12 жылдыкты колдойлу

  • 31.03.2025
  • 0

Билим берүү ар бир өлкөнүн келечегин аныктаган негизги факторлордун бири болуп эсептелет. Ошондуктан өлкөнүн жаш муундарын билимдүү кылып тарбиялоо мамлекеттин стратегиялык багыттарынын бири. Бүгүнкү күндө Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жатат. Бул дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кошулуунун маанилүү маселелеринин бири экенин баса белгилей кетмекчимин. Бул процесс коомчулукта көптөгөн суроолорду жана талкууларды, кээ бир учурларда айрым бир кайчы пикирлерди жаратууда.

Адегенде эле эмне үчүн 12 жылдык билим берүүгө өтүү зарыл деген суроого жооп берели. Буга республикабыздын көптөгөн жарандары, анын ичинде педагог кесиптештерим дагы ушул күнгө чейин өз пикирлерин келтирүүдө. Мен дагы кесиптештерим катары эле 12 жылдыкка өтүү маселесин колдойм. 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн илимий проблемалары тууралуу тегерек столдорду уюштурууну биздин Ала-Тоо эл аралык университетинен баштап, бир нече отурумдар уюштурулуп, талкууга катышкан кесиптештерибиздин ой-пикирлери биздин Alatoo Academic Studies журналынын 2024-жылдагы №3 санына жарыяланган.

Бул реформа жөн гана окуу жылын узартуу максатында ишке ашырылган жок. Ал дүйнөлүк билим берүү стандарттарына ылайык жүргүзүлүүдө. Европа, Америка Кошмо Штаттары, Азия мамлекеттеринин көбүндө окуу мөөнөтү 12 жылды түзөт, бул окуучуларга тереңирээк билим алууга жана заманбап талаптарга даяр болууга шарт түзөт. Демек, дүйнөлүк тенденция ушул жолго бараткандан кийин, биз дагы артка калбашыбыз керек.

Бир маанилүү өзгөрүүлөрдүн ичинде – «0-класстын» 1-класс деп аталышы. Мында окуучулар мурдагыдай эле 16-17 жашында мектепти бүтүрүшөт. Эмне себептен алты жаштан баштап мектептик билим берүү башталышы керек экендигин дагы көптөгөн эл аралык тажрыйбалар тастыктап келүүдө. Азыркы жаңы муун мурдагы жаш
муундан таптакыр айырмаланып турат. Заманбап балдар, өзгөчө Z жана Альфа муундары билимди тез кабыл алат, бат жаттайт жана санариптик чөйрөгө оңой ыңгайлашат. Алар мурдагы жаш муунга караганда, мектепте окуп билим алуу-га даяр муун. Ымыркай кезинен баштап эле мобилдик түзүлүштөр менен аралашып, алардын мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүп алып жатышат. Ал эле эмес, ошол ымыркай балдарды терезеге алып барып, көчөнү көрсүн десең, терезени экран катары сезишип, аны колдору менен жылдырууга аракет кылышат. Үйдөн канчалык кыргызча сүйлөшкөнүбүз менен, балдарыбыздын, неберелерибиздин тили орусча, англисче чыгып жатат. Албетте, тил маселеси башка маселе, айтайын дегеним, балдардын мектепке даярдыгы тездик менен өсүп жаткандыгы. Мындан, балдарды билим берүүгө даярдоо эмес эле билим берүү системасын санариптик муунга ыңгайлаштыруу деген чоң проблема жатканын көрүүгө болот.

Психологдор жана педагогдор эрте жаштан окутуунун артыкчылыктарын баса белгилешет. Анткени азыркы муун маалыматты тез жана эффективдүү өздөштүрөт, жаңы билимдерге тез ыңгайлашат. Азыркы муун келечекте эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү болушат. Ошондуктан билим берүүнүн эрте башталышы балдардын интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүп, аларга жаш курагына карабастан ийгиликке жетүүгө шарт түзөт.

12 жылдыкты	колдойлу

Кыргызстан бул реформага даяр эмес деген пикирлерди угуудабыз. Айрым адамдар мектептер даяр эмес деп дагы айтышууда. Бирок чындыгында, билим берүү тармагы бул өзгөрүүлөргө бир нече жылдан бери даярданып келет. Акыркы жылдарда эле мектептер тездик менен салына баштады. Мугалимдер квалификацияларын жаңы усулдар боюнча жогорулатууда. Акыркы эки жылдын ичинде эле Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргызстандын 58000ден ашык мугалими санариптик сабаттуулук боюнча тренингден өтүп, алган билимдерин өз предметтеринде ийгиликтүү колдонууда. Мектепке чейинки билим берүүгө тартылган балдардын үлүшү 40%дан ашты. Бул жакшы өсүш. Беш-алты жыл мурун эле бул көрсөткүчтү 17%дан 22%га араң көтөргөн элек. Жакынкы келечекте эле бул көрсөткүч 100%га жакындайт деген үмүтүбүз чоң.

Албетте, бул проблема бүгүн же эртең эле чечилип калат деген ойдон алыс болуу керек. Бул реформа көбүрөөк ресурсту, убакытты жана колдоону талап кылат. Бул маселеде жалаң эле тескери жагдайларын таап чыгып, анын негизинде бул реформаны жокко чыгарууга чакырык таштоо туура эмес. Колдон келишинче ата-эне дагы, педагогикалык жамаат дагы, жалпы коомчулук биргелешип, бул реформага колдоо көрсөтүү зарыл. Кандайдыр бир кемчилик же көйгөй табылса, аны ааламга чейин кыйкырык салбай демилгени жокко чыгаруунун ордуна, аны чечүүнүн жолдорун издейли. Бул маселеде бардыгыбыз министрдин демилгесине, министрликтин жасап жаткан иш-аракеттерине жапа тырмак колдоо көрсөтүүбүз зарыл.

Жыйынтыктап айта кетүүчү нерсе, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү – бул Кыргызстан үчүн билим берүү тармагындагы маанилүү жана зарыл кадам. Бул өзгөрүү окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген билим берүүнү камсыз кылууга жардам берет. Заманбап балдар бат үйрөнүү, санариптик технологияларды тез өздөштүрүү жана креативдүү ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ. Бул реформа дал ушул өзгөчөлүктөрдү эске алып түзүлгөн. Албетте, бардык реформалар кыйынчылыктарсыз өтпөйт. Бирок узак мөөнөттүү келечекте 12 жылдык билим берүү – биздин өлкөбүз үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бул кадам ар бир кыргызстандык балага сапаттуу билим алууга шарт түзүп, келечектеги карьерасына күчтүү негиз берет.

12 жылдыкты	колдойлу

 

 

 

 

Салидин КАЛДЫБАЕВ, профессор, педагогика илимдеринин доктору, билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер

Бөлүшүү

Комментарийлер