12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН “АЛТЫН КАЗЫК” ПРОГРАММАСЫНЫН ЗАРЫЛДЫГЫ КАНЧАЛЫК ЭЛЕ?..
- 28.10.2024
- 0
Учурунда чоң кызматты аркалаган бир агабыз “Жалкоолор менен келесоолор гана уурдашпайт” – деп, бир жагынан оозубузду ачырса, экинчи жагынан кызуу талкуу жараткан. Азыр билим берүүнүн абалы, 12 жылдык билим берүү, “Алтын Казык” программасы боюнча баары эле пикирин айтып жаткандай.
Жалкоолор менен келесоолор да пикирин айтыштыбы?
Ооба, бул маселелер тыкыр талданып, коомдо кеңири талкууланышы абзел. Мындан 3 жылдай мурда 12 жылдык билим берүүгө өтөбүз деп капыстан айтылып кеткенде, эч кандай маалыматы жок ата-энелер да, мугалимдер да, коомчулук да жалпы каршы чыккан. Ата-энелерди түшүнсө болот, ансыз да жогорку класста окуган балдары мектепке барбай жатса, дагы бир жыл окуйт деген маалымат алар үчүн “күн ачык тургандагы чагылган” болгон эле. Өкмөт көпкө чейин “мен сага тийбейин, сен мага тийбе” деп мамиле кылып келген мугалимдер эптеп оокатын өткөрүп жатса, дагы эмне болуп кетет деп катуу тынчсызданышты. Коомчулуктун бир бөлүгү азыркы өчөйгөн абалыбыз бул жаңылык менен дагы итке минип калбайбы деп тынчсызданса, соцтармакта жанталашып эптеп эле өзүн көрсөтө албай жаткан бир бөлүгүнө “Кудай бере койбоспу”. Албетте, алар маселени толук иликтегенге кызыккан деле жок. Ырас, пикирлер кеңири айтылып, негизгиси абалга жакшы талдоо жасалышы шарт.
Келгиле, бир нече суроого чогуу жооп издеп көрөлү.
Билим берүүнүн бүгүнкү абалы кимди канааттандырат?
“Башканы коюп, Манасты айт” дегендей, анда бала бакчадан баштайлы. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, бала бакча менен камсыздоо 2022-жылга карата 24,6%ды түзөт.[1] Бул деген 100 баланын 24ү же 25и гана бала бакчага барат дегенди билдирет. Ал эми калган балдар эмне үчүн, кайсы күнөөсү үчүн барбай калышы керек?
Бала бакчага барган баланын өнүгүүсү жогору болору азыр ар тараптуу далилденип жатат. Мисалы, Кыргызстан 2 жолу эл аралык PISA баалоосуна катышты. Тилекке каршы, биринчисинде 57 мамлекеттин ичинен 57-орунду “багындырсак”, экинчисинде 65 мамлекеттен 65-орунду “чапчыдык”.
Бирок, ошол изилдөөдө көпчүлүк көңүл бура турган эки жагдай бар. Биринчиси – бала бакчага барган балдар 15 жашында да башкаларга салыштырмалуу жакшы жыйынтык көрсөтүштү, экинчиси – ата-энеси, айрыкча апасы билимдүүлөр алдыда болушту. Ошондой эле Масару Ибуканын “Үч жаштан кийин кеч” аттуу китебинде көрсөтүлгөндөй, Нобель сыйлыгынын ээси Жеймс Хикман “мектеп жашына чейинки балдарга жумшалган 1 доллардын кайтарымы 7-8 доллардан кем болбой тургандыгын эсептеп чыккан”. Аталган китепте адам баласынын нерв клеткалары үч жашка чейин эң активдүү өнүгүп, 70-80%га дейре калыптанары белгиленет.[2] Кийинки изилдөөлөр эрте жаштан жумшалган каражаттын көрсөткүчү 20 доллардан 40 долларга чейин барарын белгилешет.
Дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу, балдар тарбиясы менен өмүр бою алектенип келе жаткан окумуштуу профессор Селчук Ширин “Ар бир шаарга университет ачкандын ордуна ар бир айылга сапаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачалы!” деп чакырык таштайт.[3]
Эми мектепке келели, жалпы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн абалы Сизди канааттандырабы? Же суроону башкача коеюн: мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн баары эле келечекте ким болорун так билеби, ошого даярбы, кайсы бир кесиптин көндүмдөрүнө ээ болгонбу? Эгер жок болсо, анда эмне үчүн 11 жыл мектепте окуду, эмне кылып жүрдү?
Жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүсү ата мекендик жана эл аралык рынокто атаандаштыкка канчалык жарамдуу? Алардын баары эле эгер иш табылса, өлкө ичинде же башка бир мамлекетте камчы салдырбай, шакылдап иштеп кете алабы? Мигрант болуп, кара жумушта иштегенин айтып жаткан жерибиз жок.
Педагогикалык багыттагы бүтүрүүчүлөрдүн болжолдуу 20%ы гана билим берүү системасында калат. Бул деген 100 бүтүрүүчүнүн 80и башка жакка кетет дегенди билдирет. Анда аларды олчойгон каражат коротуп, эмне үчүн окуттук?
Билим берүүнү трансформациялоо керекпи?
Жогорудагы суроолорго жарытарлык жооп таба албагандан кийин көпчүлүгүбүз 12 жылдык билим берүү менен «Алтын Казык» программасы керек окшойт деген пикирге келерибиз айдан ачык. Жок, каршыбыз дегендер, Сиздер да сунушуңуздарды бериңиздер, чогуу талкуулайлы. Бирок, радио-теледен, гезит-журналдардан, ал тургай, соцтармактардан да 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү “шилекей чачырата” сындагандардын алгылыктуу пикирлерин кезиктире элекмин. Анын ордуна жалпысынан жөн гана “Каршыбыз, билим берүүнү кыйратасыңар!” – дегенден башканы угуу кыйынга турат (жогорудагыдай майнапсыз билим берүү системабызды кыйратып алабыз деп коркуп жатат го дейм).
