12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: МИНИСТРДИН ЖООБУ
- 16.05.2025
- 0
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева коомчулук, мугалимдер менен кездешип, билим берүүдөгү өзгөрүүлөр боюнча суроолорго жооп берүүдө. Айрымдарына көңүлүңүздөрдү бурабыз.
— Догдуркүл Шаршеевна, окуу программасына азыркы замандаштарыбыздын (акын, жазуучу, төкмө акындар) чыгармаларынан көбүрөөк кошуп берсеңиздер?
— 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүү алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде предметтик стандарттардын, анын ичинде адабият предметинин предметтик стандарттарын кайра иштеп чыгуу менен заманбап талаптарга жана чакырыктарга жооп берген жаңы мазмундук өзгөртүүлөрдү киргизүүлөр күтүлүүдө.
Кошумча билдирсек, буга чейин деле азыркы замандын акын, жазуучу, төкмө акындардын чыгармалары предметтик стандарттарда жетишерлик деңгээлде орун алып келген.
— География, физика, химия, биология сабактары интеграцияланып «Илим» сабагы болуп кирип жатат. Бул төрт предметти окуткан мугалимдер жумушсуз калып калбайбы деген кооптонуу бар?
— Дүйнөлүк практикада география, физика, химия, биология предметтери комплекстүү «Илим» предмети болуп өтүлүп, бир эле мугалим сабак берет.
Кыргыз Республикасынын мектептери үчүн Базистик окуу планында жогоруда аталган төрт предмет табигый-илимий билим берүү тармагына бириктирилген. 12 жылдык мектептик билим берүү системасына этап-этабы менен өтүүдө, баштапкы учурларда бул предметтерди өз алдынча предметтик мугалимдер өтөт.
Келечекте мугалим кошумча билим алып, кайра даярдоодон өтсө (мисалы, биология/химия, физика/химия ж.б.), бул предметтер боюнча сабак өтүү укугуна ээ боло алат.
— Химия, биология, физика, сабактарына лабораторияга 12 жылдыкка жооп бере тургандай жабдыктар болобу?
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 402-т тескемеси менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнүн 12 жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планына ылайык, республиканын бардык жалпы билим берүү мектептеринин жогорку класстарынын окуу кабинеттерин профилдик окуу программаларын ишке ашыруу үчүн тийиштүү окуу жабдуулар менен камсыздоого республикалык бюджеттен атайын финансылык каражат каралган.
— Базистик программага өзгөртүү киргизсе болобу? Дене тарбия сабагы 2 саат жумасына, ал эми заманбап сабактар (химия, физика, технология) 1 сааттан? STEM предметтеринде эмне үчүн сааттар аз?
— 11 жылдык мектептин Базистик окуу планы алты билим берүү тармагынан (филологиялык, математикалык, социалдык, табигый-илимий, искусство жана технология, ден соолук маданияты) түзүлгөн. Анын ичинен беш билим берүү тармагынын окутуу максаттарынын бири окуучу балдардын акыл-эс сабаттуулугун, функционалдык көндүмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган.
Ал эми Базистик окуу планында каралган окуучу балдардын физиологиялык ден соолугун камсыздаган жалгыз Дене тарбия предмети — 1-класстан 11-класска чейин өтүлүп, ар бир класс үчүн 1 жумалык жалпы сааттык жүктөмү 2 академиялык саатты түзөт.
12 жылдык мектептик билим берүү үчүн даярдалып жаткан Базистик окуу планынын долбоорунда табигый-илимдер предметтерин окутуу линейкасы «Мен жана дүйнө» предмети аркылуу 1-класстан башталып 5-класска чейин, андан кийин табигый-илимдер предметтери аркылуу 12-класска чейин уланат. Эгер мурда «Мен жана дүйнө» предмети 1-класстан 5-класска чейин жалпы 10 саат болсо, жаңы системага өтүүдө 1-класстан 5-класска чейин бул предметтин сааты 60 пайызга көбөйдү.
Андан тышкары, математика жана табигый-илимдер багытта окуу китептери сатылып алынып, негизги акцент STEM чөйрөсүнө бурулуп жатат. Демек, математика жана табигый-илимий билим берүү тармагынын предметтери боюнча окуу сааттары жетишпейт деп кооптонууга негиз жок.
— Башталгыч класстын мугалимдери 6-класска чейин сабак беришеби?
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 654 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясына» ылайык, 5-6-класстарда окуучулар кыйла өз алдынча болуп, өздөштүрүлүп жаткан материалдын олуттуу көлөмүн кабыл алууга даяр болуп калат. Окуучуларды 1-класстан баштап окуткан мугалимдин класс менен иштөөсү улануу менен предметтик педагогдорду тартуу аркылуу предметтик окутуу башталат деп аныкталган. Мугалим кайсы предметтерди окутууну уланта тургандыгы – аны менен мектептин ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.
— Тарых, Диндердин өнүгүү тарыхы сабактары кандай болот? Тарых сабагы 5-класстан башталат, ал эми Диндердин өнүгүү тарыхы сабагы жумасына 1 саат.
— 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүүдө «Кыргыз, дүйнө тарыхы» жана «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметтери интеграцияланып, «Тарых» предмети деп аталып, 6-класстан баштап 12-класска чейин окутулаары пландалып жатат.
— Толук эмес 9 жылдык орто мектеби 12 жылдык окутууга кантип өтөт?
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 654 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясына» ылайык 12 жылдык мектептин (6+3+3) модели сунушталып, анда кошумча окуу жылы башталгыч деңгээлине киргизилет жана мектептик билим берүү системасына алты жаштагы балдар тартылат. Мындай ыкма 100% алты жаш курагындагы балдарды мектепке даярдоо программасы менен камтуу аркылуу 1-класстан баштап эле алардын билим деңгээлин теңдөө көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, мектепке балдарды алты жаштан баштап кабыл алуу балдар бакчаларда бошогон орундарга 4-5 жаштагы балдарды 60 пайыздан көбүрөөк камтууну камсыз кылып, алардын когнитивдик, социалдык жана чыгармачылык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
6+3+3 модели төмөнкү деңгээлдерге бөлүүнү болжолдойт:
— башталгыч жалпы билим берүү – 1-6-класстар (6-11 жаш);
— негизги жалпы билим берүү – 7-9-класстар (12-14 жаш);
— орто жалпы билим берүү – 10-12-класстар (15-17 жаш).
Демек, толук эмес 9 жылдык орто мектеби дагы 6 жаш курагындагы балдарды (2019-жылы туулгандар) мектепке даярдоо программасы менен окутуу үчүн 1-класстан баштап кабыл алат.
Негизги жалпы мектеп (7-9-класстар) деңгээлинде окутуунун узактыгы кыйла азаят (3 жыл) жана окутуунун багытында дифференцияланган ыкмага көбүрөөк көңүл бурулат.
Билим берүүнүн бул деңгээлинде айрым предметтер (математика, физика, тилдер) ар түрдүү класстардын окуучуларынын агымы түрүндө деңгээлдик негизде (негизги жана алдыңкы курстар) ишке ашырылышы мүмкүн. Кыйла төмөн деңгээлдеги жылдык программаны ийгиликтүү аяктаган учурда окуучу кийинки жылы кыйла жогорку деңгээлдеги программага өтө алат.
9-класста окуучуларга жогорку мектепте окутуунун багытын тандоого мүмкүндүк берет. Окуунун аягында окуучулар аларга андан аркы билим берүү траекториясы жөнүндө чечим кабыл алууга жардам берүүчү кесипке багыт берүүчү тесттерди аткара алат. Ошону менен негизги жалпы мектепте окутуунун натыйжасы 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө өз каалоолору боюнча орто жалпы мектепте билим алууну улантуу же башталгыч/орто кесиптик билим берүү уюмдарына өтүүгө мүмкүндүк берет.
— 480 сааттык программа менен иштеген мугалим кийинки класстарга сабак бере алабы?
— «Наристе. 480 саат» мектепке даярдоо программасы 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүүдө 1-класстарга ылайыкталып, кошумча материалдар аркылуу өстүрүү менен трансформациялангандыгына байланыштуу башталгыч класстын мугалимдери өтөт жана мугалим кайра даярдоодон өткөн учурда башталгыч жалпы билим берүүнүн кийинки класстарында сабак берүүгө укуктуу.
— 10-11-12-класстарда кесиптик багыт кандай болот? Кадрдык саясат жана материалдык-техникалык база кандай болот?
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 402-т тескемеси менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнүн 12 жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планына ылайык, ушул тапта мектептердеги (алдын ала) кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу алдында турат. Жогоруда аталган Концепцияда каралгандай, 10-11-12-класстарда окуусун улантууну каалаган жогорку класстын окуучуларын мектептик билим берүү программалары менен катар, кошумча (алдын ала) кесиптик билим берүү менен камтуу каралган. Тактап айтканда, өтө чоң көлөмдөгү жабдуу, куралдарды талап кылбаган, жөнөкөй жумушчу кесиптерге окутуу пландаштырылган. Жогорку класстын окуучулары сунушталган кошумча жумушчу кесиптердин негиздерин үйрөнсө, тиешелүү көндүмдөрүн турмуш тиричилигинде пайдалана алат. Мисалы: чач тарач, ашпозчу, тигүүчү, компьютердин колдонуучусу, тырмак жасалгалоочу ж.б. күнүмдүк турмушта пайдалана турган кесиптерге үйрөтүү каралып жатат. Башында 10 (алдын ала) кесипке окутуу программалар каралып, азыркы учурда алардын саны 20дан ашты.
Министрликтин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы азыркы учурда ушул кошумча (алдын ала) кесипке даярдоо программалары, стандарттары, кадрлар жана окуу куралдары менен камсыздоо, мектеп менен кесиптик лицейлердин байланышы боюнча маселелерди мыйзамдаштыруу жаатында иштеп жатышат.
— Тарбиялык саат жүктөмгө батпайт. Кандай кылабыз? Мурда тарбиялык саат Адеп сабактары болгон. Пайдасы чоң эле. Эми кантебиз?
— Азыркы учурда «Адеп» предмети 1-4-класстарда «Мен жана дүйнө» предметине жана 5-11-класстарда «Адам жана коом» предметине интеграцияланып окутулуп жатат. 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүдө бул интеграцияланган предметтер калтырылып, билим берүү мазмундары кеңейтилип, жаңыртылууда.
— 3-9-класска чейин англис тили китеби берилсе, 10-11-класста кандай китеп менен окутабыз?
— 2025-2026-окуу жылында “Англис тили” предмети боюнча окуу-методикалык комплекстер 3-9-класстар үчүн басылууда. Ал эми учурда “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемеси тарабынан 10-11-класстар үчүн окуу-методикалык комплекстерди колдонуу үчүн лицензия сатып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
— Математика китеби толук жаңыланабы? Же ушул учурга чейин колдонулуп келген окуу китептерин айкалыштырып колдонобузбу?
— Айкалыштырылып колдонулат. Быйылкы окуу жылында “Математика” предмети боюнча адаптацияланган окуу китептери менен 1-, 2-, 5-, 7-класстар камсыздалат.
— Улуттук мектептерге жаңы окуу китеби кайсы тилде берилет?
— Жаңы окуу-методикалык комплекстери менен окутуу төрт тилде (кыргыз, орус, өзбек жана тажик) жүргүзүлгөн бардык мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдары камсыздалат.
— Башталгыч класстын окуучуларына китеп менен бирге планшет колдонууга уруксатпы? Сумкалары өтө оор.
— Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (азыркы Агартуу министрлиги) тарабынан бекитилген нормативдик-укуктук актыларга ылайык, башталгыч класстарда планшетти окуу китептери менен катар колдонууга расмий уруксат берилген эмес. Окуу процесси мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жүргүзүлүп, негизги окуу каражаты катары басма түрүндөгү китептер колдонулат.
Ошол эле учурда, министрлик окуучулардын жүктөмүн азайтуу максатында бир катар чараларды караштырып жатат. Анын ичинде мектептерде окуу куралдарын сактоону уюштуруу жана келечекте санариптик ресурстарды этап-этабы менен киргизүү маселеси да каралууда.
Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер