БИЗГЕ КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК ЖҮКТӨЛДҮ

  • 19.08.2025
  • 0

Быйыл Республикалык педагогдордун август форуму Ош шаарында болуп өттү. Жети дубандан келген конокторго шаарыбыздын билим берүү тармагындагы жетишкендиктери чагылдырылган чакан көргөзмө уюштурулду. Мындан ары салтка айланган педагогдордун август форуму көчмө форматта, ар облуста уюштурулат деген демилге өзгөчө жакты.

БИЗГЕ КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК ЖҮКТӨЛДҮ

 

Анткени бул — мугалимдер үчүн тажрыйба алмашуучу, бири-биринен үйрөнүүчү аянтча болуп берет. Бир эле мисал, мен турган орун Ош шаарынын окуучуларынын спорттогу жетишкендиктерин жана мыкты мугалимдердин усулдук кутучуларын камтыйт. Мугалимдер келип портфолиолорубузду барактап көрүп, сабак иштелмелерибиз менен таанышып, арасында сүрөткө да тартып алып жатышты. Биз бөлүшүүгө ар дайым ачыкпыз.

БИЗГЕ КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК ЖҮКТӨЛДҮ

Конференциянын жүрүшүндө билим берүү, андагы мугалимдин орду, жаңылануулар тууралуу сөз болду. Президентибиз Садыр Нуркожоевич түз эфирден жалпы мугалимдер коомчулугун куттуктап, ошону менен бирге сапаттуу адам капиталын даярдоодогу биздин жоопкерчилигибизди баса белгилеп өттү. Азыр биздин алдыбызда чоң жоопкерчилик турганын ар бир мугалим жүрөгү менен сезип турат болушу керек деп ойлойм.

Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүү менен дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграцияланып жатат. Бул – санды өзгөртүү эмес. Бул – мазмунду, ыкмаларды, көз карашты өзгөртүү. Эми окуучу билимди эстеп калуучу эмес, аны колдонуп, түшүнүп, турмушунда пайдалана ала тургандай болушу керек. Бул – биринчи кезекте бизден, мугалимдерден дагы да башкача мамилени, жаңыча сабак берүү ыкмаларын талап кылат.

Америкалык педагог Джон Дьюи айтмакчы: “Эгер биз бүгүнкү окуучуларды кечээги ыкмалар менен окута берсек, анда алардын эртеңин уурдаган болобуз”.

БИЗГЕ КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК ЖҮКТӨЛДҮ

Андыктан кесиптештериме жаңы окуу жылында жаратмандыкты, билим берүүдөгү өзгөрүүлөргө ийкемдүүлүктү, коомду өзгөртүү менин колумда деген кайраттуулукту каалайм. Бүгүнкү болуп жаткан реформалар дагы 20-30 жылдан кийин жемишин берет. Ошол кезде келечек муундун алдында жүзүбүз жарык болсо экен деп тилек кылам.

Назгүл КАНЫБЕКОВА, ОшМУнун “Билим” окуу-тарбия комплексинин математика мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер