12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: ЖАҢЫ ДЕМ, ЖАҢЫ МАЗМУН

  • 28.08.2026
  • 0

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө методикалык усулдук борборлорго басым жасалууда. Анткени реформаны ишке ашырууда методисттин ролу өтө маанилүү. Жаңы стандартты, окуу программасын, окуу китепти жана заманбап окутуу ыкмаларын мектепке жеткирүүдө жер-жерлердеги усулдук борборлор негизги байланыштыруучу звенолордун бири болуп саналат. Белгилей кетсек, 12 жылдык билим берүүгө өтүү – бул жөн гана окуу мөөнөтүн өзгөртүү эмес, билим берүүнүн мазмунун, окутуу философиясын, мугалим менен окуучунун ролун кайра кароону талап кылган масштабдуу системалык реформа. Мына ушундай жооптуу учурда “Нарын облустук билим берүүнүн методикасы борбору” мекемесине жаңы жетекчи болуп Гүлайым АНАРБЕКОВА дайындалды. Биз анын алгачкы пландары жана облустагы билим берүү тармагынын абалы тууралуу маек курдук.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: ЖАҢЫ ДЕМ, ЖАҢЫ МАЗМУН

 

— Гүлайым Темгиловнa, “Нарын облустук билим берүүнүн методикасы борбору” мекемесинин жаңы дайындалган жетекчиси катары ишти эмнеден баштадыңыз? 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө усулдук борборлордун ролу өзгөчө эмеспи?

— Нарын облусунда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында бир катар маанилүү кадамдар жасалууда. Алардын ичинен, 8-класстарда профилге чейинки даярдоону киргизүү; жогорку класстарда профилдик окутууну апробациялоо; мектеп – кесиптик билим берүү – жогорку окуу жай – эмгек рыногу ортосунда туруктуу кызматташтык системасын түзүү биздин негизги багыттарыбыз болуп саналат. Ошондой эле инклюзивдик билим берүү боюнча пилоттук мектептер аныкталып, аларда тереңдетилген окууларды өтүү пландалууда. Учурда тиешелүү окуу программалары иштелип жатат.

— Бүгүнкү талапка ылайык борбордун негизги максаты эмнеде?

— Биздин максатыбыз – билим берүү кызматкерлеринин муктаждыктарын эске алуу менен кесиптик өнүгүүгө байланышкан маалыматтык изилдөөлөрдү жүргүзүү. Ошондой эле окуу-тарбия иштеринин бардык багыттары боюнча билим берүү мекемелерине мониторинг жүргүзүү; кызматкерлердин маалыматтык базасын түзүү жана жаңыртуу; мекемелердеги методикалык иштердин абалын изилдөө жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу; педагогикалык кадрлардын кесиптик билимин жогорулатууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү көздөп жатабыз.

— Учурда кандай реалдуу иштер жүргүзүлүп жатат?

— 2026–2027-окуу жылында Агартуу министрлигинин буйругун ишке ашыруу максатында Нарын облусу боюнча «жол картасынын» долбоору даярдалды. Жергиликтүү мекемелерге презентациялар жасалып, кызматташуу максатында меморандумдар түзүлүүдө.

Биз облустагы бардык ишкана-ведомстволор менен тыгыз байланышта иш алып баруудабыз. Мисалы, Транспорт министрлигинин аймактык башкармалыгы, Нарын электр тармактар ишканасы (ПЭС), «Нарын» ЭЭА, УКМКнын облустук башкармалыгы, прокуратура, ИИБ, сот органдары, юстиция башкармалыгы, медиа борбор, мобилдик операторлор ж.у.с., ошондой эле облустагы колледж, жож менен келишимдер түзүлүп жатат.

— Облустун мугалимдерине кандай методикалык жардам көрсөтүлүп жатат?

— Учурда мугалимдер эмгек өргүүсүндө болгондуктан, массалык окутуулар кийинкиге жылдырылган. Бирок Ак-Талаа районунда окууда жетишпеген окуучулар жана алардын ата-энелери менен Ак-Тал айылынын мектебинде жеке жолугушуулар өткөрүлдү. Алар үчүн атайын программалар иштелип чыгып, мугалимдер менен методикалык коштоо пландары түзүлүүдө. Ата-энелерге кеңири кеңештер берилди.

— Облустагы негизги көйгөйлөр кайсылар жана аларды чечүү жолдору кандай?

— Мектептерде инклюзивдик билим берүүнү дагы да тереңдетүү зарыл. Өзгөчө камкордукка муктаж балдарга жана аларды окуткан мугалимдерге конкреттүү методикалык коштоо керек. Бул боюнча атайын план иштелип чыгып, жаңы окуу жылында ошол багытта иш жүргүзүлөт.

— Облустун жаңы окуу жылына даярдыгы жана жалпы мектептердин абалы тууралуу айтып өтсөңүз?

— Нарын облусу боюнча жалпы 140 орто билим берүү мектеби жана 152 мектепке чейинки билим берүү уюму иштейт. Райондор боюнча айтсам: Ак-Талаа району -18 мектеп, 23 бала бакча; Ат-Башыда — 20 мектеп, 22 бала бакча; Жумгалда — 24 мектеп, 28 бала бакча; Кочкор районунда — 35 мектеп, 33 бала бакча; Нарын районунда — 32 мектеп, 35 бала бакча жана Нарын шаарында 9 мамлекеттик, 2 менчик мектеп жана 11 бала бакча бар.

2026–2027-окуу жылына карата мектептерди оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Алсак, Жумгал району – 100%; Кочкор району – 95% даяр (5 мектептин сырткы фасады жасалууда, 1-сентябрга чейин бүтөт); Нарын шаары – 17 мекеменин 14үндө ремонт бүтүп, калган үчөө сызыкта турат; Ат-Башы жана Нарын райондорунда  даярдык 90%ды түзүп, калган иштер 1-сентябрга чейин толук аяктайт. Ал эми Ак-Талаа районундагы Жоробек Сатылганов атындагы мектепте капиталдык ремонт жүрүп жатат, ал дагы белгиленген мөөнөткө бүтөт.

— Жаңы окуу жылында жаңы мектептер жана бала бакчалар ишке берилеби?

— Ооба, бир катар жаңы объектилер пайдаланууга берилүү алдында турат. Алардын ичинен: Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында 275 орундуу мектеп; Ат-Башыда 150 орундуу мектеп корпусу жана бир нече бала бакчалардын жаңы имараттары; Жумгал районунда Лама мектебинин жаңы имараты; Кочкор айылында И.Арабаев атындагы 550 орундуу жаңы мектеп; Нарын районунда Куйбышев жана Кызыл-Жылдыз айылындагы жаңы мектептер; Нарын шаарында «Наристе-Нур» бала бакчасынын жаңы корпусу сентябрь айында эшигин ачат.

— Өткөн окуу жылынын жыйынтыктары жана билим сапаты боюнча көрсөткүчтөр кандай?

— Өткөн 2025–2026-окуу жылында 140 мектепте 63 710 окуучу билим алды. Анын 114ү кыргыз тилдүү, 6сы орус тилдүү жана 20сы аралаш мектептер. Ал эми мекемелерде 5 440 мугалим эмгектенет (алардын 671и жаш мугалимдер, 1416сы пенсия курагындагылар). Китеп менен камсыз болуу жагын алсак, облус боюнча жалпы 81,15%ды түзөт (кыргыз класстар 81,66%, орус класстар 70,71%). “Алтын Казык» программасы менен облустагы мугалимдерге 2 977 ноутбук берилип, 1 860 мугалим атайын окуудан өткөрүлгөн.  Быйыл тестирлөөгө катышкан 3 534 окуучунун 2 510 баласы 110 баллдан жогорку чектен өтсө, 200дөн жогорку балл алгандардын саны былтыр 47 болсо, быйыл 66 окуучуга жетти. Облус боюнча эң жогорку көрсөткүчтү Ат-Башы району (76,44%) камсыз кылды.

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча билим сапаты жыл сайын өсүп жатканын байкаса болот: 2023–2024-окуу жылында 68,4% болсо, 2024–2025-окуу жылында 69,4%, ал эми 2025–2026-окуу жылында 72%га жетти.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер