12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ МАЗМУНУ МЕНЕН ТААНЫШУУ — ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРГӨ ЖОЛ
- 10.08.2026
- 0
Ош шаарындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университеттин базасында 2026-2027-окуу жылына карата даярдыктан өтүү боюнча өткөн методикалык семинарга Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусу боюнча 256 тренер катышты. Төрт күндүк окуудагы алган билимдери тууралуу катышуучулар пикирлерин бизге айтып беришти. Андан сөз башынан болсун!
12 жылдык билим берүү — келечекке багыт, баалуулуктар — анын негизи
Нуркыз ИСАКОВА, № 15 Т.Жумабаев атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин математика мугалими Алай району, Ош облусу:
— 12 жылдык билим берүүнүн мамлекеттик стандарты бул — баланын инсан катары калыптанышына, терең билим алуусуна, кесип тандоосуна жана заман талабына даяр болушуна түзүлгөн жаңы мүмкүнчүлүк. 12 жылдык билим берүүнүн эң негизги артыкчылыгы — убакыттын көбөйүшү эмес, билимдин сапатына көңүл бурууга шарт түзүлүшү. Математика сабагынан биз муну өзгөчө сезебиз. Математика — формулаларды жаттоо гана эмес. Ал баланы ой жүгүртүүгө, салыштырууга, талдоого, туура чечим кабыл алууга үйрөтөт. Эгер окуучуга жетиштүү убакыт берилсе, биз «жообу канча?» деген суроодон тышкары, «эмне үчүн мындай болду?», «кантип далилдейбиз?», «башка жол менен чечсе болобу?» деген суроолорду бере алабыз. Мына ушундай билим алган бала келечекте даяр жоопту гана күтпөйт. Ал өз алдынча ойлонгон, маселени чечкен, жоопкерчиликтүү инсан болот. Бирок биз бир нерсени унутпашыбыз керек.
Заманбап билим берүү — улуттук баалуулуктардан баш тартуу дегенди билдирбейт. Тескерисинче, дүйнөлүк билим менен улуттук тарбияны айкалыштыруу — биздин эң чоң милдетибиз. Биздин балдарыбыз заманбап технологияларды билсин, чет тилдерди үйрөнсүн, илим-билимдин жаңы жетишкендиктерин өздөштүрсүн. Бирок ошол эле учурда алар кыргыз тилин, тарыхын, маданиятын, салтын, улууну урматтоону, кичүүнү ызаттоону, эмгекти баалоону, мекенди сүйүүнү билиши керек. Муну математика сабагында да ишке ашырууга болот. Мисалы, эсептерди чыгарууда кыргыздын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелерди колдонсок болот: айыл чарбасы, мал чарбачылыгы, улуттук кол өнөрчүлүк, боз үйдүн түзүлүшү, жер өлчөө, соода-сатык, үй-бүлөлүк бюджет. Ошондо бала математика менен турмуштун байланышын көрөт. Мисалы, боз үйдүн керегесинин түзүлүшүн карап геометрияны түшүндүрөбүз. Жердин аянтын эсептөө аркылуу математиканы айыл чарбасы менен байланыштырабыз. Улуттук оймо-чиймелер аркылуу симметрияны үйрөтөбүз. Демек, улуттук баалуулуктарды сактоо — сабактын өзүн да мазмундуу кылат.

Мен мугалим катары 12 жылдык билим берүүдөн чоң үмүт күтөм. Анткени бизге жөн гана билимдүү бала эмес, билимдүү, ой жүгүрткөн, мекенчил, адептүү жана жоопкерчиликтүү инсан керек. 12 жылдык мектеп баланын жөндөмүн эрте байкап, аны өнүктүрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериши керек. Окуучу кайсы багытка кызыгарын аныктап, кесиптик багыт алууга даярдануусу зарыл. Ал эми биз, мугалимдер, бул процессте жөн гана билим берүүчү эмес, баланын келечегине жол көрсөткөн насаатчы болушубуз керек. Ошондуктан менин оюмча, 12 жылдык билим берүүнүн ийгилиги жылдын санында эмес, ошол жылдарда балага кандай билим, кандай тарбия жана кандай баалуулук бере алганыбызда.
Биз дүйнөгө ачык, бирок өзүнүн ким экенин унутпаган муунду тарбиялашыбыз керек.
Билими күчтүү — келечеги кең. Тамыры бекем — багыты туура.
Ал эми билим менен улуттук баалуулук айкалышкан жерде — күчтүү Кыргызстан жаралат.
Билим алуу — өзүңдү өнүктүрүү, алган билимиңди бөлүшүү — коомго салым кошуу
Мээримгул МУСАБАЕВА, №71 А. Рахманалиев атындагы жалпы билим берүү мектеби, ОшМПУ:

— Бүгүнкү күндө Кыргызстандын билим берүү системасында маанилүү өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Айрыкча 12 жылдык билим берүүгө өтүү, анын жаңы мазмунун өздөштүрүү жана билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын негизинде окуу процессин жаңылоо — ар бир педагог үчүн чоң жоопкерчиликти талап кылган маанилүү милдет. Ушул багытта 4–7-август күндөрү ОшМПУда өткөн төрт күндүк окуу мен үчүн абдан маанилүү жана мазмундуу кесиптик тажрыйба болду.

Бул окуунун негизги максаты — 12 жылдык билим берүүнүн жаңы мазмуну менен таанышуу, билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын негизги талаптарын түшүнүү жана жаңы 12 жылдык билим берүү системасында окуу процессин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү боюнча түшүнүктөрдү тереңдетүү болду.

Окуу учурунда социалдык-эмоционалдык окутуу, окуучулардын таанып-билүү компетенттүүлүгүн өнүктүрүү, эмоционалдык интеллект, Катуу жөндөмдөр жана Жумшак жөндөмдөр (Hard skills жана Soft skills), сынчыл ой жүгүртүү, туура суроо берүү жана заманбап мугалимдин ролу боюнча көптөгөн жаңы маалыматтарды алдым. Тренингдин модулунда да социалдык-эмоционалдык окутуунун теориялык жана практикалык негиздери, мамлекеттик стандарттын жаңы модели жана окуучулардын таанып-билүү компетенттүүлүгүн өнүктүрүүчү методикалык ыкмалар негизги багыт катары белгиленген.

Окуунун жүрүшүндө мен үчүн эң маанилүү болгон темалардын бири — 12 жылдык билим берүүнүн жаңы мазмуну жана анын максаты болду.
Жаңы система мугалимден да, окуучудан да жаңыча мамилени талап кылат. Билим берүүдө негизги көңүл окуучунун жөн гана маалыматты жаттап алуусуна эмес, аны түшүнүп, колдонуп, талдап, өз алдынча ой жүгүртүп, көйгөйлөрдү чечип жана турмуштук кырдаалдарда туура чечим кабыл алуусуна бурулушу керек экенин түшүндүм. Мындай мамиле окуучуну келечектеги жашоого даярдоого багытталган.

Тренингде 12 жылдык мектеп бүтүрүүчүсүнүн модели талкууланып, азыркы билим берүүдө академиялык билим менен катар социалдык жана эмоционалдык көндүмдөрдүн да биринчи планга чыгып жатканы белгиленди. Бул мен үчүн чоң ой жаратты.
Биз бүгүн баланы жөн гана сабакка эмес, келечектеги жашоого даярдап жатабыз.
Мамлекеттик стандарт — мугалим үчүн багыт берүүчү негиз. Окуу учурунда билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын жаңы модели менен таанышып, анын 12 жылдык билим берүү системасындагы маанисин дагы терең түшүндүм.
Мамлекеттик стандарт — бул жөн гана документ эмес. Ал билим берүүнүн максатын, окуучудан күтүлүүчү натыйжаларды жана мугалимдин ишинин багытын аныктоочу маанилүү негиз экенин түшүндүм. Ошондуктан жаңы системада иштеген мугалим стандарттын талаптарын билип гана тим болбостон, аны күнүмдүк сабакта туура колдонуп, окуучунун компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган иш алып барышы зарыл.
Тренингдин жүрүшүндө социалдык-эмоционалдык окутуунун маанисине өзгөчө көңүл бурулду. Окуучунун эмоционалдык абалы, өзүн коопсуз сезиши, мугалим менен болгон ишенимдүү мамилеси анын окууга болгон кызыгуусуна түздөн-түз таасир этерин практикалык көнүгүүлөр аркылуу сездик.
СЭОнун беш негизги компоненти менен тааныштык: өзүн-өзү таануу; өзүн-өзү башкаруу; социалдык аң-сезим; мамилелерди куруу көндүмдөрү; жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуу.
Бул компоненттерди окуучунун күнүмдүк окуу процессине киргизүү — 12 жылдык билим берүүнүн жаңы мазмунун ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүү багыттарынын бири деп кабыл алдым.
Жаңы 12 жылдык билим берүү системасында мугалимдин ролу дагы өзгөрүп жатат.
Мугалим эми маалыматты даяр түрдө берүүчү гана эмес, окуучунун изденүүсүнө багыт берген, анын ой жүгүртүүсүн өнүктүргөн, эмоционалдык абалын эске алган, чыгармачылыгын колдогон жана өз алдынча чечим кабыл алуусуна шарт түзгөн педагог болушу керек. Айрыкча окуучуга туура суроо бере билүү чоң мааниге ээ экенин тренинг учурунда дагы бир жолу түшүндүм.
Эмне?, Качан?, Кайда?, Канча? деген маалыматтык суроолор менен катар:
«Эмне үчүн мындай болду?», «Мунун кандай байланышы бар?», «Эгер мындай кылсак, эмне өзгөрөт?» сыяктуу суроолорду көбүрөөк колдонуу окуучунун таанып-билүү активдүүлүгүн жана сын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жардам берет.
Улуттук мастер-тренер болуу — мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик. Бул окуу мен үчүн дагы бир өзгөчө мааниге ээ болду. Улуттук мастер-тренер болуу — менин кесиптик жолумдагы чоң кубаныч жана сыймык.
Бул наамды алганыма чын жүрөктөн кубанам. Бирок ошол кубаныч менен бирге анын артында чоң жоопкерчилик турганын да терең сезем.
Анткени улуттук мастер-тренер болуу — алган билимиңди өзүңдө сактап калуу эмес, аны башкаларга жеткирүү, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, жаңы методдорду жайылтуу жана билим берүү системасынын өнүгүшүнө өз салымыңды кошуу дегенди билдирет. Ошондуктан мен бул мүмкүнчүлүктү өзүм үчүн чоң ишеним кабыл алам.
Төрт күндүк окуудан алган билимдеримди өзүмдүн кесиптик ишмердүүлүгүмдө гана колдонбостон, кесиптеш мугалимдерге да жеткирүүнү максат кылып жатам.
Айрыкча, 12 жылдык билим берүүнүн жаңы мазмуну; мамлекеттик стандарттын талаптары; социалдык-эмоционалдык окутуу; окуучулардын таанып-билүү компетенттүүлүгүн өнүктүрүү; Soft skills көндүмдөрүн калыптандыруу; сынчыл ой жүгүртүүгө багытталган суроолор; окуучуга коопсуз жана жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү багыттарында алган тажрыйбаларымды кесиптештерим менен бөлүшүүгө аракет кылам.
Мен бул билимди кесиптештериме жеткиргим, мугалимдерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүп, аларды изденүүгө шыктандыргым келет. Анткени мугалимдин кесиптик өсүшү — окуучунун өсүшүнө алып келет. Ал эми сапаттуу билим алган окуучу — мамлекеттин келечеги.
Ошондуктан улуттук мастер-тренер катары менин эң чоң максатым — 12 жылдык билим берүүнүн жаңы мазмунун туура түшүнүүгө, мамлекеттик стандарттын талаптарын практикада ишке ашырууга жана заманбап педагогикалык ыкмаларды жайылтууга өз салымымды кошуу. Бул — мен үчүн жөн гана кесиптик милдет эмес, өз өлкөмдүн билим берүү тармагына кошкон салымым.
Эң негизгиси — жаңы система жаңы мугалимди талап кыларын сездим.
Өзү изденген, үйрөнгөн, өзгөргөн жана алган билимин башкалар менен бөлүшкөн мугалим гана окуучусун келечекке даярдай алат.
Ошондуктан алдыга койгон максатым так: Үйрөнүү. Өздөштүрүү. Практикада колдонуу. Кесиптештер менен бөлүшүү. Жайылтуу. Өнүктүрүү. Өлкөнүн билим берүүсүнө салым кошуу.
Учусь, развиваюсь, думаю о будущем
Анастасия Викторовна КАУШЕВА, ОСШ № 1 им. М.В. Фрунзе г. Кок-Жангак:

— В Кыргызстане начался планомерный переход на 12-летнее школьное обучение. В соответствии с новым Государственным образовательным стандартом общего образования КР, утвержденным Постановлением Кабинета Министров от 14 марта 2025 года № 131, начальная школа теперь охватывает 1–6 классы.

Основные темы, которые я заметила: Реструктуризация ступеней и учебная нагрузка: Обучение в школе теперь делится на три уровня: начальное общее (1–6 классы), основное общее (7–9 классы) и среднее общее (10–12 классы). Недельная нагрузка по математике составляет: в 1 классе — 3 часа, во 2 классе — 4 часа, в 5 классе — 5 часов.
Интегрированная программа «5+6»: Чтобы компенсировать перескок классов в переходный период (из 5-го класса сразу в 7-й) и сохранить непрерывность обучения математике, пятиклассники в течение 4 переходных лет занимаются по специально разработанной интегрированной программе «5+6».
Предметные компетентности по математике: Стандарты ориентированы на компетентностный подход. В математическом цикле развиваются четыре ключевые предметные компетентности: вычислительная, аналитико-функциональная, наглядно-образная (геометрическая) и статистико-вероятностная.
Сквозные содержательные линии: Содержательное наполнение курса 1–6 классов структурировано по линиям: числа и вычисления (арифметика), величины и их измерения, уравнения и неравенства (выражения), геометрический материал, текстовые задачи, элементы логики и статистики.
Гуманизация системы оценивания: Для учеников 1, 2 и 3 классов 12-летней школы вводится полностью безотметочное (дескриптивное) оценивание. Оценка успеваемости строится на качественной обратной связи, цветовых маркерах и листах достижений, а традиционные баллы/отметки вводятся только с 4 класса.
Аналитический брифинг: Учебная программа «Я и мир» (1–5 классы)
Данный документ представляет собой обзор учебной программы интегрированного курса «Я и мир», разработанной для учащихся 1–5 классов общеобразовательных организаций Кыргызской Республики. Предмет объединяет естественнонаучные знания с социальными и гуманитарными аспектами, формируя у школьников целостное восприятие природы, общества и человека.
Ключевая цель курса — создание научной картины мира и подготовка учащихся к эффективному взаимодействию в системе «природа — человек — общество». Программа ориентирована на практическое применение знаний, развитие критического мышления, финансовой и медиаграмотности, а также на воспитание гражданской идентичности и экологического сознания. Курс рассчитан на 532 учебных часа, распределенных на пять лет обучения, с постепенным усложнением материала и выделением естествознания в отдельный предмет в 5 классе.
- Общая характеристика и цели предмета
Предмет «Я и мир» является фундаментом для дальнейшего изучения естественных и общественных наук. Он охватывает широкий спектр вопросов: от самопознания и безопасности жизнедеятельности до основ экономики и экологии.
Основные цели и задачи:
Образовательные: усвоение базового понятийного аппарата, изучение природы и общества Кыргызстана, освоение методов исследования и навыков обработки информации.
Воспитательные: формирование нравственных ценностей, чувства собственного достоинства, патриотизма, уважения к многообразию культур и прав человека.
Развивающие: развитие навыков коммуникации, сотрудничества, самостоятельного планирования, а также способности к адекватной оценке своих возможностей.
- Ценностные ориентиры программы
Содержание курса базируется на восьми ключевых ценностях, определяющих этическую и мировоззренческую основу обучения: Ценность. Описание. Жизнь: Признание человеческой жизни и всего живого как высшей ценности. Человек: Самопознание, самоуважение и стремление к самосовершенствованию. Природа: Экологическое сознание и осознание себя частью природного мира. Гражданственность: Любовь к Родине (Кыргызстану) и осознание себя гражданином мира. Семья: Понимание семьи как главной среды для развития и передачи традиций. Социальная солидарность: Уважение прав и свобод человека, доверие и соблюдение законов. Научное познание: Стремление к истине и поиску знаний. Труд и творчество: Уважение к труду, настойчивость и созидательная деятельность.
- Предметные компетентности
Программа направлена на формирование четырех ключевых компетентностей:
Социально-личностная: способность выстраивать отношения на основе морали, активно участвовать в жизни общества и защищать свои права и обязанности.
Естественнонаучная: умение объяснять природные явления, проводить наблюдения, измерения и делать научно обоснованные выводы.
Экологическая: готовность вести экологически безопасный образ жизни и понимать влияние человеческой деятельности на окружающую среду.
Безопасность жизнедеятельности: способность распознавать опасности (в быту, обществе, виртуальном пространстве) и действовать согласно алгоритмам безопасности.
- Структура и распределение учебного времени
Программа построена по четырем содержательным линиям: Я (личность), Общество, Естествознание (наука) и Природа моей страны.
В 5 классе линия «Естествознание» выделяется в самостоятельный учебный предмет.
- Особенности содержания (на примере 1 класса)
Обучение начинается с адаптации ребенка к социальной среде и формирования базовых навыков безопасности.
Линия «Я (личность)»:
Самопознание: идентификация личности (имя, фамилия), культура внешнего вида, роль ученика и ориентация в школьном пространстве.
Мое время: понимание цикличности времени (день/ночь, дни недели, месяцы, времена года).
Безопасность: правила поведения дома и в школе, действия в случае возникновения пожара или если ребенок потерялся, обращение с опасными предметами.
Линия «Общество»:
Семья и школа: изучение семейных традиций, имен родственников, правил поведения в коллективе и общения с учителями.
Труд: знакомство с профессиями, инструментами и понимание важности человеческого труда (на примере производства хлеба).
Гражданственность: изучение государственных символов (гимн), национальных героев (Манас) и традиций кыргызского народа.
Финансы и информация: история возникновения денег, основы финансовой грамотности.
- Методологические принципы
Программа реализуется на основе следующих принципов:
Интеграция: объединение знаний о природе и обществе в единую систему.
Спиралевидность: последовательное усложнение материала от класса к классу (от ближайшего окружения до масштабов Вселенной).
Практическая направленность: использование исследований, проектных работ и «зеленых навыков» для решения реальных жизненных задач.
Инклюзивность: воспитание в духе равенства, недискриминации и уважения к различным социальным и культурным группам.
Бүгүнкү сапаттуу билим — эртеңки өнүккөн Кыргызстандын пайдубалы
Рахат ОРОЗАЛИЕВА, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук кабинетинин методисти жана улуттук мастер-тренер, Жалал-Абад облусу:

— Ош шаарында 12 жылдык билим берүү системасынын максатын ишке ашыруунун негизинде төрт күндүк семинар-тренингге катышып, көптөгөн жаңы ыкмаларды жана көндүмдөрдү үйрөнүп, 72 сааттык сертификатка ээ болуп өз багажымды толтуруп келдим. Эми мен алган билимдеримди өз районумдагы мугалимдерге бөлүшүп семинар-тренингдерди уюштуруп өтүүгө даярмын. Мугалимдерге, мугалимдин ролун жана окуучуга болгон мамилени жаңылоону, ошондой эле биринчи кезекте мугалимдерге жаңы системанын максатын, философиясын жана негизги принциптерин түшүндүрөм. Ар бир окуучу — өзүнүн жөндөмүнө, кызыгуусуна жана жеке мүмкүнчүлүгүнө жараша өнүгө турган инсан экенин баса белгилейм.

Тренингдерде мугалимдерге сабакты компетенттүүлүккө багыттап пландаштырууну; окуучунун даяр маалыматты жаттап алуусуна эмес, билимин турмушта колдоно алуусуна шарт түзүүнү; интерактивдүү жана заманбап окутуу ыкмаларын натыйжалуу колдонууну; окуучунун өз алдынча ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын, изилдөөчүлүк жөндөмүн өнүктүрүүнү; формативдик жана суммативдик баалоону туура жүргүзүүнү; окуучуга сапаттуу жана колдоочу кайтарым байланыш берүүнү; ар бир баланын жеке өзгөчөлүгүн эске алып, жеке жана дифференцияланган мамиле жасоону үйрөттү.

Эми мен мугалимдерге «мугалим — маалымат берүүчү гана эмес, окуучунун өнүгүүсүнө багыт берүүчү педагог» экенин түшүндүрүүгө аракет кылам.
Менин негизги максатым — мугалимдерге жаңы системаны жөн гана теория катары түшүндүрүп коюу эмес, аны күнүмдүк сабакта иш жүзүндө колдонууга үйрөтүү. Ар бир мугалим тренингден кийин «Мен муну эртеңки сабагымда кантип колдоном?» деген суроого так жооп ала алышы керек.

12 жылдык билим берүү системасында мугалимдин кесиптик чеберчилиги, чыгармачылыгы жана жаңычыл ой жүгүртүүсү өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан мен мугалимдерди өзгөрүүдөн коркпостон, жаңычылдыкты мүмкүнчүлүк катары кабыл алууга, тажрыйба алмашууга жана үзгүлтүксүз өнүгүүгө багыттайм.

Мастер-тренерлер үчүн Ош шаарында уюштурулган Республикалык институттун педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиремин, биз үчүн кам көрүп тренингди мыкты деңгээлде уюштурушкан.
Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер