12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ КЕЛЕЧЕКТЕГИ КЕСИПТИ ТАНДООГО ШАРТ ТҮЗӨТ
- 07.04.2025
- 0
Кыргызстандын мектептеринде жогорку класстардын окуучулары үчүн профилдик окутуу киргизилип жатат. Анын негизги максаты – окуучуларды кесиптик ишмердүүлүккө даярдоо жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болуусун камсыздоо. Бул жаатта мугалимдердин тынчын алып жаткан суроолорго Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Асыл ДОТУЕВА жооп берет.
— Профилдик окутуунун жана жумушчу кесиптерге үйрөтүүнүн артыкчылыктары эмнеде?
— Практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү: Жумушчу кесиптерге үйрөтүү практикалык даярдыкты камтыйт. Бул окуучуларга теориялык билимди практикада колдонууга жана келечектеги кесипке керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жардам берет.
Кесип тандоонун көбөйүшү: Профилдик окутуу окуучуларга өз кызыгуусу жана жөндөмдүүлүгүнө ылайык багыттарды тандоого мүмкүнчүлүк берет. Бул келечектеги кесипти аң-сезимдүү тандоого шарт түзөт.
Жаштар арасындагы жумушсуздукту азайтуу: Түрдүү тармактар боюнча квалификациялуу адистерди даярдоо жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берет, анткени бүтүрүүчүлөр эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдөргө ээ болушат.
Экономикалык өсүшкө түрткү берүү: Жумушчу кесиптерге үйрөтүү экономиканын негизги тармактарынын өнүгүшүнө салым кошот. Бул өз кезегинде экономикалык өсүшкө жана өлкөдөгү жашоо сапатынын жогорулашына алып келет.
Билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча демилгени колдоо: Профилдик окутууну киргизүү – Кыргызстандагы билим берүү системасын модернизациялоо боюнча жалпы стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат. Анын максаты – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана заманбап стандарттарга шайкеш келтирүү.
Демек, профилдик окутуу Кыргызстандын мектептеринде жаштарды келечектеги кесиптик жашоого даярдоодо маанилүү ролду ойнойт жана коомдун өнүгүшүнө жалпы түрдө салым кошот.
— 10-12-класстарда кесипке даярдоодо мектептердин материалдык-техникалык базасы даяр болобу? Мисалы, тигүүчү машина, айдаганды үйрөнгөнгө техника, поварды тандагандарга инвентарь жана башкалар?
— Билим берүү жана илим министрлиги методикалык коштоону ишке ашыруу менен кесиптик лицейлерде окутуунун сапатын жакшыртууга активдүү көмөк көрсөтөт. Заманбап методикаларды киргизүү жана окуу программаларын жаңыртуу билим берүү процессинин актуалдуулугун жана анын заманбап эмгек рыногунун талаптарына шайкештигин камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет, анткени лицейлердин бүтүрүүчүлөрү курулуш, маалыматтык технологиялар, жеңил өнөр жай, коомдук тамактануу, тейлөө жана башка тармактарда талап кылынган квалификациялуу кадрлар болуп калышат.
Башталгыч кесиптик бардык билим берүү уюмдарында ар түрдүү кесипке багытталган сапаттуу билим алууга шарттар түзүлгөн. Ошондой эле, материалдык-техникалык базалары заманбап жабдуулар менен жабдылган.
— 12 жылдык билим берүүнүн максаты — жогорку класстардагы атайын кесиптик багыттарга көбүрөөк көңүл бурулуп, атайын ар кандай кесип ээлери даярдалып чыгат эмеспи. Бүтүрүүчүлөр кесиптер боюнча атайын документ алышабы?
— Азыркы учурда башталгыч кесиптик билим берүү системасынын окуу жайларында профилдик окутууну киргизүүнү даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Орто мектептердин жогорку класстарынын окуучуларын профилдик окутуу үчүн сунуш кылынган 76 квалификациядан турган кесиптердин тизмеси түзүлдү.
Профилдик окутууну аяктагандан кийин орто мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына тиешелүү кесиптик квалификация ыйгарылат жана мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет.
— Эгер студент кесиптен кескин түрдө баш тартса ашпозчу, тигүүчү, чач тарач, мындай учурда эмне кылуу керек?
— Азыркы учурда мектеп окуучулары үчүн профилдик окууга 70тен ашуун кесип сунуштайбыз. Профилдик окуу үчүн кесиптер: Имараттарды жасалгалоо боюнча устаты; кургак курулуш боюнча устаты; слесарь- сантехник; маалыматтык технологиялар коопсуздугу боюнча адис; маалымат базалары боюнча адис; графикалык дизайнер; автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь; кийим кесүүчү; тигүү жабдууларынын оператору; тикмечи; кестечи (вышивальщица); басма жабдууларынын оператору; китеп чогултуу боюнча адис (переплетчик); ашпозчу-кондитер; тез даярдалуучу тамак тармагынын кызматкери; официант-бармен; нан жана камыр азыктарын даярдоочу; туристтик маршруттардын коштоочусу; айыл чарба өндүрүшү боюнча устачы (фермер); мал чарбачылыгы боюнча устачы (фермер); токой чарбачылыгы боюнча устачы; визажист; компьютер жана кеңсе техникасын оңдоо жана тейлөө боюнча устачы; мобилдик телефон, смартфон жана планшетти оңдоо жана тейлөө боюнча устаты; бакча-парк жана ландшафт курулушу боюнча устаты; мобилдик телефон, смартфон жана планшетти оңдоо жана тейлөө боюнча устаты; чачтарач жана тырмак сервиси боюнча устаты.
— 12 жылдык окууда окуучулар кесипке ээ болуп чыгышат деп жатат. Кесипке ээ болгон окуучулар жумуш менен камсыздалабы? Ким жумуш берет?
— “Алтын Казык” программанын негизги максаттарынын бири — кыргызстандык улан-кыздардын дүйнөлүк деңгээлдеги билим жана көндүмдөргө ээ болуу мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз болуп, өздөрүнүн потенциалын толук өнүктүрө алышат. Негизги милдет дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Бул программаны ишке ашыруу үчүн кесиптик лицейлер 10-11-12-класстардын окуучулары үчүн окуу өндүрүштүк комплекстер катары кызмат кылат. Профилдик билим берүүнү киргизүү пландаштырылып жаткан 12 жылдык окутууга өтүү шарттарында башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын туруктуулугу жана сакталышы өтө маанилүү. Анткени кесиптик лицейлерде бүтүрүүчүлөргө аттестат менен бирге жумушчу кесиптер боюнча квалификацияга ээ болууга мүмкүнчүлүк бере турган профилдик окутуу уюштурулат.
Профилдик окутуу окуучуларга заманбап жумуш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык жумушчу кесип жана жөндөмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул алардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн арттырат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер