, деңгээлдик тапшырма, суроолорду колдонуу, предметтер аралык байланыштарды күчөтүү, сынчыл ой жүгүртүүнү жана көйгөйдү чечүү көндүмдөрүн өнүктүрүү сыяктуу ыкмалар менен таанышышып, кесиптик чеберчилигин арттыра алышты. Демек , бул да өз кезегинде PISA иликтөөсүндө окуучулардын билим сапатына түздөн-түз таасир берди деп айтсак жаңылышпайбыз.
Бүгүнкү окуучу маалымат өтө көп болгон коомдо жашайт. Анын алдында даяр жоопторго караганда көп суроолор турат. Демек, мугалимдин милдети — жоопту жаттатуу менен чектелбестен, туура суроо коюуга жана негиздүү жооп табууга үйрөтүү.
Эмне үчүн коомдо «билим сапаты өтө начар» деген түшүнүк күчтүү?
Коомдун сын-пикирин четке кагууга болбойт. Ата-эне мектептеги көйгөйдү баласы аркылуу көрөт. Мугалим класстагы реалдуу абалды билет. Жогорку окуу жайлар мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн даярдыгындагы боштуктарды сезет. Иш берүүчү жаш адистин практикалык көндүмүнө баа берет.
Бирок күнүмдүк тажрыйба менен эл аралык системалык изилдөө бир эле нерсени өлчөбөйт. Ошондуктан биринин жыйынтыгын экинчисинин ордуна коюу туура эмес.
Бир мектепте олимпиададан жеңген окуучулар болушу мүмкүн, ошол эле учурда базалык көндүмдөрү жетишсиз балдар да кездешет. Демек, бир нече мисал бүтүндөй системанын илимий портретин түзбөйт. PISAнын баалуулугу — белгилүү жаш курактагы окуучулардын кеңири катмарынын функционалдык компетенцияларын системалуу салыштырууга аракет кылгандыгында.
«Жаман эмес» деген баа эмнени билдирет?
Кыргызстандын 80-орунда турушун «жаман эмес көрсөткүч» деп атап, көйгөйлөрдү жашыруунун зарылдыгы жок. Тескерисинче, коомго так жана тең салмактуу маалымат берүү маанилүү.
«Жаман эмес» деген сөз бул жерде динамикалык мааниде колдонулат: бизде олуттуу көйгөйлөр бар, бирок өсүштүн белгилери да бар; аларды өлчөөгө мүмкүнчүлүк берген инструмент да бар; дүйнөлүк билим мейкиндигинде алдыда турган өлкөлөргө жетүүгө тийишпиз, ошого жараша өзгөрүүнүн багытын аныктоого негиз болгон зарыл маалыматтарга ээ болдук.
Билим берүүдө өлкөлөрдү бири-бири менен салыштыруу маанилүү. Бирок андан кем эмес маанилүү салыштыруу — өзүбүздүн кечээки жана бүгүнкү көрсөткүчтөрүн салыштыруу.
PISA биз үчүн чоң сабак. Биринчиси — билимди жаттоо жетишсиз. Билимдин коомдук баалуулугу аны колдонууда көрүнөт.
Экинчиси — билим сапатын эмоция менен эмес, далил жана маалымат менен талкуулоо зарыл. «Баары начар» же «баары жакшы» деген эки чектен тең алыс болуу керек.
Үчүнчүсү — реформа узак мөөнөттүү процесс. Бир нече жылда билим берүү системасынын бардык көйгөйүн чечүү мүмкүн эмес. Бирок туура багыт, туруктуу саясат, кесипкөй мугалим жана сапаттуу окуу чөйрөсү болгондо гана билимдин сапатын же көрсөткүчтү өзгөртүүгө болот. 
Жыйынтыктап айтсак, 80-орун бул биз үчүн акыркы чек болбошу керек, болбойт дагы! Ал билим берүүдө жол көрсөткөн багыт.
PISA-2025тин жыйынтыгын бир эле санга сыйдыруу мүмкүн эмес. 80-орун биздин үч негизги багытта өсүштүн белгилери бар экендигине карабай, билим берүү системабызда чечиле турган маселелер жана көйгөйлөр бар экенин көрсөтөт. Эң негизгиси — биз өзүбүздүн күчтүү жана алсыз жактарыбызды өлчөөгө мүмкүнчүлүк алдык.
Билим берүү системасы үчүн эң коркунучтуу нерсе өзгөрүүгө аракет кылбоо. Ал эми бүгүн бизде өлчөө бар, салыштыруу бар, талдоо үчүн маалымат бар. Демек, өзгөрүүгө негиз да бар.
PISA бизге медаль эмес, күзгү карматты. Күзгүдөн кемчиликти көрүп оңдоого киришүү – негизги жол, аны ишке ашыруу мамлекеттин, мектептин, мугалимдин, ата-эненин жана бүтүндөй коомдун орток милдети.
Ош билим берүү институту
Т.Дубанаева