5E МОДЕЛИ: ФОРМАБЫ ЖЕ ЧЫНЫГЫ ОКУТУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫБЫ?
- 15.09.2026
- 0
Сабактын планында беш сөз турат: Engage, Explore, Explain, Elaborate, Evaluate. Кыргызча айтканда — кызыктыруу, изилдөө, түшүндүрүү, тереңдетүү, баалоо. Баары ордунда. План толук. Сабактын структурасы талапка жооп берет.
Бирок бир суроо тынчтык бербейт: ушул беш кадам окуучунун чындап үйрөнүшүнө жетиштүүбү?
Кээде мугалим 5Eнин бардык баскычтарын аткарат, бирок сабак бүткөндө окуучу мурдагыдай эле пассивдүү бойдон калат. «Кызыктыруу» үчүн сүрөт көрсөтүлөт, «изилдөөдө» даяр тапшырма аткарылат, «түшүндүрүүдө» мугалим сүйлөйт, «тереңдетүүдө» дагы бир көнүгүү берилет, акырында тест алынат. Кагаз жүзүндө — 5E. Класста болсо — баягы эле мугалим сүйлөгөн, окуучу уккан сабак.
Демек, маселе 5Eде эмес. Маселе — биз методду технологиянын сырткы формасына айландырып алганыбызда. 5Eнин күчү беш аталышта эмес, анын артындагы окутуу логикасында: окуучу адегенде даяр жоопту албайт. Ал суроого туш болот, бир нерсени байкайт, божомол кылат, издейт, ката кетирет, өз оюн өзгөртөт — анан гана түшүндүрүүгө муктаж болот. Мына ушул логика сакталганда гана 5E чыныгы окутуу технологиясына айланат.
Окуучу жоопту эмес, суроону издей баштаганда
Көп сабактарда мугалимдин негизги милдети — туура маалыматты туура убакта айтып берүү катары кабыл алынат. Мисалы, информатика сабагында «for циклин» өтүп жатабыз дейли. Мугалим тактага синтаксисин жазат, эрежесин түшүндүрөт, бир-эки мисал көрсөтөт. Окуучулар ошол үлгүнү кайталап жазышат. Баары түшүнүктүү көрүнөт.
Бирок окуучу мугалимдин мисалынан сырткары жаңы тапшырма менен беттешкенде эмне болот? Эгер ал «for циклин кандай жазам?» деген суроого гана жооп жаттаган болсо — кыйналат. Эгер «эмне үчүн цикл керек?» деген маселени түшүнгөн болсо — жаңы кырдаалда да чечим таба алат.
Engage — кызыктыруу деген жөн гана кооз сүрөт же видео көрсөтүү эмес. Окуучуда «Муну кантип чечсе болот?» деген ички суроо жаралышы керек. Мисалы, «Эмне үчүн айрым өсүмдүктөр күн тийген жакка карай өсөт?» деген түз суроонун ордуна, мындай кырдаал түзсө болот:
«Силер класста эки бирдей өсүмдүк өстүрдүңөр дейли. Бирин терезенин жанына, экинчисин караңгы бурчка койдуңар. Бир нече күндөн кийин алардын өсүшүндө кандай айырма болушу мүмкүн? Бул айырма эмнеден пайда болот?»
Мына ошондо өсүмдүктүн жарыкка болгон муктаждыгы жөн гана жатталуучу маалымат болбой калат — ал окуучулар өздөрү изилдеп, далилдөөгө аракет кылган көйгөйгө айланат.
Explore — мугалим унчукпай турган учур
5Eнин эң маанилүү, бирок эң көп бузулган баскычы — Explore, башкача айтканда изилдөө. Биздин мектеп практикасында мугалимдин көп сүйлөшү «жакшы сабак» катары кабыл алынып келген: мугалим түшүндүрөт, окуучу угат; мугалим мисал келтирет, окуучу жазат.
5Eнин логикасында болсо мугалим кээде атайын унчукпай турушу керек. Окуучуга көйгөй берилет. Ал өз алдынча же топ менен аракет кылат, ар кандай жолду сынайт, ката кетирет, талашат, суроо берет. Мугалимдин ролу мында жоголбойт — тескерисинче, анын кесипкөйлүгү көбүрөөк көрүнөт: ал ар бир окуучуга даяр жооп айтып бербестен, туура суроо бере алат.
- «Эмнеге мындай болду?»
- «Башка жол менен аракет кылып көрсөңөр эмне болот?»
- «Силердин божомолуңарды эмне далилдейт?»
Мындай мугалим маалымат таратуучу эмес, ой жүгүртүүнү уюштуруучу болуп калат. Бирок бул үчүн ал сабактагы абсолюттук көзөмөлдөн бир аз баш тартышы керек — бул оңой эмес. Анткени окуучуга эркиндик бергенде сабак «башаламан» көрүнүшү мүмкүн: бирөө туура эмес жооп берет, экинчиси башка жол сунуштайт, үчүнчүсү такыр унчукпайт. Мына ушул башаламандык — туура уюштурулса — окуунун табигый бөлүгү.
Explain — жоопту мугалим гана айтпашы керек
Explain — түшүндүрүү баскычы. Бирок маанилүү айырма бар: түшүндүрүүнү биринчи болуп дайыма мугалим баштабашы керек. Алгач окуучунун өзүнүн байкоосу, божомолу, далили угулушу керек, андан кийин гана мугалим илимий түшүнүктү тактап берет.
Мисалы, окуучулар бир нече программаны сынап көрүп, белгилүү бир мыйзам ченемдүүлүктү байкады дейли. Эми мугалим ошол байкоону информатикадагы конкреттүү түшүнүк менен байланыштырат. Ошондо жаңы билим окуучуга сырттан «жүктөлгөн» маалымат эмес, анын өз изденүүсүнө берилген так жооп болуп калат. Мугалимдин түшүндүрүүсү азайганы эмес, өз ордун тапканы — бул маанилүү педагогикалык айырма.
Elaborate — «дагы бир тапшырма» эмес
Elaborate — үйрөнгөндү жаңы кырдаалда колдонуу жана тереңдетүү. Бул жерде кеңири жаңылыштык бар: мугалим «Эми дагы беш мисал иштейбиз» дейт, бирок беш мисалдын баары мурункунун көчүрмөсү болсо — бул тереңдетүү эмес, кайталоо.
Тереңдетүү үчүн окуучу жаңы контекстке өтүшү керек. Мисалы, циклдин түзүлүшүн үйрөнгөн окуучуга даяр кодду кайра-кайра жаздыруунун ордуна: «Мектептин китепканасында 500 китептин ичинен белгилүү бир автордун китептерин табуучу жөнөкөй программа кандай иштемек?» деген маселе сунушталса, окуучу алган билимин башка кырдаалга которууга аракет кылат. Мына ошондо билим көндүмгө айлана баштайт.
Evaluate — тест менен бүтпөйт
Биз баалоону көп учурда сабактын акыркы беш мүнөтүнө камап коёбуз: тест, баа, журнал. Бирок 5Eнин духунда баалоо бүт сабактын ичинде жүрөт — мугалим окуучунун кандай ой жүгүрткөнүн байкайт, суроосун угат, түшүнбөй калган жерин аныктайт, ката кетиргенде эмне себептен жаңылганын көрөт.
«Туура жооп бердиби?» деген суроо менен эле чектелбестен, «Кантип ушундай жыйынтыкка келди?» деген суроо маанилүү. Анткени эки окуучу бирдей туура жооп бериши мүмкүн — бирөө түшүнүп чечти, экинчиси жаттап алган алгоритм менен келди. Экөөнө тең бирдей баа берүү окуунун сапатын толук көрсөтпөйт.
Бизде 5E качан формага айланат?
Эгер мугалим сабактын планын толтуруу үчүн гана беш баскычты жазса — 5E форма болуп калат. «Engage» бөлүгүнө видео кошуу милдет катары кабыл алынса, «Explore» дегенге «окуучулар топ менен иштешет» деп жазып коюу жетиштүү деп эсептелсе, «Evaluate» сөзү тестке теңелсе — бул да форма.
