№5 МЕКТЕПТИН 100 ЖЫЛДЫГЫ: САНАРИПТЕШТИРҮҮ, ИННОВАЦИЯ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ КЕЛЕЧЕГИ
- 13.10.2026
- 0
«ЛЕГЕНДАРЛУУ №5 МЕКТЕПТИН 100 ЖЫЛДЫК ТАЖРЫЙБАСЫ: ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ МЕКТЕПТЕРДЕ ОКУУ ПРОЦЕССИН САНАРИПТЕШТИРҮҮ, ИННОВАЦИЯ ЖАНА ӨНҮГҮҮ КЕЛЕЧЕГИ» деп аталган Эл аралык илимий-практикалык конференциясынан
РЕЗОЛЮЦИЯ
Бишкек шаары
3-октябрь, 2026-жыл
Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин 2026-жылдын 10-июлундагы №974/1 «Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 100 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө» буйругунун негизинде 2026-жылдын 3-октябрында профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 100 жылдык мааракесине арналган «Легендарлуу №5 мектептин 100 жылдык тажрыйбасы: жалпы билим берүүчү мектептерде окуу процессин санариптештирүү, инновация жана өнүгүү келечеги» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Конференцияга ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштуулар, билим берүү тармагындагы адистер, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана мугалимдери, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдору, магистранттар, аспиранттар, жаш изилдөөчүлөр катышып, жалпы билим берүү системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Пленардык жана секциялык отурумдардын алкагында мектептин тарыхый-педагогикалык мурасын сактоо жана өнүктүрүү, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн илимий-методикалык негиздери, STEM-билим берүү, санариптик трансформация, онлайн, аралыктан жана гибриддик окутуу, педагогдордун үзгүлтүксүз кесиптик жана инсандык өнүгүүсү, билим берүүнү санариптик башкаруу, маалыматтык коопсуздук, кибер коопсуздук, окуу жетишкендиктерин мониторингдөө, ошондой эле улуттук нарктарга негизделген тарбия маселелери боюнча илимий баяндамалар жана практикалык тажрыйбалар сунушталды.
Конференциянын катышуучулары талкуулардын жыйынтыгы боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатууда салттуу педагогикалык баалуулуктар менен заманбап технологияларды айкалыштыруу, билим берүү процессин санариптик трансформациялоо жана инновациялык тажрыйбаларды системалуу жайылтуу зарылдыгын белгилешти.
Конференциянын катышуучулары төмөнкү сунуштарды кабыл алышат:
- Тарыхый мурас жана билим берүүдөгү инновациялар багытында:
— профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 100 жылдык педагогикалык тажрыйбасын изилдөө, системалаштыруу жана жайылтуу;
— мектептин тарыхый мурасын, калыптанган педагогикалык салттарын жана инновациялык тажрыйбасын жаш муундарды окутууда жана тарбиялоодо пайдалануу;
— билим берүү уюмдарында салт менен инновациянын натыйжалуу айкалышын камсыз кылган алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу.
- «Алтын казык» программасынын жана 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында:
— 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү илимий-методикалык жактан коштоону системалуу улантуу;
— жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттарды, окуу программаларын жана окуу-методикалык комплекстерин практикага натыйжалуу киргизүү;
— педагогдорго методикалык колдоо көрсөтүүнү жана алардын жаңы билим берүү моделинде иштөөгө даярдыгын күчөтүү;
— 12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруунун натыйжаларын системалуу мониторингдөө жана талдоо, окуу материалдарын тузуудо улуттук баалуулуктарды эске алуу жана кыргыз тилинин жатык тилине алып келуу;
— заманбап методдорду колдонууда предметтин жана анын мазмунун озгочолугун эске алуу.
- STEM жана санариптик трансформация багытында:
— мектептерде STEM-билим берүүнү өнүктүрүү, предметтер аралык байланышты жана практикага багытталган окутууну күчөтүү;
— окуучулардын санариптик, маалыматтык, инженердик жана изилдөөчүлүк компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган билим берүү чөйрөсүн түзүү;
— жасалма интеллектти жана заманбап санариптик технологияларды педагогикалык максатка ылайык, жоопкерчиликтүү жана коопсуз пайдалануу боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгуу;
— сапаттуу электрондук билим берүү ресурстарын түзүүнү жана аларды окуу процессине интеграциялоону колдоо;
— Киберкоопсуздук, кибербуллинг маселелерин алдын-алуу.
- Онлайн, аралыктан жана гибриддик окутуу, ошондой эле мугалимдин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү жана санариптик башкаруу багытында:
— онлайн, аралыктан жана гибриддик окутуунун натыйжалуу моделдерин мектеп практикасына киргизүү жана алардын методикалык негиздерин өркүндөтүү;
— электрондук билим берүү ресурстарынын сапатына, жеткиликтүүлүгүнө жана коопсуздугуна коюлуучу талаптарды сактоо;
— окуучулардын өз алдынча билим алуусун, активдүү өз ара аракеттенүүсүн жана үзгүлтүксүз кайтарым байланышын камсыз кылган санариптик технологияларды кеңири колдонуу.
— педагогдордун санариптик жана методикалык компетенттүүлүгүн үзгүлтүксүз өнүктүрүү;
— мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу программаларына жасалма интеллект, электрондук окутуу, санариптик дидактика жана билим берүү аналитикасы боюнча модулдарды киргизүү;
— электрондук журналдарды жана билим берүүнү башкаруунун санариптик инструменттерин натыйжалуу пайдалануу;
— окуучулардын жетишкендиктерин баалоо жана мониторингдөөдө санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бирге маалыматтардын коопсуздугун жана купуялуулугун камсыз кылуу.
- Улуттук нарк жана тарбия багытында:
— билим берүү мазмунунда улуттук нарктарды, тарыхый-маданий мурастарды жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды айкалыштыруу;
— окуучулардын мекенчилдигин, жарандык жоопкерчилигин, адеп-ахлактык сапаттарын жана маданий өзгөчөлүгүн калыптандырууга багытталган заманбап тарбиялык технологияларды колдонуу;
— санариптик чөйрөдө балдардын маалыматтык маданиятын, жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун жана киберкоопсуздук көндүмдөрүн өнүктүрүү;
— үй-бүлө, мектеп жана коомчулуктун тарбия багытындагы кызматташтыгын күчөтүү.
Конференция төмөнкүлөрдү максатка ылайыктуу деп эсептейт:
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине, Республикалык педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо интитутуна, Кыргыз билим берүү академиясына, жогорку окуу жайларына, билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарына жана жалпы билим берүү уюмдарына конференцияда айтылган илимий-методикалык сунуштарды тиешелүү ишмердикте эске алуу сунушталсын.
Конференцияда сунушталган алдыңкы педагогикалык жана инновациялык тажрыйбаларды жалпылоо, жарыялоо жана республиканын жалпы билим берүү уюмдарына жайылтуу боюнча иштер жүргүзүлсүн.
Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин кылымдык тажрыйбасын тарыхый мурас менен заманбап инновацияларды айкалыштырган билим берүү практикасынын үлгүсү катары изилдөө жана жайылтуу улантылсын.
Билим берүү уюмдары, илимий мекемелер жана чет өлкөлүк өнөктөштөр ортосунда санариптик билим берүү, STEM, педагогикалык инновациялар, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү жана улуттук тарбия маселелери боюнча илимий-практикалык кызматташтыкты кеңейтүү колдоого алынсын.
Конференциянын материалдарын электрондук жыйнак түрүндө жарыялоо жана билим берүү коомчулугуна жеткиликтүү кылуу сунушталсын.
Жыйынтык
Конференциянын катышуучулары профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 100 жылдык тарыхый тажрыйбасы кыргыз билим берүү системасынын баалуу педагогикалык мурасы экендигин белгилешет.
Мектептин кылымдык тажрыйбасын сактоо менен бирге аны заманбап билим берүү талаптары, 12 жылдык билим берүү модели, STEM, санариптик технологиялар жана инновациялык педагогикалык ыкмалар менен айкалыштыруу келечектеги өнүгүүнүн маанилүү багыты катары белгиленет.
1936-1937-окуу жылында мектеп алдында республикада биринчи болуп №5 мектеп-интернат уюштурулган, интернатта жашагандар мамлекет тарабынан толук камсыз кылынган. Бул мектеп бүгүнкү күнгө чейин региондордогу таланттуу, жөндөмдүү окуучуларды тандап алуу менен, аларга тереңдетилген билим берүү максатын ишке ашырып келет.
1990-жылынын 16-августундагы Фрунзе шаардык Советинин аткаруу комитетинин чечими менен №5 мектеп гимназиясы болуп уюшулган.
1997-жылы 6-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен “Улуттук компьютердик гимназия” болуп уюшулган.
2010-жылы 5-октябрь КРдин Президентинин Указы менен мектепке эмгеги сиңген ардактуу мугалим профессор Айдаркан Молдокуловдун ысымы берилген.
2019-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 98 токтому менен профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиясы профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи деп кайра аталган.
Региондон тандалып келишкен таланттуу окуучулар бул мектептен билим алышып, республика үчүн кызмат кылган мыкты инсандар болуп тарбияланып чыгышты. Бүгүнкү күндө да ушул максатта иш алып баргандыктан, мектептин алдында интернаттын болушу зарыл.
Ушул резолюция конференциянын катышуучулары тарабынан колдоого алынып, тиешелүү мамлекеттик органдарга, илимий жана билим берүү мекемелерине практикалык иште пайдалануу үчүн сунушталсын.
Конференциянын жалпы катышуучулары