«ТИЛ – УЛУТТУН ЖАН ДҮЙНӨСҮ»

  • 28.10.2025
  • 0

Ар бир улуттун жүзү, тарыхы, маданияты — анын тилинде камтылат. Тил бул — жөн гана байланыш каражаты эмес, бул улуттун жан дүйнөсү, улуттук өзгөчөлүгүн сактап турган улуу касиет. Өткөн аптада К.Кольбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде «Тил – улуттун жан дүйнөсү» декадасы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

"ТИЛ – УЛУТТУН ЖАН ДҮЙНӨСҮ"

Тил жана маданият

Мамлекеттик тил күнүнө карата жогоруда аталган колледжде 23-сентябрдан баштап «Тил – улуттун жан дүйнөсү» аталышындагы өткөрүлгөн он күндүк декаданын негизги максаты – кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары маанисин тереңдетүү, студенттердин эне тилге болгон кызыгуусун жана урматтоосун арттыруу, ошондой эле улуттук баалуулуктарды жайылтуу болду.

"ТИЛ – УЛУТТУН ЖАН ДҮЙНӨСҮ"

"ТИЛ – УЛУТТУН ЖАН ДҮЙНӨСҮ"

Декада кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары ордун даңазалоого, студенттердин тилге болгон сүйүүсүн жана сүйлөө, жазуу маданиятын жогорулатууга, тилдик сабаттуулукту арттырууга багытталды. Ошондой эле  кыргыздын улуттук маданиятын, адабияттын жана каада-салттарын жайылтуу, студенттерди чыгармачылыкка, изилдөөчүлүккө жана активдүүлүккө үндөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

"ТИЛ – УЛУТТУН ЖАН ДҮЙНӨСҮ"

Декаданын ачылышында мамлекеттик тил гимни жаңыртылып, колледждин директору М.Долотов жана мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Н.Маматбаевалар өз сөздөрүндө   кыргыз эли байыртадан эле өзүнүн тил мурасын даңазалап, аны сактап, урпактан урпакка өткөрүп келгенине токтолушту.

"ТИЛ – УЛУТТУН ЖАН ДҮЙНӨСҮ"

— Кыргыз тилинде тарых, дастан, жомок, макал-лакап, жаңылмач, бешик ыры, санжыра өңдүү руханий байлыктарыбыз камтылган. Ар бир сөзүндө элибиздин ой жүгүртүүсү, дүйнө таанымы, салт-санаасы, улуттук аң-сезими жашайт. Кыргыз тили – улуттук сыймыгыбыз, руханий байлыгыбыз. Тилдин эң чоң касиети — улутту бириктирип туруусунда. Тилди сүйүү — улутту сүйүү. Кыргыз тилин өнүктүрүү — бул ата-бабаларыбыздын мурасына болгон урмат, келечек муунга болгон жоопкерчилик. Ар бир кыргыз жараны өз эне тилинде сүйлөп, аны күнүмдүк турмушта колдонсо, биздин тил дайыма жашап, улуттук жан дүйнөбүз сакталат. Кыргыз тилин барктап, даңкташ үчүн жылда биз адатка айланткан иш-чараларды өткөрүп келебиз. Өзүңөр он күндүк декадада көп нерсеге күбө болдуңуздар. Тилибиз көп жашасын! Улут болууну кааласак — тилибизди өркүндөтүп өстүрөлү! – деди колледждин директору.

Тилдин улуулугу, сулуулугу

Он күндүк декадада окутуучулар ачык сабактарды өткөрүү менен семинар-тренингдерге да активдүү катышып турушту. Алсак, гуманитардык дисциплиналар предметтик-циклдик комиссиянын төрайымы А.Алпарова «Эне тилибиздин улуулугу жана көйгөйлөрү» темасында маанилүү семинар-тренинг өткөрсө, 14-октябрда окутуучулардын жана кызматкерлердин сабаттуулугун арттыруу максатында жат жазуу иши жаздырылды.

"ТИЛ – УЛУТТУН ЖАН ДҮЙНӨСҮ"

"ТИЛ – УЛУТТУН ЖАН ДҮЙНӨСҮ"

Жат жазуу ишинин жыйынтыгынын негизинде окутуучулар Н.Маматбаева менен  А.Алпарова «Туура жазуунун маданияты – окутуучунун кесиптик чеберчилигинин көрсөткүчү» аттуу темада семинар-тренинг өткөрүп, окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга салым кошушту.

"ТИЛ – УЛУТТУН ЖАН ДҮЙНӨСҮ"

"ТИЛ – УЛУТТУН ЖАН ДҮЙНӨСҮ"

— Ошондой эле 1-курс студенттеринин арасында жат жазуу, диктант жана өз алдынча иштөө иштерин жаздыруу аркылуу сабаттуулук деңгээли текшерилди. Студенттер арасында «Сөз чеберлери» сынагы уюштурулуп, кыргызча таза жана так сүйлөө, көркөм окуу боюнча таймашып, өздөрүнүн чечендик өнөрлөрүн көрсөтүштү. Декаданын ортоңку күндөрүндө (17-23-октябрь) окутуучулар Г.Абдылдаева, Б.Тургунбаева, А.Алымова, М.Исаева, М.Дөөмөтбекова, А.Сейитбекова, Г.Бактыбекова, Н. Солтонбаева тарабынан кыргыз, орус жана англис тилдери сабактары боюнча ачык сабактар жана мастер-класстар өткөрүлүп, студенттердин билим деңгээли жана тилге болгон кызыгуусу арттырылды, сабактарда адабият, спорт жана башка актуалдуу темалар камтылды, — дейт Н.Маматбаева.

 

"ТИЛ – УЛУТТУН ЖАН ДҮЙНӨСҮ"

Кийинки күндөрү студенттерге улуттук баалуулуктар чагылдырылган көргөзмө уюштурулду. «Тил жана маданият» көргөзмөсүндө студенттерге кыргыз элинин улуттук кийимдери, салттуу буюмдары жана алардын аталыштары менен тааныштырылды. Кыргыз тили сабактарында кыргыз тили сабагынын окутуучулары М.Айтиева, А.Кубатбекова тарабынан ачык сабактар өтүлсө, Ш.Рахматова кыргыз элинин тили, баалуулуктары боюнча тапшырмалар камтылган интеллектуалдык таймашты жогорку деңгээлде уюштурду.  Декаданын финалы окутуучу Ынак кызы С. тарабынан даярдалган “Тил — улуттун жан дүйнөсү” аталышындагы концерттик программа жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи менен коштолду. Студенттердин активдүүлүгү жана чыгармачылыгы жогорку деңгээлде көрсөтүлүп, иш-чарага келген коноктор үчүн фуршет уюштурулду.

— Бул он күндүк декада студенттерде кыргыз тилине болгон кызыгууну арттырып, улуттук маданиятка таандык сезимдерди күчөтүп, билим берүү процессин жандантты. Мындай иш-чаралар эне тилибиздин коомдогу ордун бекемдөөгө жана жаштардын аң-сезимине терең таасир этүүгө өбөлгө түзөт, — дейт директордун орун басары Назгүл Маматбаева.

Колледж жетекчилиги жана окутуучулар студенттер менен биргеликте өткөрүлгөн декадага активдүү катышкан бардык катышуучуларга терең ыраазычылыгын билдирди.

Окутуучулар эмне дейт?

 Гульнара ДЮШЕБАЕВА, жалпы билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

"ТИЛ – УЛУТТУН ЖАН ДҮЙНӨСҮ"

— Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тилин өркүндөтүүдө, жайылтууда гуманитардык циклдер кафедрасы өткөн декадага активдүү катыштык. Иш-чаранын алкагында бир топ кызыктуу семинар-тренингдер, мастер-класстар, таймаштар ж.б.у.с. өттү. Окутуучуларга жат жазуу жаздырдык. Катанын үстүнөн иштеттик. Кээ бир оор сөздөрдү туура жазуу боюнча иш жүргүздүк. Тилчи мугалимдердин баары ачык сабактарды өткөрүштү. Жыйынтыгы баарыбызды кубандырды.

Ширин РАХМАТОВА, кыргыз тил жана кыргыз адабияты мугалими:

 — Негизги максатым — унутта калып бара жаткан нерселерди эстетүү, таанытуу, билбегендерин билгизүү болчу. Андыктан “Кыргызфильмдин” казынасында сакталып турган тасмаларды көрсөтүүнү көздөдүм. Азыркы жаштар илгерки кинолорду көрүшпөйт. Андыктан чыгармаларды, жазуучуларды, белгилүү инсандарды таанытуу болчу. Сабакка койгон максатыма жеттим. Балдар буга чейин таймаш болоорун билгени менен кандай суроолорду даярдаганымды билишкен эмес. Таймашта буга чейинки өтүлгөн темалар да болду жана мектептен окуп-үйрөнгөн темалар дагы камтылды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Наргиза ДААНАЕВА, Салия ЖЫЛДЫЗБЕК кызы, кабарчылар

 

Бөлүшүү

Комментарийлер