Кыскасы: эгер окуучунун суроосу, изилдөөсү, катасы, далили жана жаңы кырдаалда колдонушу жок болсо, анда 5Eнин аты гана бар. Мындай учурда биз методиканы колдонбойбуз — биз методиканын отчетун жасайбыз.
Бул билим берүү реформаларындагы эң чоң коркунучтардын бири: жаңы ыкма келет, мугалимдер семинарга катышат, терминдер үйрөтүлөт, план үлгүлөрү берилет — андан кийин ошол үлгүлөр жөн гана толтурулат. Класстагы мамиле өзгөрбөсө, реформа кагазда гана жашайт.
5E мугалимди жеңилдетпейт, тескерисинче талапты күчөтөт
5Eни «мугалим аз иштейт, окуучу көп иштейт» деген жөнөкөй формула менен түшүнүү да туура эмес. Чыныгы 5E сабакка даярдануу жагынан мугалимден көбүрөөк кесипкөйлүктү талап кылат.
Даяр жооп менен сабак өтүү оңой. Ал эми окуучуга жакшы проблема түзүү, кызыктуу суроо табуу, ар кандай жоопторду алдын ала болжолдоо, окуучунун катасын дароо оңдобой аны ой жүгүртүүгө түртүү — булардын баары чоң педагогикалык чеберчиликти талап кылат. Мурда мугалим «эмнени айтам?» деп ойлонсо, эми «окуучу эмнени өзү ачат?» деп ойлонууга аргасыз болот.
Кыргыз мектеби үчүн эмнени өзгөртүү керек?
- Планды эмес, окуучунун иш-аракетин борборго коюу. Планда беш баскычтын аталышы барбы дегенден мурда, окуучу кайсы учурда ойлонот, изилдейт, талашат, далилдейт жана колдонот — ушул суроо турушу керек.
- Даяр шаблонду көбөйтпөй, сабакты долбоорлоо көндүмүн үйрөтүү. Бир эле 5E формасын жүз мугалимге таратуу жүз сапаттуу сабак дегенди билдирбейт.
- Класстын реалдуу шартын эске алуу. Айыл мектебинде интернет начар, окуучу көп, компьютер жетишсиз болушу мүмкүн. 5E сөзсүз кымбат технологияны талап кылбайт — изилдөө кээде бир сүрөт, бир буюм, бир суроо же жөнөкөй турмуштук кырдаал менен башталат.
- Мугалимдин «унчукпай туруу» маданиятын өнүктүрүү. Окуучу ойлонуп жатканда дароо жоопту айтып салуу — жардам берүү эмес. Кээде эң жакшы педагогикалык жардам — туура суроону берип, жоопту окуучунун өзүнө таптырууга шарт түзүү.
- Баалоону акыркы тесттен чыгаруу. Окуучунун ой жүгүртүүсү, далили, аракетинин логикасы жана билимди жаңы кырдаалда колдонушу да бааланууга тийиш.
Чыныгы суроо
5Eнин келечеги анын аталышында эмес. Биз «5E колдондук» деп отчет бере алабыз. Бирок чыныгы суроо башка: 5E колдонгондон кийин окуучу кандай өзгөрдү?
Ал көбүрөөк суроо бере баштадыбы? Өз алдынча чечим издейби? Ката кетирүүдөн коркпойбу? Жоопту жаттоонун ордуна анын себебин түшүндүрө алабы? Үйрөнгөнүн жаңы кырдаалда колдоно алабы?
Эгер сабактын планында беш бөлүк толтурулуп, бирок окуучу мурдагыдай эле мугалимдин даяр жообун күтүп отурса — анда биз 5Eни эмес, анын формасын гана колдонуп жатабыз.
Билим берүүдө эң коркунучтуу нерсе — жаңы методдун эски адатты жашырып калышы. 5E бизге жаңы форма үчүн эмес, эски сабакты өзгөртүү үчүн керек. Анткени жакшы сабактын белгиси — мугалимдин канча нерсе түшүндүргөнүндө эмес. Сабак бүткөндөн кийин окуучунун өз алдынча канча нерсени түшүнө баштаганында.
Исмаил Кошмурзаев
Мурза Гапаров атындагы жалпы билим берүү жатак-мектеп комплексинин информатик мугалими.