Кимге карап түздөнсөк болот?
Дүйнө кантип өнүгүп жатат? Мурда дүйнөдө алтын, мунай зат сыяктуу жаратылыш байлыктары барлар өнүгүп келсе, кийинки кезде адам капиталы, адамдын дарамети менен өнүгүшүүдө. Адамдын дарамети негизинен билим берүү жана маданият аркылуу көтөрүлөт. Дагы бир кызыгы – жаратылыш байлыгы улам азайып отуруп, кайсы бир мезгилде баары бир түгөнөт. Ал эми адамдын дарамети улам бекемделе берет. Ошондуктан адам дараметин чыңдоо үчүн билим берүү системасын жакшырткан Сингапур, Финляндия сыяктуу чакан мамлекеттер уламдан улам өнүгүп жатат. Эгер биз да адам дараметин арттыруу аркылуу өлкөбүздү өнүктүргүбүз келсе, анда билим берүү системабызга көңүл буралы.
Эмнелерди өзгөртүү керек?
12 жылдык билим берүүгө өтүүдө жана “Алтын Казык” программасын ишке ашырууда төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл бурууга туура келет:
- Инфраструктура (санариптик да);
- Окуу материалдары менен камсыз кылуу, б.а. билим берүүнүн мазмуну, билим берүү стандарттары, окуу китептер ж.б.
- Билим берүүнүн сапаты, ал мугалимдердин дараметинен жана окутуу методикасынан түздөн-түз көз каранды;
- Башкаруу.[4]
“Алтын Казык” программасында жогорудагы маселелер менен катар балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен камсыздоо, б.а. аны 1 жыл ичинде 40%га жеткирүү да бар. Бул деген дагы 113 миң баланы бала бакча менен камсыз кылуу дегенди билдирет.
Инфраструктура жана мугалимдер маселесине келсек, эл ичинде “ноловой класс” деп аталып келген мектепке даярдоо классы 12 жылдык билим берүүдө 1-класс болуп калат. Натыйжада окуучулар 12 жылдыкта да 12-классты ушул эле курагында аякташат. Демек, ата-энелер бул маселеде тынчсызданбай эле коюшса болот.
Бирок, 1-класска келген балдарды камсыздоо үчүн кошумча 2 452 класс ачып, 3 800дөй мугалим керек болот[5]. Анткени мурда бала бакчалардын базасында мектепке даярдоо программаларынан өткөн 13,6 миң бала эми мектепте 1-класста окуп калат. Буга кошумча жылына 35,6 миң бала мектепке даярдоо программаларына тартылбай келген. Кошумча класстар жана мугалимдер ушулар үчүн керек болот.
Окуу материалдары менен камсыз кылуу. Эмне үчүн табигый-илимий багытта (математика, физика, химия, биология) Сингапурдун окуу китептери алынып жатат. PISA эл аралык баалоосунда эки жолу арткы орунду ээлеп калууну талдоо PISA эл аралык баалоосунда келе турган суроолордун бир тобунун жооптору 9-класста эмес (аны 15 жаштагы балдар тапшырышат), биздин окуу китептерде 10-11-класстарда экени аныкталды. Ал эми Сингапур колдонуп жаткан (алар Азиянын шартына ылайыкташтырылган) Кембридж системасынын китептеринде PISA эл аралык баалоосунун талаптары толук эске алынган. Бул китептерди дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекети колдонуп келет.
Башка багыттагы окуу предметтер үчүн ата мекендик окуу китептер даярдалат.
Жогоруда белгилегендей, жаңы мугалимдерди даярдоо, кайра даярдоо менен катар, бул аталган окуу китептер менен иштөө үчүн мугалимдерди чеберчилигин жогорулатуу курстарынан өткөрүү жана аларды жаңы окуу технологиялары менен иштегенге окутуу зарыл. Бул багытта окутууну турмуш менен байланыштырган функционалдык сабаттуулукту, XXI кылымдын көндүмдөрүн калыптандыруу өзгөчө маанилүү болмокчу.
Бул милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн башкарууну жолго коюу, башкаруучулардын дараметин арттыруу абзел.
12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары жана эмне кылуу керек?
12 жылдык билим берүүнүн негизги артыкчылыктары катары буларды көрсөтүүгө болот:
- Дүйнөлүк билим берүү системасына жуурулушуу;
- Жаңы билим берүү технологияларын колдонуу;
- Билим берүүнүн мазмуну, б.а. окутуп жаткан материалдарыбыз менен жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жана PISA эл аралык баалоосунун ортосундагы айырма жоюлат;
- Мектеп босогосунан эле кошумча кесиптик билим алуу, кесипке даяр болуу мүмкүнчүлүгү;
- Ата мекендик, эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүк.
Албетте, жогоруда аталгандарды биринчи кезекте акыл-эс менен ийгиликтүү ишке ашыруу жана “Ырыс алды – ынтымак!” керек.
Алмазбек ТОКТОМАМЕТОВ, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору
[1] https://sustainabledevelopment-kyrgyzstan.github.io/4-2-2-1a
[2] Масару Ибука. Үч жаштан кийин кеч. –Б.: 2015. -6-8-б.
[3] Селчук Ширин. Жетилгиле, балдар! –Б.: 2020. -160-161-б.
[4] Кыргыз Республикасында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясынан. КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 25-июнундагы коллегиясында бекитилген.
[5] Ошондо.
Комментарийлер