12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АЛГАЧКЫ КАДАМДАРЫ
- 26.06.2026
- 0
Акыркы жылдарда дүйнөдө жүрүп жаткан экономикадагы жана социалдык турмуштагы ааламдык өзгөрүүлөр билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча шашылыш чечимдерди талап кылат. Алар системанын алдына жаңы максаттарды коюу, аларга жетишүү ыкмаларын жаңылоо жана оңдоп-түздөө үчүн кудуреттүү системаны түзүү зарылчылыгын пайда кылат. Натыйжада, мектеп өз окуучуларын турмушка, өзгөрүүлөргө даярдап, аларда мобилдүүлүк, динамизм, иштиктүүлүк сыяктуу сапаттарды өнүктүрүүгө тийиш.Азыркы этапта башкысы: тандоо, жасоо, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, теорияны практика менен салыштыруу жөндөмдөрүн калыптандыруу жана тез өзгөрүп жаткан коомдо жашоо үчүн зарыл болгон көптөгөн башка жөндөмдөр талап кылынат.
Эгемендикти алгандан кийин жаңы стандарттар иштелип чыгып, билим берүүнүн жаңы максаттары, милдеттери аныкталып, ал максаттарга жетүү үчүн ыкмаларды жаңылоо зарылдыгы туулган. Жаңы стандарттардын негизги идеясы натыйжага багытталган билим берүү системасын түзүү жана бул системада окутуунун жыйынтыгы катары окуучуда компетенттүүлүктүн топтомдорун калыптандыруу болуп эсептелген. Бирок эмнегедир стандарттын талабына ылайык окутуу ишке ашкан эмес. Билим берүү советтик системага калыптанып калган салттык окутуудан чыга албай келген. Анын башкы себеби “окутуунун жаңы моделин түзүү эске алынган эмес” деп эсептейм. Учурда 12 жылдык билим берүүгө өтүп, билим берүүдө 6+3+3 модели киргизилди жана сабакты жаңы ыкмаларга ылайык өтүү колго алынды. Бул өткөөл мезгил чынында кыйынчылыкты жаратат. Бири түшүнөт, бири түшүнбөйт. Тоскоолдуктар болот. Ар кандай пикирлер айтылат. Бул процесс болуп жатат. 12 жылдык билим берүүгө өтүү бардык билим берүү системасынан кудуреттүүлүктү, өтө чоң күчтү, чыгармачылыкты талап кылат. 12 жылдык билим берүүгө ылайыкталган мамлекеттик жана предметтик стандарттар иштелип чыгып, педагогикалык кызматкерлерге жаңы стандарттардын алкагында иш алып баруу талабы коюлган.
2025-2026-окуу жылы билим берүү 12 жылдык окутуу системасына өтүүдөгү алгачкы кадамдар башталды. КРнын ББж ИМнин алдындагы РПККЖ жана КДИ тарабынан 12 жылдык билим берүүнүн алкагында 1-2-класстарда “математика” жана “мен жана дүйнө”, 5-7-класстарда “математика” жана “табигый илимий” предметтерди, ошондой эле “англис тили” предметин окутуу боюнча «Жаңы билим берүү стандарттарын, программаларын эл аралык ыкмаларга жана талаптарга ылайык ишке киргизүү шартында мугалимдерди сапаттуу окутуу» аталышында УЛУТТУК МАСТЕР ТРЕНЕРлер үчүн семинар-тренингдер уюштурулган. Натыжада, аталган предметтер боюнча сабак берүүчү мугалимдерин окутуу үчүн тренерлер окуудан өттүк. Сертификаттар берилди. Ар бир тренер райондордо тиешелүү мугалимдерди окуттук. Жыл бою окуткан группалар менен байланышып, жетишкендиктер, кыйынчылыктар жана аны чечүүнүн жолдору боюнча маалымат алып, колдон келген методикалык жардамдарды уюштуруп келдик. Ошондой эле онлайн форматта окуулар уюштурулду. Аягында облустар аткарылган иштер боюнча Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесипке кайра даярдоо институтуна отчеттор тапшырылды. Талапка ылайык катышкан мугалимдерге сертификаттар берилди.
Мен 5-7-класстарда математиканы «Жаңы билим берүү стандарттарын, программаларын эл аралык ыкмаларга жана талаптарга ылайык ишке киргизүү шартында мугалимдерди сапаттуу окутуу» аталышында алты группаны окуттум.

5-7-класстарда математиканы окутуудагы жетишкендиктер:
- 5-7-класстарды окуткан бардык мугалимдер окуудан өтүп, 12 жылдык билим берүү боюнча маалымдуу болушу;
- Окуу китептери, окуу программалары жана мугалимдер үчүн окуу методикалык колдонмолордун иштелип чыгып, мугалимдердин толук камсыздалышы;
- Окуу китептери, жумушчу дептерлер иштелип чыгып, окуучулар толук камсыздалышы;
- Мугалимдерге методикалык багытта жардамдардын берилиши;
- Мугалимдер жаралган кыйынчылыктардан чыгуунун жолдору боюнча бири-бири менен тажрыйба алмашышы.
5-7-класстарда математиканы окутууну ишке ашыруудагы кыйынчылыктар:
- 12 жылдык билим берүү боюнча түшүнүктүн жетишсиздиги;
- Окуу китептери, окуу программалары жана мугалимдер үчүн окуу методикалык колдонмолордун кечигип келиши;
- Ата-энелердин түшүнбөстүгү;
- Шарттардын жетиштүү деңгээлде түзүлбөгөндүгү.
Инновациялык педагогикалык технологиянын белгилери
Жаңылануунун элементтери бар.
- Билим берүүнүн жаңы натыйжаларына (функционалдык сабаттуулук, 21-кылымдын көндүмдөрү ж.б.у.с.) жетишүүгө багыт алуу.
- Окуучулардын жана мугалимдердин иш-аракетин уюштуруудагы ишмердүүлүк мамилеси. Бала билимди теорияны, эрежелерди жаттоо процессинде эмес, аны кызыктырган максатка жетүү үчүн иш-аракет процессинде алат.
- Билим берүү чөйрөсүнүн милдетин аткаруучу айланасындагы билим берүү мейкиндигин уюштуруу, атайын окуу куралдарын тандоо.
- Баланын өзгөчөлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен анын инсандыгын интеллектуалдык, чыгармачылык жактан өнүктүрүүгө басым жасоо.
- Мугалим менен окуучунун ортосундагы мамиленин жаңы түрү. Мугалимдин ролу билим трансляторунан иш-аракетти уюштуруучуга айланат.
Гносеология (грек. qnosis – билим жана logos – сөз, окуу) – тааным теориясы же философиялык теориянын маанилүү бөлүгү, адамдын турмушту аңдап билүү жөндөмү, таанымдын ыкмасы, булагы, формасы, чындык жана ага жетүү жөнүндө окуу.
Предметти жаңыча окутуу үчүн мугалимге бир гана предметти билүү, жаңы окуу китебинин, окуу программаларынын, мугалим үчүн колдонмолордун болушу жетишсиз. Ал үчүн мугалим жаңыча иш алып барууда айрым бир педагогикалык маалыматтар менен сугарылышы жана түшүнүүсү шарт. Мына ушул багытта 5-7-класстарда математиканы окутууну ишке ашырууда көңүл борборунда болуучу негизги педагогикалык түшүнүктөр боюнча маалыматтар берилди. Себеби ошол негизги түшүнүктөрдү мугалимдер терең түшүнүшсө, заманбап талабына ылайык жаңыча иш алып барууга өбөлгө түзүлөт. Математика предметин окутуунун мазмуну эмне үчүн ушундайча түзүлгөнүнө ынанат.
Ал негизги түшүнүктөр: мамлекттик жана предметтик стандарттар, билим берүүдөгү инновациялык педагогикалык технологиялар, сабакты өтүүнүн моделдери, моделдөө, гносеология, математикалык ой жүгүртүү, логикалык ой жүгүртүү ж.б.
Мугалимдерге предметти окутуудан сырткары методикалык жардам катарында берилген айрым түшүнүктөргө токтоло кетсем, ашыкча болбойт.

Педагогикалык технология – бул мугалимдер менен окуучулардын жемиштүү өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу жана пландаштырылган натыйжага жетүүгө багытталган ыкмалардын, методдордун, көнүгүүлөрдүн, иш-аракеттердин жыйындысы.
Билим транслятору – бул маалыматты же татаал илимий теорияларды жеткиликтүү, түшүнүктүү тилге которуп, аудиторияга же окуучуларга жеткирүүчү (ташуучу) адам же курал. Бул термин латынча «translatio» (которуу, өткөрүү) сөзүнөн алынган. Билим берүүдө бул ролду мугалим, лектор, насаатчы же санариптик технологиялар аткарат. Билим транслятору (лат. translatio – берүү, которуу) – билимди, маалыматты же тажрыйбаны бир булактан (окутуучудан, китептен, маалымат базасынан) алып, аны кабыл алуучуга жеткирүүчү, которуучу жана түшүнүктүү форматка салуучу адам, система же курал. Билим транслятору – даяр билимди, маалыматты же тажрыйбаны өзгөртпөй, түшүнүктүү тилде бирөөдөн экинчисине жеткирүүчү (которуучу) процессти же куралды билдирет. Билим берүүдө бул термин көбүнчө мугалимди, окуу китебин же санариптик платформаны түшүндүрөт. Алар татаал илимий теорияларды окуучуга жеткиликтүү форматка которуп беришет. Билим транслятору болуу чоң жөндөм. Билим транслятору болуу үчүн берилген маалыматтын өзөгүн терең түшүнүү зарыл. Адатта китепте эмне берилсе, дал ошондой кылып бергендер жок эмес.
Билим берүүдөгү моделдөө – татаал түшүнүктөрдү, процесстерди же системаларды жөнөкөйлөтүлгөн үлгүлөр (моделдер) аркылуу көрсөтүү жана изилдөө ыкмасы. Ал абстракттуу нерселерди көзгө көрүнүктүү кылып, студенттин же окуучунун материалды тез жана терең түшүнүүсүн камсыздайт.
Моделдөө деген эмне? Моделдөө (француз тилинен modele – үлгү, өрнөк) – таанып-билүүнүн маанилүү бир жолун мүнөздөөчү гносеологиялык категория – метод. Кандайдыр бир объектинин мүнөздөөчү белгилерин башка бир изилдеп үйрөнүүгө мүмкүн болгон объекттен таап, иликтеп үйрөнүү.
Гносеология – билимди, ишенимди жана негиздөөлөрдү изилдөө менен алектенген философиянын тармагы. Ал билим кандайча алынат, ишенимди эмне актайт, чындык менен чындыктын табияты тууралуу суроолорго жооп издейт.
Учурда билим берүүнүн негизги багыты таанып билүү, иликтеп үйрөнүү, чындыктын табияты тууралуу суроолорго жооп издөө. Моделдөө, гносеология түшүнүктөрү боюнча педагогикалык кызматкерлерде кенен маалымат болушу абзел. Предметти окутууда мугалимдер ушул түшүнүктөрдү негиздеп ой жүгүртүшү керек.
Модель деген эмне? Модель – реалдуу объекттин жөнөкөйлөштүрүлгөн окшоштугу. Эмне үчүн модель түшүнүгүнө токтолуп жатам? Азыркы заманбап дүйнөдө баары өзгөрүп жатат. Кийген кийимдер, жашаган үйлөр, транспорт каражаттары ж.б. Заман талабына ылайык керектөөлөрдү эске алуу менен кийимди тигүүдө, транспорт каражаттарын жаңыча чыгарууда, заманбап үйлөрдү курууда алгач алардын моделдери иштелип чыгат. Моделдерди жаратууда чиймелер, сандык эсептөөлөр, алардын көркөмдүүлүгү, ыңгайлуулугу, ден соолукка пайдалуулугу ж.б. эске алынат. Ошол сыяктуу эле заманбап талабына ылайык, сабакты моделдештирүү да өтө чеберчиликти, күчтүү ой жүгүртүүнү, чыгармачылыкты талап кылат.
