С.РАЕВ: “КӨЧМӨН ТАБИЯТЫ – ДУХ МЕНЕН РУХТУН БАЛАНСЫ”
- 07.09.2026
- 0
Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Баш катчысы Султан Раевдин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун алкагында өткөн Көчмөн цивилизациясы эл аралык форумунда сүйлөгөн сөзү.
Урматтуу форумдун катышуучулары!
Урматтуу мамлекеттик катчы Арслан Капай уулу!
Урматтуу катышуучулар!
Улуу калемгерибиз Чынгыз Айтматов, бир эле улуттун эмес, адамзаттын ыйман лидери катары, ар бир сөзүндө адамды жаратылыш менен гармонияда жашоого үндөп келди. Улуу көсөмүбүз адам рухунун тазалыгын, анын аман калуусун негизги приоритет катары карап, чыгармаларында адамзат келечегине болгон кабатырлануусун ачык айтып келди. Адамдагы адамдыкты биз кайдан көрө алабыз? Албетте, миңдеген жылдар бою топтоп келген жашоо тажрыйбабыздан, өзүбүздөн табигый жаралган маданий коддордон, цивилизациялык системанын элементтеринен табабыз.
Урматтуу катышуучулар!
Бүгүнкү эл аралык жыйынбыздын төл сөзү көчмөн цивилизациясы болуп жатат. Көчмөн цивилизациясы бул эмне? Тарыхый чен-өлчөмдөн алганда көчмөн цивилизациясы Байыркы Рим, Египет, Евроцентристтик цивилизациялардын алкагында бу кублушпу же феноменалдык көрүнүшпү? Неге көчмөн цивилизациясы деген түшүнүк Батыш окумуштууларынын пикиринде варвардык түшүнүк менен ассоциацияланып келди жана көп жылдар бою антицивилизациялык туунду катары аталып келген? Бу маселени кандай түшүнүүгө болор эле, бу түшүнүк системалардын тарыхый жана адамзаттык өнүгүү картасында кандай орду бар?
Чындыгында эле көчмөндөрдүн башка тарыхый цивилизациялык системалар тутумунда орду кандай? Албетте, бу суроо курулай патетиканын эмес, реалдуу шарттын суроосу. Чыгыш менен Батыштын, Тундүк менен түштүктүн чен өлчөмү менен алганда бу процесстин адамзаттык баалуулугу эмнеде?
Ар бир цивилизация дүйнөлүк тарыхта из калтырып келген. Алар Египет пирамидаларынан тартып, Кытай улуу дубалдарына, Эйфель мунарасынан Биг-Бен саатына, дүйнөнүн жети кереметин жараткан цивлизациялык кубулуштар. Бу көбүнесе материалдык баалуулуктарга таянган доор фрескалары. Бирок, бу биздин журт ордобуздун өзөгү болгон көчмөн цивилизациялардын орду эмнеде, деги эле көчмөндөр дүйнөгө эмне берди, эмнени жаратты? Же тескерисинче, Батыш мерчеми менен алганда көчмөндөр цивилизациянын чаңын көккө сапырган варварлар беле?
Бүгүн биз адамзаттык өнүгүүдөгү өзгөчө кубулушту, башкача айтканда нукура цивилизациялык процесстердин тутумуна үңүлүп карай турган болсок, анда дүйнөлүк түзүм архитектурасын кайра баштан карап чыгууга мажбур болобуз.
Деги эле тарыхый чен өлчөмдөн алганда, көчмөн элдер дүйнөлүк цивилизацияга эмне кошо алды жана анын түпкү маңызы эмнеде? Көчмөн маданияты же көчмөн цивилизациясы нукура маданият менен гана чектелбестен, ал эң оболу ички рух менен, сырткы духтун системасында жаралган өзгөчө маданий цикл. Бул көчмөндөрдүн табиятына үндөш формула дух менен рухтун балансы.
Көчмөн феномени дүйнөгө эмне берди десек, эң оболу адамзатты табият менен гармонияда жашоого үйрөттү. Көчмөндөрдүн өзгөчөлүгү алар табияттын тили менен айлана-чөйрө менен сүйлөшкөн. Алардын уңгу башаты адамдын ички адеп системасы менен, ыйман формуласы менен калыптанган. Жаратылыш – Адам, Адам — жаратылыш, бу гармония өзөктүк символго үндөшүп келген. Көчмөн адамынын гениалдуу философиясы – ал Адамды да табияттын бир чүрпөсү катары көргөн. Адамзат мейкиндигинин эң алгачкы учурунда жаралган, башкача айтканда Адам генийинин биринчи сүрөтү таштарга түшүрүлгөн. Петроглифтер көчмөн маданиятын эң оболку символу катары, алардын филосфиясын да, алардын илимин да, аларадын көз караш системасын түзгөн. Эгерде биз көчмөн цивилизациясын терең изилдесек, бүгүнкү эң олуттуу суроолорго жооп алар элек. Себеби, көчмөн маданиятында дүйнөнүн сыры гана эмес, анын эч ким биле элек табиятынын ачыла элек башаты жатат.
Азыркы голография илиминин фрескалары бу саймалуу таштардагы фрескалары менен кандай үндөштүгү бар. Солярис – Күн аттар, Даван аттары, Кыргызстандын аймагындагы таш сүрөттөр менен кандай катышы бар, же болбосо кыргыз ойма-чиймелери эмнеге негизделген, тотемдик түшүнүккөбү же ааламдын ачкычын камтыган символдоргобу?
Кыргыз оймо-чиймелеринде “Айлампа” деген оймо бар, бу оймонун жер планетиндеги адамдардын космос галактикасын жиберген штрих-коддор менен жүздөн жүз окшоштугун капыстан дал келүүчүлүк деп айта алабызбы? Бу тууралуу окумуштуу Рындин кыргыз ой дүйнөсүнүн галактикалык масштабка дейре чыкканынын көргөн. Бу да илим дүйнөсүнө чоң собол салып келет, анткени биз өзүбүздү, улуу көчмөн мураскерли катары али да болсо аңдап биле элекпиз.
Көчмөн маданияты дүйнөгө эмне берди деген баналдуу суроо берерден мурда, эң жөнөкөйдөн татаалга карай мисал артып көрөлүчү? Атты – ким биринчи канаттуу дулдулга айлантты, адам жан шериги тутунду? Көчмөндөрбү? Темирди курал катары ким биринчи пайдаланды? Көчмөндөрбү? Дүйнөдө эң биринчи империя же каганатты кимдер түздү? Көчмөндөрбү? Эң элементардуу нерсе, эртели кеч колду, бетти жууганды ким дүйнөгө таркатты? Көчмөндөрбү? Согуш тактикасын, аскердик чалгын маданиятын ким биринчи түздү? Көчмөндөрбү? Көчмөндөр! Көчмөн маданияты дүйнөнүн циклин өзгөрткөн маданият!
Эгерде биз, көчмөн оюндарын дүйнөгө бердик десек, алтын аяктын суусун төгүп алган болобуз! Анткени, биз оюндан мурда анын философиясын жараттык! Анын илимин жараттык, ал илим эң оболу гуманисттик идеялар системасы. Бул көчмөндөрдүн дүйнөгө берген аманатынын рух өзөгү эмей эмне? Бирок, ачык айтуу керек, биз эгерде оюндардын артына гана жашынып, анын түп-маңызын, философиясын айтып бере албасак, изилдебесек? Анын Олимпиядалык оюндардан айрымасы не? Олимпиада оюндарында кара күч гана жеңет десек, ал эми көчмөн оюндарында акыл, акылга таянган рух, рухка таянган дух гана жеңе алат. Бу көчмөндүк философиянын формуласы!
Урматтуу форум катышуучулары!
Сөзүбүздүн алгы бөлүгүн Айтматов менен баштадык эле, бу айтматовдук “ойлордун модасына” берилгендик белгиси эмес, эң алды менен “Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт” деген философиялык тутумдан алсак, арийне биз анын физикалык жагын эмес, философиялык МАҢЫЗЫН АЛАБЫЗ. ХХI Кылым көчмөндөрүнүн акылмандыгынын эң башкы постулаты: Өзгөрүлмө дүйнөнүн өзөктүү альтернативасын табуу, бу мааниден алганда азыркы дүйнөлөшүүнүн агымына каршы биз, көчмөн философиясын Альтернатива катары коебуз, анткени дүйнө чакырыктарына бир гана альтернатива бар, ал –акыл-эс жана ыйман.
Ал эми көчмөн адебинин башкы кодекси – пендени кишиге, кишини – адамга, адамды – инсанга айландыруу! Дүйнөлүк адамзаттын башкы капиталы ар бир адамда адамдык, инсандык маданиятты ойготуу. Качан гана бу чындыктын көзүнө тике карай алсак гана көчмөн духунун негизги маңызын түшүнөбүз. Ал бир жерден экинчи жерге физикалык көчүүнү эмес, ал эң ириде адамды адам бойдон сактап калуу.Көчмөн маданиятынын миссиясы да ушул идеяга негизделген.
Бүгүнкү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун башкы максаты да өткөндөн өзөк, бүгүнкүдөн жөлөк, келечекке өрнөк калтыруу!
Кыргызстан — Көчмөн Ааламынын Ордосу!