12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ҮЧҮН КҮРӨШ
- 25.06.2026
- 0
Кыргызстандын билим берүү тармагында эң масштабдуу өзгөрүү — 12 жылдык мектеп моделине өтүү процесси кызуу жүрүп жаткан кез. Бул кадам улуттук билим берүү саясатынын келечегин аныктоочу стратегиялык маселе болуп саналат. Дал ушул себептен, реформанын тегерегиндеги эксперттик талкуулар улам курчуп, коомдо ар кандай суроолорду жаратууда. Кечээ жакында эле экс-министрлер И.Болжурова менен К.Шаршекеева билим тармагында жүргүзүлүп жаткан тарнсформацияга өз пикирлерин айтып, жазып чыгышты. Төмөндө алардын жеке көз караштарына азыноолак саресеп салып көрөлү дедик.
Эволюциялык жол жана реформанын темпи
Бул процесстин маңызын, тобокелдиктерин жана келечегин терең түшүнүү үчүн өлкөнүн билим берүү тармагын ар кайсы жылдарда жетектеген Ишенгүл Болжурова менен Камила Шаршекееванын позицияларын Агартуу министрлигинин биринчи этапта аткарган реалдуу иштери менен бир агымда, ирээттүү аргументтердин негизинде талдап көрүү зарыл. Ар кандай масштабдуу реформанын ийгилиги анын башталган темпинен жана даярдык убактысынан түздөн-түз көз каранды.
Мурдагы билим берүү министри, белгилүү окумуштуу Ишенгүл Болжурова 12 жылдык тутумдун стратегиялык зарылдыгын тааныйт жана колдойт. Мындай өзгөрүүлөр коңшулаш өлкөлөрдө да болуп жатканына мындайча токтолот: “Билим берүүнүн сапаты көйгөйү бир гана Кыргызстан үчүн эмес, Казакстан, Өзбекстан же Россия сыяктуу бардык КМШ өлкөлөрү үчүн да актуалдуу. Бул мамлекеттердин билим берүү тутумдарын талдоо контекстинде Казакстан да 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнү пландаганын белгилесе болот. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен, Россия да келечекте ушундай реформаны киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырышы мүмкүн деп болжолдоого болот».
Экс-министр ошондой эле ар кандай масштабдуу өзгөрүү улуттук реалдуулукка ылайыкташып, этап-этабы менен, эволюциялык жол аркылуу жүрүшү керектигин баса белгилеп өтөт. Ушундан улам реформанын сапатына жана темпине кабатыр оюн билдирет.
Анын негизги аргументи — жаңы стандарттарды жалпыга бирдей киргизүүдөн мурун, аларды практикалык текшерүүдөн өткөрүүчү эң маанилүү пилоттук этаптын (кеминде бир жыл убакыт) өткөрүлүп жиберилгени.
“12 жылдык тутумду ийгиликтүү ишке ашыруу жаңы мамлекеттик стандарттарга өтүүнү гана эмес, узакка созулган адаптация (көнүгүү) мезгилин да талап кылат. Көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, эреже катары, жаңы билим берүү программаларын киргизүү аймактардагы пилоттук мектептерден башталат. Ал жерде жаңы окуу материалдарын окуучулар менен педагогдордун кабыл алуусу, анын мазмундук бөлүгү дыкат талданып, көзөмөлгө алынат. Бул процесс абалга мониторинг жүргүзүү, өзгөрүүлөрдү киргизүүнүн сапатын баалоо, педагогдорду колдоо жана окуучулардын кабыл алуусун байкоо үчүн кеминде бир жыл убакытты алышы мүмкүн эле. Тилекке каршы, 12 жылдык тутумга өтүүдө бул этап өткөрүлүп жиберилди. Бул ички гана эмес, тышкы факторлордун, анын ичинде эл аралык уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн каржылык колдоонун таасирине байланыштуу болсо керек»,- дейт экс-министр “Восточный Экспресс 24” басылмасына берген маегинде.

Эл аралык тажрыйбаны жана модернизациялоону жигердүү колдоп келген Камила Шаршекеева дагы өз кезегинде Агартуу министрлигинин заманбап жаңылануу жараянын кубаттайт. Мындай маселени убакыттын глобалдык чакырыгы катары карайт. Санариптештирүү доорунда реформаны создуктуруп, пилотторду күтүп отуруу — өнүгүү көчүнөн биротоло артта калуу деген контр аргумент келтирет.
“Бирок артка жол жок, эгерде биз башка өлкөлөрдөн дагы көбүрөөк артта калууну каалабасак, өзгөрүүлөрдү жасашыбыз керек. Ошондуктан, биздин көз карашыбызда, КР Агартуу министрлигинин жетекчилигин, мектеп директорлорун жана мугалимдерди реформанын эң маанилүү аспектилерин ишке ашыруудагы аракеттеринде колдоо зарыл”,-деп жазат К.Шаршекеева.
“Билим берүүнүн 12 жылдык моделине өтүү — бул глобалдык эмгек рыногунун талабы жана жасалма интеллекттин (ЖИ) тездетилген интеграциясы, 50дөн ашык кесиптердин жоголушу жана күтүлүп жаткан тоталдык жумушсуздук менен шартталган качууга мүмкүн болбогон процесс. Кыргызстанда бул моделге өтүү этап-этабы менен ишке ашырылып жаткандыгы абдан маанилүү. Бул оңой эмес милдет. Окуу пландарын кайра карап чыгуу зарыл: кайсы предметтер кандай тартипте окутуларын аныктоо жана ар бир предметке канча убакыт бөлүнөрүн түшүнүү керек. Бардык окуу материалдары логикалык ырааттуулукта иреттелип, бөлүштүрүлүшү тийиш”.
Биринчиден, он жылдан ашуун убакыттан бери заманбап жанылануу зарылдыгы далай айтылган менен алдыга жылыш болбой келди. Башкы себеби, чечкиндүү аракеттин жоктугунда болду. Мурдагы министрлер алдыга жарым карыш жасагандан коркуп, натыйжада өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деген арабөк жылдар өттү. Догдуркүл Кендирбаева чечкиндүү киришип, президент Садыр Жапаров ишеним көргөзүп, колдоого албаганда, дале эскирген системаны жөлөп-таяп коюп отура бермекпиз.
Экинчиден, И. Болжурова түкшүмөл белгилеген эл аралык уюмдардын каржылык таасири дээрлик жокко эсе болгонун айта кетели. Анткени, реформага керектүү каржылык ресурстардын баары мамлекеттин өзүнүн казынасынан жумшалды. Анын ичинде заманбап мектептерди курууга, жаңы муундагы окуу китептерди чыгарууга, мугалимдерди жаңы көндүмдөргө окутууга, санарип технологияларды окуу процессине киргизүүгө миллион-миллиарддаган акча салынды. Азыр мурдагыдай донорлордун көзүн карап отурган заман эмес, экономика өсүп өнүгүп, казынада каражат жетиштүү топтолууда.
Үчүнчүдөн, Агартуу министрлиги реформаны революциялык жол менен эмес, этап-этап менен ишке ашырууда.. Бир жыл даярдоо этабы жүрдү. Мамлекеттик билим берүү стандарты, программалар жаңыланды. Өнүккөн өлкөлөрдүн эң мыкты тажрыйбасы менен байытылган улуттук жаңы муундагы окуу китептер жазылып, текшерилип, басмага берилди. Рекорддук кыска мөөнөттө он миңдеген мугалимдер жаңы стандарттар боюнча окуп чыгышты.
Кадрларды кайра даярдоо жана санарип трансформация
Министр реформанын ийгилиги кагазда эмес, мугалимдин даярдыгында экенин терең түшүнүп, профессор И. Болжурова кабатыр болуп жаткан кадрларды кайра даярдоону болуп көрбөгөндөй тез жана масштабдуу тартипте уюштурду. Анын демилгеси менен кыска убакыттын ичинде миңдеген мугалимдер заманбап усулдар жана жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча тренингдерден өтүштү. Бул реформанын практикалык пайдубалын түптөөдөгү эң маанилүү кадам эле.
Д. Кендирбаева айылдык мектептердин маалыматтык изоляцияда калуу тобокелдигин алдын алуу үчүн заманбап санариптик инструменттерди жигердүү киргизди. Анын жетекчилиги астында усулдук материалдардын, жаңы окуу программаларынын электрондук базасы түзүлүп, мугалимдер үчүн онлайн платформалар ишке кирди. Бул кадам борбор менен аймактардын ортосундагы маалыматтык ажырымды кыскартууга чоң өбөлгө түздү.
-Мугалимдерди окутуу 2024-жылы эле башталган. 2024-жылы август айында эл аралык тренерлер 88 мастер-тренерди даярдап, алар республика боюнча математика жана илим деген эки багытта окуу жылы ичинде 15 880 мугалимди окутту. Ал эми 2025-2026-окуу жылында педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу эки багытта ишке ашты: Биринчиси, 12 жылдык билим берүүгө өткөн класстардын жана предметтердин мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу. 2025-2026-окуу жылынды 1-2-класстардын, 5-, 7-класстардын математика, табият таануу, 3-9-класстардын англис тил окуу китептери басылып чыкты. Бул багытта 2025-жылдын августунда 485 мастер-тренер даярдалып, алар алгач жеринде көзмө-көз (офлайн), андан кийин онлайн форматта тренингдерди өтүштү. Мугалимдерди методикалык колдоо жыл бою жүргүзүлдү. Экинчиси, 12 жылдык билим берүүгө өтпөгөн педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу. Ушул өзгөрүүлөрдү эске алуу менен кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча бардык 105 программа жаңыланды, 20дан ашык жаңы курстар иштелип чыкты. Республикалык институтта санариптештирүү процесси активдүү ишке ашып, жаңы ustat.edu.gov.kg электрондук порталы ишке кирди. Учурда порталга 68 электрондук модуль жайгаштырылган. Анын 45и менен педагогикалык кызматкерлер өз алдынча курстан өтүп жатышат. Учурда өз алдынча окуп, электрондук сертифиат алгандардын саны 1 177 болду,-дейт РПККЖнын жетекчиси Алмазбек Токтомаметов биз менен болгон маегинде.
Kыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илиминин доктору Aкматали Алимбеков “12 жылдык мектеп келечекке кызмат кылат” аттуу “Кут Билимге” жарыяланган макаласында “Алтын Казык» программасы — нагыз, нукура улуттук долбоор экендигин төмөндөгүчө ырастайт:
“Алтын Казык» программасы — улуттук билим берүү системабыздагы көп жылдан бери топтолуп келген өксүктөрдү тыкыр талдоо менен бирдикте, салттык жана эл аралык тажрыйбаларды айкалыштыруу аркылуу улуттук таламдарга жана эл аралык талаптарга жооп катары иштелип чыккан прагматикалык долбоор. Долбоор жарандык аң-сезими жетик, өз улутунун тарыхы, тили, салттык маданияты менен жуурулушкан, көп түрдүүлүккө толеранттуу, дүйнөлүк илимге өз салымын кошо алган, жаӊы маданиятты курууга даяр жаш муундарды тарбиялоону көзөмөл тутат”.

Изилдөө мониторинги жана практикалык колдоо зарылдыгы
Мектептик билим берүүнү заманбап жаңылоонун негизинен туура жолдо кетип баратканын эксперттик изилдөөлөр да далилдеп жатканын айта кетели.
Агартуу министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Шамшидинова “Билим АКИpress” агенттигине мугалимдердин 12 жылдык моделге өтүү процессин изилдөө мониторинги 18-марттан 28-мартка чейин Google Форма аркылуу анонимдүү түрдө жүгүзүлгөнүн жазат. Мындай формат өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы педагогдордун пикирин чогултууга жана мектептер менен мугалимдердин учурдагы муктаждыктары тууралуу толук маалымат алууга шарт түздү.
«Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 31 122 педагог катышкан бул масштабдуу сурамжылоо мугалимдер коомчулугу реформа процессине жигердүү катышып жатканын көрсөттү. Респонденттердин көпчүлүгүн мугалимдер — күн сайын балдар менен иштешип, класста билим берүүдөгү өзгөрүүлөрдү түздөн-түз ишке ашыргандар түздү.
Изилдөөнүн жыйынтыгы педагогдордун маалыматтуулук деңгээли кыйла жогору экенин көрсөтүүдө. Мугалимдер сабактарды пландаштырууда билим берүү стандарттарын жана окуу программаларын колдонуп жатышат. Бул реформа мектептердин кесиптик күн тартибине кирип, мугалимдер тарабынан билим берүүнү өнүктүрүүнүн маанилүү этабы катары кабыл алынганынан кабар берет. Ошол эле учурда мониторинг мугалимдерге практикалык колдоо керектигин көрсөтүүдө. Педагогдор реформанын максаттарын гана билбестен, жаңы ыкмаларды сабакта кантип колдонууну: окутууну кантип пландаштырууну, функционалдык сабаттуулукту кантип өнүктүрүүнү, компетенттүүлүк мамилени кантип колдонууну, калыптандыруучу (формативдик) жана критерийлик баалоо менен кантип иштөөнү түшүнгүсү келет. Андыктан мындан аркы иштер практикага багытталган квалификацияны жогорулатууга, методикалык материалдарды даярдоого жана жер-жерлерде мугалимдерди коштоп, жардам берүүгө багытталышы керек. Санариптештирүү да маанилүү багыт бойдон калууда. Бүгүнкү күндө педагогдор электрондук платформаларды, анын ичинде «Э-Күндөлүк» жана «Мугалим» АИСин жигердүү колдонушат. Көптөгөн мугалимдер жакшы санариптик көндүмдөргө ээ. Муну менен бирге, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, туруктуу интернет менен камсыздоо, техниканы жаңылоо жана педагогдорду санариптик куралдар менен иштөөгө үйрөтүү маанилүү милдеттер бойдон калууда»,- дейт департаменттин директору. Сурамжылоо көрсөткөндөй мугалимдердин жаңы моделге өтүүдөгү даярдыгы, аракеттери ыкчам экендигинен кабар берет.
Консерватизм менен табигый күрөш
Ар кандай системалык өзгөрүү ири каршылыктар жана психологиялык тоскоолдуктар менен коштолору мыйзам ченемдүү көрүнүш. Догдуркүл Кендирбаева жыл башында «Кут Билимге» берген маегинде миллиондогон адамдарды калыптанып калган социалдык нормалардан жана маданий көндүмдөрдөн заматта жаңы багытка буруу мүмкүн эместигин моюнга алган.
Коомчулукта реформадан тез арада жыйынтык күткөн пикирлерге жооп берип жатып, министр билим берүү системасы тез арада тетигин алмаштырып коё турган курулуш же өндүрүш эмес экенин эскерткен. Бул мазмундук өзгөрүү болгондуктан, анын реалдуу натыйжасы убакытты талап кылат:
“Биз башында айтканбыз, бир жылда биз күткөн фантастикалык жыйынтыкты бербейт деп, анткени бул мазмундук өзгөрүү. Анын үстүнө билим берүүнүн өзгөрүшү бир жылда билинбейт, ал адамдын көндүмүн, алган билимин турмушта пайдалануу ийгиликтүү болушу-болбошу жок дегенде 15-25 жылдык аралыкта билинет…”
Жыйынтыктап айтканда, Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык билим берүү реформасын куру декларация деңгээлинен чыгарып, аны так укуктук алкакка салып, практикалык жана логикалык инструменттер менен камсыз кыла алган чечкиндүү реформатор катары өзүн көрсөтө алды. Анын биринчи этаптагы ишмердиги өлкөнүн билим берүү тутумун дүйнөлүк деңгээлге ийгиликтүү интеграциялоого бекем негиз салды.
Эки экс-министрдин бирин-бири толуктаган аргументтерин жана Агартуу министрлигинин биринчи этаптагы практикалык кадамдарын бирдиктүү агымда талдоо көрсөткөндөй, 12 жылдык реформа — бул консерватизм менен заманбап реформачылдардын ортосундагы табигый күрөш десек болчудай. Глобалдык тррансформация жүрүп жатканда аттуу-баштуу ишмерлердин четте байкоочу болуп туруп албай, өз позициясын айтып чыкканы колдоого аларлык. Ошол эле учурда ар бир башталган зор иште сөзсүз кемчиликтер болоору мыйзамченемдүү көрүнүш. Кеп ага жамынып, жарабайт деп четке какпай, аны бара-бара оңдоп, түздөп кетүүдө турат.
Ал эми Агартуу министрлигинин 12 жылдык билим берүүгө өтүүдөгү биринчи этабынын жыйынтыктарын коомчулук жакшы кабыл алып, үмүт артып турган убагы. Башталган реформанын чыныгы үзүрүн коомчулук жакынкы жылдарда, бул тутумдун алгачкы бүтүрүүчүлөрү эл аралык аренада өз ордун тапканда гана баалай алат деп ойлойбуз.
Майрамбек ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”
Комментарийлер