Себеби биз иштеп чыккан сабактын моделине таянып, адамды калыптандыруу ишин аркалап жатабыз. Учурда сабактын бир канча моделдери биздин системага киргизилип жатат. Мен бир гана сабактын 5Е модели боюнча баяндап өтсөм. Сабактын 5E модели – бул окуучуларга билимди натыйжалуу өздөштүрүүгө жардам берүүчү заманбап окутуу ыкмасы. Бул модель Джозеф Байбоп (америкалык окумуштуу, 1987-жылдан бери колдонулуп келе жатат) тарабынан иштелип чыккан. Алгач, өзгөчө илимге багытталган сабактарда колдонулган, учурда бардык эле предметтерге кеңири колдонулуп келе жатат, себеби ал конструктивдик (“конструкция” – куруу дегенди билдирет б.а. өз билимине таянып, жаңы билимди куруу, өздөштүрүү) окутуу теориясына негизделген жана активдүү, өз алдынча билим алууга багытталган. Джозеф Байбоп “Мугалим түшүндүрөт, окуучу угат” моделинен баш тартып, табигый илимдерди окутууда окуучуларга өз алдынча изилдөө жүргүзүүгө, практикалык тажрыйбаларды колдонууга жана логикалык ойлоосун өстүрүп, өз алдынча жыйынтык чыгарууга басым жасайт. 5Е модели билим алууда окуучунун кызыгуусун, изилдөөчүлүк жөндөмүн жана билимди өз алдынча өздөштүрүүсүн арттырууга багыттайт. Бул модель беш негизги этаптан турат:
1Е-Engage – Вовлечение – Кызыктыруу
2Е-Explore – Исследование – Изилдөө
3Е-Explain – Объяснение – Түшүндүрүү
4Е-Elaborate – Углубление – Кеңейтүү

Engage (Кызыктыруу)
Бул этапта окуучулардын көңүлүн буруп, кызыгуусун ойготуу маанилүү. Бул – суроо берүү, кыскача видеокөрсөтүү, кичинекей эксперимент же көйгөй сунуштоо болушу мүмкүн. Негизги максат – темага кызыкчылык жаратуу.
Explore (Изилдөө)
Окуучулар тема боюнча өз алдынча иштеп башташат – байкоо жүргүзүшөт, эксперимент жасашат, пикир алышат. Бул учурда мугалим жол көрсөтүүчү, жардам берүүчү ролунда болот.
Explain (Түшүндүрүү)
Эми окуучулар өз ойлорун жана табылгаларын бөлүшүшөт. Мугалим алардын тыянактарын илимий түшүнүктөр менен байланыштырууга жардам берет жана негизги идеяларды түшүндүрөт.
Elaborate (Тереңдетүү)
Бул этапта окуучулар жаңы билимди башка жагдайларда колдонуп, тереңирээк түшүнүүгө жетишет. Мисалы, долбоор жасашат же татаалыраак маселелерди чечишет.
Evaluate (Баалоо)
Акыркы этап – билимди баалоо. Бул тест, тапшырма же жөн гана талкуу, ой жүгүртүү, өзүн-өзү баалоо болушу мүмкүн. Максат – окуучу теманы канчалык деңгээлде түшүнгөнүн аныктоо.
Математиканы окутуунун негизги максаты – окуучулардын логикалык, абстрактуу жана мейкиндикте ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, ошондой эле теориялык билимдерди күнүмдүк турмуштагы практикалык маселелерди чечүүгө жана табигый процесстерди сыпаттоого колдоно билүү көндүмдөрүн калыптандыруу. Окуучулардын түшүнүүсүн жана ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүү – программа боюнча «ой жүгүртүү жана ишмердик» (ОИ) процессинин негизинде жүргүзүлөт. Бул процесс аркылуу ар бир окуучу логикалык ой жүгүртүүгө активдүү жана аң-сезимдүү катыша алат.
Ой жүгүртүү – кандайдыр бир маселе же нерсе тууралуу акыл калчап, далилдерди келтирүү жана анын чын же жалган экендигин аныктоо процесси. Бул адамдын мээсинин талдоо жүргүзүү, ой-пикир билдирүү жана тыянак чыгаруу жөндөмү. Ой жүгүртүү – бул нерселердин, окуялардын маңызын талдоо жана тыянак чыгаруу үчүн акыл-эсти иштетүү процесси. Ал маалыматты ырастоого же четке кагууга, белгилүү бир көз карашты далилдеп берүүгө багытталган жогорку акыл аракети болуп саналат.
Логикалык ой жүгүртүү – адамдын акылынын тактыгын, ойлорунун удаалаштыгын жана далилдүүлүгүн мүнөздөгөн, катаал эрежелер менен мыйзамдарга таянган ой жүгүртүү процесси. Ал маалыматты туура талдоого, фактыларды салыштырууга жана туура тыянак чыгарууга жардам берет.
Логика – (грекче logos – сөз, акыл, ой жүгүртүү) туура ой жүгүртүүнүн мыйзамдары жана формалары жөнүндөгү илим. Ал адамга эмоцияга алдырбай, фактыларга таянып, себеп-натыйжа байланыштарын туура түзүүгө жана туура тыянак чыгарууга жардам берет. Жогоруда маалыматтар терен түшүндүрүлүп, математикалык ой жүгүртүүнүн 8 компоненти менен байланышы көрсөтүлдү.
- Өзгөчө учурларды кароо;
- Жалпылоо;
- Болжолдоо;
- Ынандыруу;
- Жакшыртуу;
- Сынчыл талдоо;
- Классификациялоо;
- Мүнөздөө.
Предметтин кандай максатта иштелип чыккандыгын жана окутуу ыкмаларын түшүнүштү. Онлайн форматта окуулар уюштурулуп, заманбап окутууну ишке ашыруу жана 8 компоненттин негизинде математикалык ой жүгүртүүнү арттыруу боюнча айрым мугалимдер жаңы китепте берилген темаларды кандай өтүп жаткандыктары боюнча сабактарды көрсөтүшүп, тажрыйба алмашуулар болду. Кыйынчылыктардан чыгуунун жолдору боюнча ой бөлүшүштү.
Жогорудагы түшүнүктөр боюнча мугалимдер даана түшүнүшсө, жаңы окуу китептери, окуу прогаммалары, стандарттар менен талапка ылайык иштөөгө өбөлгө түзүлөт деген ойдомун.
Облустагы 5-7-класстарга сабак берген математика мугалимдери окуу китебиндеги берилгендер математикалык ой жүгүртүү, математикалык логика, 8 компоненттин калыптанышына багытталгандыгын жана математика окуу китеби, мугалимдер үчүн колдонмо жана жумушчу дептер талапка ылайык иштелип чыккандыгын айтып жатышат.
12 жылдык билим берүү – учур талабы. Заманбап талабына ылайык педагогикалык кызматкерлердин компетенттүүлүгүн арттырып келечек үчүн кам көрүп жаткан Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине жана Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо институтуна зор ыраазычылык билдиребиз!
Ой жүгүртүүнүн негизги түзүлүшү төмөнкүлөрдөн турат:
- Тезис – айтылуучу негизги ой.
- Аргументтер – ошол ойду тастыктаган далилдер жана мисалдар.
- Корутунду – талдоонун негизинде чыгарылган жыйынтык.
Күнүмдүк турмушта жана илимде ой жүгүртүүнүн бир нече түрү колдонулат:
- Сынчыл ой жүгүртүү – маалыматты текшерүү, кырдаалга туура баа берүү жана туура чечим кабыл алуу көндүмү.
- Логикалык ой жүгүртүү – белгилүү бир мыйзам ченемдүүлүктөргө, ырааттуулукка таянып, акыл жүргүзүү.
Жаңыл Бусурманкулова,
Нарын облусундагы педагогикалык кадрлардын квалификациясын
жогорулатуу борборунун директору, Билим берүүнүн отличниги
Комментарийлер