PISA ИЗИЛДӨӨСҮНДӨГҮ ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТУУРАЛУУ
- 21.09.2026
- 0
«-Азыркы күндө эмнеге окутуу керек: билимгеби же түшүнүүгөбү?
-Мен жана менин көптөгөн кесиптештерим, абдан көп изилдөөлөрдөн кийин бир жыйынтыкка келип жатабыз. Азыркы күндө түшүнүүгө окутуу керек…»
Академик Петр Капицанын көрүүчүлөр менен болгон маегинен
Мектеп балдарга кандай билим бериш керек? Сапаттуу билим деген эмне? Эмне үчүн окутуш керек, эмнени окутуш керек жана кантип окутуш керек? – деген түбөлүктүү суроолор 2026-жылдын 8-сентябрында Братислава шаарында Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (ЭКӨУ) мектептик билим берүүнүн дүйнөдөгү эң ири изилдөөсү болгон PISA 2025тин жыйынтыктары жарыялангандан кийин абдан актуалдуу болууда. PISA изилдөөсүнө катышкан бардык өлкөлөр кантип окутканына жараша орундарга ээ болушту.
Айта кетсек, Кыргызстан PISAга үчүнчү жолу катышты. Биринчи жолу 2006-жылы болгон, анда биздин өлкө 57 өлкөнүн жана аймактын ичинен акыркы орунду ээлеген. Андан кийин 2009-жылы, дагы бир жолу акыркы орунду, 65 өлкөнүн жана аймактын ичинен 65-орунду ээлеген. Андан кийин Кыргызстан төрт циклди өткөрүп жиберген: 2012, 2015, 2018 жана 2022. 2025-жылы Кыргызстан кайрадан PISAга катышып, 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээлегени тууралуу Братислава шаарында маалымат берилди.
Ошентип, Кыргызстан дагы PISA изилдөөсүнөн өзүнүн жыйынтыктарын алды. Алынган жыйынтыктарды тереӊ талдоо «ийгилик» же «ийгиликсиздик» деген үстүртөн баалоодон системалуу реформаларга өтүү үчүн зарыл. PISA изилдөөсүнүн жыйынтыктары – бул мектеп билим берүүсүнүн деталдуу «диагнозу», ошондуктан маалыматтарды дыкат талдоосуз өнүгүү алкагын түзүү мүмкүн эмес.
- Түшүнүүгө жол ачкан суроолор системасы
PISA изилдөөсүндө суроолор, суроолордун деӊгээлдери маанилүү ролду ойнойт, анткени алар жаттап алынган маалыматтын көлөмүн гана эмес, функционалдык сабаттуулукту – математикалык жана реалдуу жашоодогу кырдаалдарда билимди колдонуу көндүмүн аныктайт. Мисал келтирсек:
| · Бул ар кандай булактардан алынган эки аба-ырайынын божомолу, алар бири-бирине карама-каршы келет — кайсынысына ишениш керек жана эмне үчүн? · Бул бир уюлдук байланыштын тарифи, ал эми бул экинчиси — сенин чалууларыӊдын көлөмүн эске алуу менен кайсынысы пайдалуу экенин эсепте; · Бул жаңы даары жөнүндө макала — бул илимий фактпы же жарнамабы, сен аны кандай көрсөткүчтөр боюнча түшүндүӊ? · Бул баанын өсүшүнүн графиги — эгерде бул тенденция сакталса, андан ары эмне болот? |
PISAнын жыйынтыгынан кийин бир топ кыргызстандык жана чет өлкөлүк эксперттердин талдоосу менен таанышып, түшүнүү жана суроо берүү окуп-үйрөнүү процессинин ажырагыс компоненттери экендигин белгилегендерин окуй алабыз: «Норвегиянын билим берүү министри Кари Несса Нуртун PISAнын жыйынтыгынан кийинки пресс-конференциясында, Норвегиянын алган 36-оруну буга чейинки PISA изилдөөсүнө катышкандан ээлеген орундары менен салыштырганда эӊ начар жыйынтык экендигин белгилеген. Бул орун эмнени билдирет: 41% өспүрүм эркек балдар Вини Пух тууралуу чыгарманы аягына чейин окуй алышпайт жана анын маани-маӊызын түшүнө алышпайт. Эгерде 2015-жылы 15% окуучулар гана окуганын түшүнбөсө, 2025-жылы 34% алардын ичинен 41% эркек балдар окуганын түшүнбөйт».
Кыргызстандын окуучуларынын жыйынтыктары кандай? Кыргызстандагы орточо өспүрүм дагы эле окуу сабаттуулугунун базалык (экинчи) деңгээлинен артта калууда. Биздин окуучуларыбыз Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюмунун (ЭКӨУ) минималдуу окуу босогосунан 63 упайга артта калышууда. Акыркы жолу катышкан 2009-жылга салыштырмалуу, бир аз жакшыруу бар, Кыргызстандын 15 жаштагы окуучуларынын азыркы жетишкендиктери өлкөнүн мурунку ийгиликсиздиктеринен жогору, бирок дагы эле дүйнөлүк стандарттардан бир топ артта калууда.
Суроо берүү көндүмү материалды түшүнүү деңгээлин көрсөтөт, ал эми жоопторду издөө процесси билимди тереңдетет жана кеңейтет. Түшүнүү менен суроолордун ортосундагы негизги байланыштар деп төмөнкүлөрдү түшүнөбүз:
- түшүнүүнүн көрсөткүчү: Эгерде окуучу тема боюнча так, терең суроо түзө алса, анда ал аны түшүндү. Толук жымжырттык же фактологиялык суроолор көп учурда материал менен үстүртөн тааныштыгын же түшүнбөгөндүгүн көрсөтөт;
- таанып билүү куралы: Суроолор ар дайым белгисиздиктен чыгуунун жолу болуп саналат. Теманы түшүнүүгө аракет кылып, окуучулар жаңы фактыларды мурунтан билген нерселери менен байланыштыруу үчүн өздөрүнө же мугалимге суроолорду беришет;
- ой жүгүртүүнү өнүктүрүү: Суроо-жооп өз ара аракеттенүүсү пассивдүү жаттоону активдүү ой жүгүртүүгө айлантат. Окуучу талдай баштайт, салыштырат жана логикалык байланыштарды издейт;
- боштуктарды текшерүү: Суроолор окуучунун билиминдеги көйгөйлөрдү эрте аныктоого жардам берет. Аларга жооп берүү менен, мугалим окутуу процессин оӊдоого жана окуучулар татаал теманы түшүнгөнүн жакшыртууга жардам берет.
PISA изилдөөсүнүн отчетун карасак, он беш жаштагы өспүрүмдөрдүн үч негизги тармакта: илим, математика жана окуу боюнча көндүмдөрү төмөнкү деңгээлде экени аныкталган. Тактап айтканда, изилдөөгө катышкандардын дээрлик жарымы — 45% окуу сабаттуулугунун негизги (базалык) деңгээлине жетишпейт. Бул жыйынтык окуу көндүмүнө эмес, окуганды түшүнүү жана талдоо көндүмүнө тиешелүү. Отчеттун авторлору окуу упайлары акыркы үч жылда – мурунку изилдөөдөн бери кескин төмөндөгөнүн баса белгилешет. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун билим берүү боюнча директору Андреас Шлейхер окууну – «бардык көндүмдөрдүн негизи» деп атап, упайлардын кескин төмөндөшү терең тынчсыздандырарын билдирди. Анын айтымында, акыркы он жылдыкта мектеп окуучуларынын татаал тексттерди окуу жана түшүнүү көндүмү ушунчалык төмөндөп кеткендиктен, бул болжол менен эки жылдык окуунун жоголушуна туура келет.
Салыштыруу үчүн – артта калуу шкаласы:
| Биз кимдин артындабыз? | Упайлардагы ажырым | Мектептик жылдар |
| Казахстан (табигый-илимий) | 57 | ≈ 3 жыл |
| Казахстан (математика) | 50 | ≈ 2,5 жыл |
| Казахстан (окуу) | 41 | ≈ 2 жыл |
| Өзбекстан (табигый-илимий) | 75 | ≈ 3,5–4 жыл |
| ЭКӨУ боюнча орточо | 99–119 | ≈ 5–6 жыл |
- Эмне үчүн биздин өлкө PISA изилдөөсүнө катышат – негизги себептер кайсылар?
- Көз карандысыз, тышкы баалоо: Өлкө PISAга өзүнүн билим берүү сапаты тууралуу көз карандысыз, тышкы баалоо алуу үчүн катышат.
- Функционалдык сабаттуулукту баалоо: Өлкөнүн 15 жаштагы окуучулары заманбап дүйнөдө жашоо үчүн канчалык функционалдык сабаттуулукка ээ экендигин билүү үчүн, башкача айтканда окуучулардын мектеп программасын жаттоону эмес математика, окуу жана табигый-илимий боюнча билимдерин колдонуу жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн катышат.
- Эл аралык салыштыруу: Изилдөө өз өлкөсүндөгү окуучулардын сабаттуулук деңгээли 90дон ашык өлкөдөгү курдаштарынын деңгээли менен салыштырылат. Изилдөөнүн жыйынтыктары эл аралык эмгек рыногунда талап кылынган мүмкүнчүлүктөрдү жана компетенцияларды жергиликтүү мектептер балдарга береби же жокпу, түшүнүүгө жардам алуу үчүн катышат.
- Күчтүү жана алсыз жактарын талдоо: Жыйынтыктар билим берүү системасы үчүн окуу программаларындагы жана окутуу методдорундагы кемчиликтерди аныктоого жардам берүү менен, «күзгү» катары кызмат кылат.
- Мамлекеттик саясатка түзөтүүлөрдү киргизүү: Алынган маалыматтардын негизинде өлкө билим берүү тармагындагы реформалар, мектеп шарттарын жакшыртуу жана эрте балалыктын өнүгүүсүн колдоо жөнүндө чечимдерди кабыл алышы керек.
- PISA изилдөөсүнүн сабактары: эмненин үстүнөн иштөө керек, биз катышуудан кандай пайда алдык?
PISA изилдөөсүнүн жыйынтыгынан алган эӊ маанилүү сабак (пайда) – мугалим негизги жана чечүүчү ролду ойной тургандыгы тууралуу, анткени билим берүү системасынын сапаты мугалимдин үлгүсүнөн түздөн-түз көз каранды. Мына ошондуктан өлкөдө жүргүзүлүп жаткан педагогикалык билим берүүнүн трансформациялоо процессинде да PISA изилдөөсүнүн жыйынтыгы көз жаздымда калбашы керек. Мугалимдерди даярдоо, кесиптик чеберчилигин жогорулатууда артыкчылык берилген багыттар ачыкталып, ири талдоо жүргүзүлүп, өзгөрүүгө мүмкүнчүлүктөр сунушталууда.
1-таблицада PISA методологиясы боюнча окутуунун негизги багыттарын тааныштырабыз.
Көрсөткүч | Мааниси | Мугалимдин ролу |
| Билим берүү парадигмасынын өзгөрүшү: «жаттап алуудан» билимди колдонууга | PISA жакында эле жакшы изилденген мектеп программасына айланды. Тест 15 жаштагы окуучулардын билимди реалдуу жашоодогу кырдаалдарда колдонуу көндөмүнүн деӊгээлин өлчөйт. | Сабактын форматын кайра түзүү. Мугалим жөн гана эрежелерди айтып койбостон, балдарга графиктерди талдоону, карама-каршы тексттерди салыштырууну, гипотезаларды коюуну жана стандарттуу эмес маселелерди чечүүнү үйрөтүшү керек. |
| Мектепте жагымдуу маанай түзүү жана эмоционалдык колдоо көрсөтүү | Изилдөөнүн жыйынтыктары мугалим менен болгон эмоционалдык байланыш окуу натыйжаларына түздөн-түз таасир этерин ачык көрсөтүп турат. | Психологиялык ыңгайлуулукту камсыз кылуу, мектеп коомчулугунда окуучуга урмат көрсөтүү жана өз убагында даректүү жардам көрсөтүү. Окуучулар мугалимдер тарабынан жогорку колдоо көрсөтүлүп жатканын билдирген өлкөлөрдө математика жана окуганын түшүнүү боюнча орточо упайлар эң жогорку сапатта болгон. |
| Персоналдаштыруу (жеке мамиле) жана дифференциацияланган мамиле | Класстар ар кандай деңгээлдеги даярдыгы жана социалдык-экономикалык абалы бар балдардан тургандыктан, мугалим билим берүү теңчилигинин негизги жөнгө салуучусу катары иштейт. | Материалдагы кемчиликтерди тез арада аныктоо, сапаттуу пикирлерди (калыптандыруучу баалоо) берүү жана артта калган окуучуларга функционалдык сабаттуулуктун жок дегенде базалык (экинчи) деңгээлине жетишүүгө мүмкүндүк берүү. |
| Сынчыл ой жүгүртүүнү жана санариптик сабаттуулукту өнүктүрүү | Заманбап PISA тесттери маалымат менен иштөөгө, калп маалыматтарды аныктоо көндүмүнө жана жасалма интеллектти кошо алганда, санариптик куралдарды аң-сезимдүү колдонууга чоң басым жасайт. | Өспүрүмдөргө издөө натыйжаларына же куралдарына «сокур» менен ишенүүнүн ордуна, ишенимдүү маалымат булактарын баалоого үйрөтүү, анткени алардын колдонулушу жасалма интеллект тарабынан тийиштүү түрдө көзөмөлдөнбөйт, бул табигый илимдер боюнча төмөн упайга алып келет. |
Өлкөнүн PISA рейтингинде жогорку натыйжаларга жетиши үчүн мугалимдерге жөн гана расмий кесиптик өнүгүү процедураларынан өтүү жетишсиз. Кесипкөй жактан күчтүү мугалим тереӊ ой жүгүртүүнү өнүктүрүп, класстар аралык сабактарды жана окуучулары менен позитивдүү, бекем мамилелерди түзүшү керек. Мугалимдерди колдоонун, алардын кадыр-баркын көтөрүүнүн сапаты окуучулардын жетишкендиктерине таасир этүүчү башкы фактор бойдон калууда. PISA изилдөөсүнөн алдыӊкы орундарда болгон Кытай, Сингапур, Япония, Корея, Эстония, Финляндия өлкөлөрүндө мугалим болуу кадыр-барктуу. Мугалимдин колдоосу жана балага, анын окуудагы жетишкендиктерине жана кыйынчылыктарына болгон кызыгуусу окуучулардын окуудагы жетишкендиктерине оң таасирин тийгизерин изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөтүп турат.
PISA изилдөөсү ошондой эле окуучулардын окуу жетишкендиктери үчүн үй-бүлөнүн жана ата-энелердин колдоосунун маанисин баса белгилейт. Эң мыкты мектеп жана мугалимдер да ата-эненин үйдөгү колдоосун, балага көңүл буруусун толук алмаштыра албайт. Ата-эненин ролу — баланы жөн эле көзөмөлдөө эмес, анын билим алуусуна чын дилинен кызыгуу жана үйдө туура чөйрө түзүү.
PISA көрсөткүчтөрүндө ата-энелердин таасири төмөнкүдөй негизги багыттарда байкалат:
| Эмоционалдык колдоо жана кызыгуу көрсөтүү | Аралыкты жабуу: Баалоонун жыйынтыктарына ылайык, ата-энеси жумада жок дегенде бир жолу: «Мектепте бүгүн эмне кылдың?» — деп сурап, баланын окуусуна чын дилден кызыккан окуучулар табигый-илимий сабаттуулук боюнча 35 упайга чейин жогору жыйынтык көрсөтүшкөн. Бул көрсөткүч дээрлик 1,5 жылдык кошумча окууга тең келет. |
| Балага үй тапшырмасын механикалык түрдө аткарууга жардам бергенге караганда, анын мектептеги көйгөйлөрүн угуу, пикир алмашуу жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өстүрүүчү маектерди куруу PISA тапшырмаларын аткарууда алда канча натыйжалуу экени аныкталган | |
| Социалдык-экономикалык статус жана үй чөйрөсү | Ресурстар менен камсыздоо: Үйдөгү китептердин саны, окууга ыңгайлуу шарттардын түзүлүшү жана ата-эненин билим деңгээли окуучунун PISAдагы ийгилигине түздөн-түз таасир этет |
| Санариптик көзөмөл: PISA 2025 жыйынтыктары көрсөткөндөй, окуучулардын экран алдында көп убакыт өткөрүүсү жана гаджеттерге алаксуусу упайлардын глобалдык деңгээлде төмөндөшүнө алып келген. Бул жерде ата-эненин үйдө гаджеттерди колдонуу эрежелерин жана балансты көзөмөлдөөсү чоң роль ойнойт | |
| Бала кезден калыптанган адаттар | Эрте курактан окуу: Бала кичинекей кезинде ата-энесинин ага китеп окуп бериши жана үйдө окуу маданиятынын болушу 15 жаштагы өспүрүмдүн PISA тестиндеги окурмандык сабаттуулугунун (окуганын түшүнүү) деңгээлин жогорулатат |
PISA-2025 улуттук менеджери Оңолкан Уманкулова PISA изилдөөсүнүн жыйынтыктардан кийин мындай ойду айткан: «PISA изилдөөсү билим берүү саясатындагы келечектеги өзгөрүүлөрдү жана кырдаалды талдоо үчүн баалуу маалыматтарды берди. Ошондуктан, эӊ алгач, биз жыйынтыктарды терең изилдеп, аларды түшүнүп жана талдап, өлкө боюнча отчет даярдап, андан кийин кырдаалды өзгөртүшүбүз керек».
Кыргызстан PISAнын кийинки изилдөөсүнө катышууга чейин кандай иштерди аткарышы керек деген суроонун үстүнөн азыркы алынган жыйынтыктарды талдоодон баштап иштөөсү маанилүү. Жыйынтыктарды туура колдонуу билим берүү системасында олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө жардам берет жана келечектеги циклдерге катышууну улантуу бизге көрсөткүчтөрүбүздү жакшыртуу үчүн иштөөгө мүмкүндүк берет.
Эгерде метафораны колдонсок, PISA изилдөөсү – бул билим берүүдөгү олимпиада, өлкөнүн көп тармактуу даярдыгынан жыйынтыктар көз каранды, келечектеги адистер жөн гана нускаманы, рецепти, техникалык түшүндүрмөлөрдү окуп, бирок түшүнө албай турса, өлкө кимдин колунда калат?
Бул макалага карата алган эпиграфка кайра кайрылсак:
«-Азыркы күндө эмнеге окутуу керек: билимгеби же түшүнүүгөбү?
-Мен жана менин көптөгөн кесиптештерим, абдан көп изилдөлөрдөн кийин бир жыйынтыкка келип жатабыз. Азыркы күндө түшүнүүгө окутуу керек…»
Академик Петр Капицанын көрүүчүлөр менен болгон маегинен
Окуганын түшүнүү – бул эӊ жогорку билим берүү маданиятын калыптандырууга салым кошот. Окуганын түшүнүү — бул жөн гана тамгаларды бириктирип окуу эмес, маалыматты терең талдоо, маанисин аңдап билүү жана аны турмушта колдоно алуу көндүмү. Мына ушул сапат инсандын билим берүү маданиятын эң жогорку деңгээлге көтөрөт.
Эмне үчүн окуганын түшүнүү жогорку маданиятты калыптандырат?
- Окуучунун сынчыл ой жүгүртүүсү өнүгөт: Тексттин маанисин түшүнгөн окуучу маалыматты сокур ишеним менен кабыл албайт. Ал автордун негизги оюн, фактылар менен далилдерди айырмалай билет.
- Сөз байлыгы жана сүйлөө маданияты өсөт: Көп окуп, аны аңдап түшүнгөн инсандын тили бай, ою так жана логикалуу болот.
- Өз алдынча билим алууга жол ачат: Окуганын түшүнүү көндүмү жогору болгон окуучу каалаган илим тармагын өз алдынча өздөштүрө алат.
- Эмпатия жана дүйнө тааным кеңейет: Ар кандай чыгармаларды, илимий эмгектерди түшүнүп окуу менен окуучу башкалардын көз карашын, маданиятын сезип, сыйлоого үйрөнөт.
PISA изилдөөсү – бул бардык өлкөлөр үчүн чоӊ чакырык, анткени ал келечектин жол картасын чийип берет, ошондуктан ар бир катышуудан кийин изилдөөдөн алынган сабактарды олуттуу талдоо чыныгы интеллектуалдардын, олуттуу окурмандардын иши, жыйынтыктардан кийин татыктуу билим берүү системасын түзүүгө ар бир жаран өзүнүн салымын кошуусу күтүлөт.
Эсенгулова М.М.
педагогика илимдеринин кандидаты,
профессордун милдетин аткаруучу,
И.Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү жана педагогика кафедрасынын башчысы