12 жылдык билим: студенттер кандай ойдо?

  • 06.12.2024
  • 0

12 жылдык билим моделине өтүү – бул билим берүүнүн сапатын жакшыртып, келечектеги адистерди даярдоодо эл аралык талаптарга жооп берген кадам. Реформа билим берүү процессин өнүктүрүүгө багытталып, ошол эле учурда студенттердин дагы чет мамлекеттерге окууга өтүү жолдорун жеңилдетет.

Түркиянын Dokuz Eylul University окуу жайында билим алган 19 жаштагы Үмүтай Насирова «Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө кириши балдардын эрте өнүгүүсүнө жакшы» дейт. Себеби канчалык эрте окуп баштаса, сабакты кабыл алуусу жакшы болуп, көп нерсени үйрөнөт. Кичинекей кезинен жакшы сапаттарды, көндүмдөрдү калыптандырат. Айтымында, азыр өзүнүн эс тутуму начар, материалдарды жаттоого келгенде кыйналат. Ошондуктан балдардын мектепке эрте барышы аларды сырткы дүйнө менен тааныштырып, социалдык жашоого батыраак көнүүсүнө жардам берет.

12 жылдык билим: студенттер кандай ойдо?

– Кыргызстанда 11 жыл окуган соң Түркияга келип, бир жыл түрк тилин үйрөнүп, анан 1-курсту окуй баштадым. Түркиялыктар менен кыргыз студенттердин ортосунда айырма бар, ал дароо эле көзгө илинет. Бул өлкөдө мектептер 12 жыл окутат жана жогорку класстарда адистиктерге даярдоо өтө күчтүү. Жогорку окуу жайларында даярдоо курстары дагы бар. Биринчи даярдоо курсунан өтүп, анан өзүңдүн багытың боюнча билим ала баштайсың. Даярдоо курсунда студенттер өздөрүнүн кесиптерине керектүү тилдерди жана терминологияны үйрөнүшөт. Ал эми 10-класстан тарта өздөрүнө керектүү кесиптик билимди тереңирээк окушат, — дейт Үмүтай.

Ал эми Айдаана Жакыпбекова Венгриянын Corvinus University of Budapest окуу жайынын эл аралык бизнес экономикасы багытында билим алууда. Ал алгачкы жылы тайпалаштары мектеп учурунда эле жакшы өздөштүрүп койгон макроэкономика, микроэкономика сыяктуу келечектеги кесибине байланыштуу сабактар менен жаңы таанышып, алардан артта калып кыйналганын айтат. Эгерде Кыргызстанда дагы жогорку класстарда окуучулар кесип тандап, ошол багытта билим алса, ага окшоп студент кезде окуучулардын программасы боюнча окуп же кошумча маалымат издеп кыйналбайт болчу.

12 жылдык билим: студенттер кандай ойдо?

– Менимче, 12 жылдык билим берүү модели – мектеп окуучулары үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Биринчиден, эки жакты караштырып, дагы изденип, өсүп-өнүгүүгө кошумча бир жылың болот. Балким, ал убакыттын ичинде оюңду өзгөртүп, такыр башка кесипти тандап каласың. Экинчиден, чет өлкөгө тапшыргысы келген студенттерге жеңил болмок. Анткени Италия, АКШ, Япония сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө 12 жылдык окуу системасы киргизилген. ЖОЖдор да студенттердин 12 жылдык билимин талап кылат. Биздин студенттер болсо 11-классты аяктагандан кийин бир жыл колледж же лицейлерде окуп, анан чет өлкөгө тапшырышат. Мектепте 12 жыл окууса, дароо эле чет мамлекеттерге окууга өтүүгө мүмкүнчүлүктөрү болмок, — дейт студент.

Италиянын Università degli studi di Firenze окуу жайында туруктуу бизнес адистиги боюнча окуусун улантып жаткан Перизат Касымбекова дагы ушул ойдо. Анын пикиринде, жаңы билим берүү моделине өтсөк, окуу стандарттары жаңыланып, чет жерде окууга жол ачылат. Италияда окуу 13 жылга созулат. Өзү тогузунчу класстан кийин колледжге тапшырып, үч жыл бухгалтердик эсеп жана экономика багытында билим алган. Колледжде алган билими Италиядагы окуусун алып кетүүгө жардам берген.

Кыргыз мектептерде программалар абдан интенсивдүү: бизге көп маалыматты жаттоону сунушташат, анын ичинде керектүү жана ашыкча маалыматтар да бар. Бирок алган билимибизди иш жүзүндө кантип колдонуу керектиги боюнча түшүнүү боло бербейт. 9-класстан кийин биздин окуучуларга колледждердеги окуу стандарты киргизилип, адистештирилген багыттар боюнча тереңдетилген билим берилсе, башка университеттерде кыйын сезилмек эмес. 12 жылдык билим берүүдө материалдарды тереңирээк өздөштүрүүгө көбүрөөк убакыт бөлүнөт, — деген ойдо Перизат Касымбекова.

12 жылдык билим: студенттер кандай ойдо?

Ошондой эле студент Италияда ар бир семестрде төрттөн гана сабак окутуларын, ар бир тема практикалык түрдө кылдат каралып, студенттер толук түшүнмөйүнчө талкуулай берерин айтат. А Кыргызстанда башка студенттер менен атаандашып, чоң көлөмдөгү материалды кыска убакытта өздөштүрүп, тез иштөөгө шашыларын белгиледи.

Айгерим Абдисатарова,
Кыргыз-Т
үрк «Манас» университетинин студенти

Бөлүшүү

Комментарийлер