5-КЛАССТАРДЫН «СЕКИРИГИ»: МЕКТЕПТЕР ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ӨЗГӨРҮҮГӨ ДАЯРБЫ?
- 16.06.2026
- 0
Кыргызстандын билим берүү системасы глобалдык стандарттарга шайкеш келүү жана окутуунун сапатын жогорулатуу максатында 12 жылдык моделге расмий түрдө өткөнүнө бир жылдын жүзү болду. Бул масштабдуу реформанын эң көп талкуу жараткан жана техникалык жактан татаал бөлүгү — жаңы окуу жылындагы интеграцияланган 5- жана 6-класстардын бир убакта 7-класска өтүү процесси болуп жатат. Бул кадам билим берүүнүн инфраструктурасына, кадрдык потенциалга жана материалдык-техникалык базага таасири кандай болот деген суроо көпчүлүктү ойлондуруп турган кез.

Жаңы окуу жылында ким, кантип окуйт?
Реформанын алкагында мектептерде окуучулардын агымы бир нече категорияга бөлүнөт. Азыркы 5-класстын окуучулары тездетилген 5+6 интеграцияланган программасын аякташты. Алар эки жылдык материалды бир жылда өздөштүрүп, программалык боштуксуз, түз эле 7-класска кадам ташташат. Ал эми азыркы 6-класстар эски (11 жылдык) системанын алкагында өз нугу менен 7-класска өтүшөт. Көйгөйдүн өзөгү да ушунда — эки башка системанын окуучулары жаңы окуу жылында 7-класста жолугушат. Башталгыч класстар (1-2-класстар) — бул агым буга чейин эле жаңы системанын элементтери менен окуп баштагандыктан, реформанын нугу менен окууларын уланта беришет. Ошондой эле 4-класстын бүтүрүүчүлөрү жаңы окуу жылында 5-класска кабыл алынып, толугу менен жаңыланган 12 жылдык программанын негизинде билим алышат. Ал эми жогорку класстар (8-10-класстар) — реформа алардын окуу процессине таасирин тийгизбейт. Алар мурдагы 11 жылдык программа менен мектепти аякташат.
7-класстардын тыгыны
Бул өткөөл кезең мектептер үчүн бир катар уюштуруучулук, материалдык жана методикалык кыйынчылыктарды алып келеринде шек жок. Эң башкы тобокелчилик — 7-класстардын параллелдеринин эки эсеге көбөйүшү. Бул жагдай класс бөлмөлөрүнүн жетишсиздигине, парта-отургучтардын тартыштыгына жана мектептерде үчүнчү сменалардын пайда болуу коркунучуна алып келиши мүмкүн. Андыктан биз Чүй жана Талас облусунун билим берүү мекемелеринин даярдыгын сураштырып көрдүк. Маселен, Талас облусунун Манас районуна предметтик мугалимдер керек экен. Окуу китептери боюнча муктаждыктар бар экенин белгилешти жергиликтүү билим берүүнүн жетекчилери. Алсак, Айтматов районуна 63%, Манас районуна 21% китеп жетишсиз экен. Жалпы алганда, жаңы окуу жылында 7-класстар боюнча болжолдуу 402 класс комплектте 10685 окуучу кабыл алынат. Ал эми Чүй облусунун Аламүдүн районунда 148 класс-комплектте 4068 окуучу билим алат. Анын ичинен 72 класста — 2023 окуучу (11-жылдыктар), 76 класс-комплектте — 2045 окуучу (12-жылдыктар).
— Баардык 7-класстар 90% кабинет менен камсыз болушат, математика, табият таануу жана англис тили окуу китептери менен 85% камсыз болгон, калгандары күтүлүүдө. Мугалимдер жетиштүү. Ысык-Ата районун карап көрөлү: 133 класс-комплектиде 3557 окуучу (11-жылдыктар), 132 класс-комплектте 3499 окуучу (12-жылдыктар) билим алышат. Кабинет, окуу китептери (70%) жана мугалимдер жетиштүү. Ошондой эле Чүй-Токмокто 108 7-класс болсо, Кеминде 99 класс болот. Сокулукта 145 класс-комплектте 4384 окуучу (11-жылдыктар), 150 класс-комплектте 4576 окуучу (12-жылдыктар) билим алат, — дейт Чүй облустук усулдук борборунун жетекчиси Райымбек Султанов.
Ошондой эле Москва районунда 91 класс комплект ачылат, анда 2398 окуучу окуйт. Жайыл районунда 95 класс болот, бирок окутуу орус тилинде: география, физика, кыргыз тили, кыргыз адабияты, биология жана окутуу кыргыз тилинде: кыргыз тили, кыргыз адабияты, тарых, география, окуу китептери жетишпейт экен.
Статистика көрсөткүчтөрү тастыктагандай, Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн сыяктуу демографиялык өсүшү жогору райондорунда жүктөм бир нече эсе жогору болот. Ал эми Жайыл району сыяктуу аймактарда тилдик өзгөчөлүктөргө (орус тилиндеги табигый-илимий китептер) жараша окуу куралдарынын жетишсиздиги курч бойдон калууда.
Мугалимдердин жүктөмү
7-класстардын кескин көбөйүшү так жана табигый илимдер (математика, физика, химия), ошондой эле тарых жана тил мугалимдерине болгон суроо-талапты заматта жогорулатат. Жер-жерлерде мугалимдердин тартыштыгы жок деп маалымдалганы менен, педагогикалык курамдын сааттык жүктөмү эки эсеге өсөт. Бул мугалимдердин кесиптик чарчоосуна (выгорание) жана окутуунун сапатынын убактылуу төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.
Окуу китептеринин фонду да соккуга туруштук берүүгө тийиш. Окуучулардын саны эки эсе көп болгондуктан, орточо эсеп менен 70-85% камсыздалганы менен, калган 15-30% окуучунун китепсиз калуу коркунучун жаратат.
Антикризистик кадамдар
Реформаны ийгиликтүү ишке ашыруу жана окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн Агартуу министрлиги, ошондой эле жергиликтүү мектеп жетекчиликтери антикризистик кадамдарды жасашы зарыл экенин адистер айтышууда. Маселен, мектептердеги бош бөлмөлөрдү, методикалык кабинеттерди кайра бөлүштүрүү, зарыл болсо убактылуу үч смендүү окутууну ийкемдүү график менен киргизүүнү азыртадан пландоо. Китеп тартыштыгын жоюу үчүн окуу китептеринин интерактивдүү, электрондук варианттарын планшет жана телефондорго киргизүү процессин тездетүү. Мектептерде QR-коддор аркылуу базага кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүү.
5-класстан «секирик» жасаган окуучулар өздөрүнөн бир жаш улуу балдар (азыркы 6-класстар) менен бир параллелде, айрым учурда бир класста окушат. Алардын арасындагы курактык өзгөчөлүктөрдү, атаандаштыкты жана социалдашууну мектеп психологдору өзгөчө көзөмөлгө алууга тийиш экени да айтылууда.
Сөз соңу
12 жылдык билим берүүгө өтүүдөгү 5-класстардын «секириги» — бул өлкөнүн билим берүү тарыхындагы эң ири убактылуу сыноо десек болот. Алдыдагы окуу жылында 7-класстардын санынын эки эсеге көбөйүшү системанын туруктуулугун текшерет. Эгерде уюштуруу иштери, логистика, санариптик китептер менен камсыздоо жана мугалимдердин потенциалын туура бөлүштүрүү өз убагында башкарылса, бул убактылуу кыйынчылык — Кыргызстандын билим берүүсүн эл аралык деңгээлге чыгарууга жасалган реалдуу секирикке айланат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер