12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: КОКУСТУКПУ ЖЕ ЗАРЫЛЧЫЛЫКПЫ?

  • 12.05.2026
  • 0

Ош Билим берүү институту облустун аймагындагы жана түштүк регионундагы педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу багытында 65 жылдан бери иш алып барууда. 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө мектеп мугалимдеринин эле эмес, бала бакчанын педагогикалык кызматкерлеринин, ЖОЖ жана колледждердин окутуучуларынын да  кесиптик жактан өнүгүүсүнө шарттар түзүлдү. Ош билим берүү институтунун директорунун орун басары  Асида Бабакулова менен болгон маегибизди окурмандарга сунуштайбыз.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: КОКУСТУКПУ ЖЕ ЗАРЫЛЧЫЛЫКПЫ?

— Асида Мамануровна, билим берүү тармагы жалпы модернизацияланып жаткан учурда Ош билим берүү институтунда педагогдордун квалификациясын жогорулатууда кандай иштер жүрүп жатат?

— Педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу багытында институтта 4 кафедрада 18 кабинет башчысы жана 9 усулчу  26 багыт боюнча курс иштерин жүргүзүшөт. Институт мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча 2025-2026-окуу жылында 135 курста 3240 педагогикалык кызматкерлеринин билимдерин өркүндөтүүнү пландаштырса, бүгүнкү күнгө карата пландалган курстардан 3203, онлайн курстардан 230, көчмө курстардан 77, жалпы жонунан 3510 мугалим кесиптик жактан билимдерин өркүндөтүштү. План-график боюнча коюлган курстарды апрель айында өтүп бүттүк. Ал эми педагогикалык кызматкерлердин суроо-талаптарына ылайык, онлайн, көчмө, тематикалык курстарды өткөрүү азыр да улантылууда.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: КОКУСТУКПУ ЖЕ ЗАРЫЛЧЫЛЫКПЫ?

— Коомчулукка белгилүү болгондой 2025-2026-окуу жылында өлкө мектептери 12 жылдык билим берүүгө өттү. Бир жыл аралыгында эмне жетишкендиктер болду? Кембридж программасы, Сингапур методикасы боюнча канча мугалим билимдерин жогорулатышты? Жыйынтыгына токтолсоңуз?

— 12 жылдык билим берүүгө өтүү бул — кокустук эмес. Анын себептери бир эле жооп менен аныкталбайт. Биринчи кезекте бүгүнкү күндө балдар постиндустриалдык маалыматтык коомдо өсүп, өнүгүп жатышат. Алар төрөлгөндөн баштап заманбап жогорку технологиялык жетишкендиктерге дуушар болушат. Бардык технологиялык инновациялар жаш муундун күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгү болуп калууда. Тактап айтканда, компьютердик оюндар, интерактивдүү оюнчуктар, жарнамалык роликтер жана түрдүү маанидеги тасмалар жана башка технологиялык прогресстер баланын психикасына түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан келечек муун жана алар жашаган коом бизден башка багыттагы, билимди, кесипти, жашоо өңүтүн талап кылууда. Демек, биздин мурдагы билим берүү системабыз, мурдагы окутуу методдорубуз баланын ой жүгүртүү деңгээлине, керектөө жана жашоо зарылдыктарына дал келбей калды.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: КОКУСТУКПУ ЖЕ ЗАРЫЛЧЫЛЫКПЫ?

Ошол эле учурда биздин бүтүрүүчүлөрдүн эл аралык маанидеги престиждүү окуу жайларына кирип окуудагы мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө зарылчылыгы да жаралууда.  Ошондуктан билим берүүнү дүйнөлүк стандартка дал келтирүү максатында билим берүүнүн 12 жылдык моделине өттүк. 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары катары профилдик окутуунун киргизилишин да белгилей кетсек болот. Профилдик окутуу окуучуларга заманбап жумуш берүүчүлөрдүн  талаптарына ылайык жумушчу кесип жана жөндөмдөрдү алуу шартын жаратат. Бул алардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн арттырат. 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө жаңы программалар, мамлекеттик жана предметтик стандарттар иштелип чыкты. Мисалы, КРнын билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» доктринасынын максаттарына, ошондой эле «Кыргыз жараны» концепциясына жана окуучуларда жумшак көндүмдөрдү, функционалдык сабаттуулукту калыптандырууга багытталып иштелип чыкты.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: КОКУСТУКПУ ЖЕ ЗАРЫЛЧЫЛЫКПЫ?

Билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөргө жараша биздин институт ыкчам иш-чаралардын планын түзүү менен мугалимдерге 12 жылдык билим берүүгө өтүү, КРнын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын, предметтик стандарттардын талаптарын ишке ашыруу  боюнча 54 жаңы лекция иштеп чыгып курска окуу үчүн киргизди. Ар бир курс угуучусу лекциялардан кийинки убактысында каалаган темалары боюнча жеке жана группалык түрдө консультацияларды алуу мүмкүнчүлүктөрү жаратылды. Ошондой эле башталгыч класстарда “Кембридж башталгыч  математиканы окутуунун методикасы”, “Кембридж башталгыч мектепте табият таанууну окутуунун методикасы” деген аталыштагы 72 сааттык 2 курс планга киргизилип, анда 50 башталгыч класс мугалимдери окуп, билимдерин жогорулатып кетишти.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: КОКУСТУКПУ ЖЕ ЗАРЫЛЧЫЛЫКПЫ?

— Жаңы нерсени коомчулук бат эле кабыл ала койбойт эмеспи. Керек болсо айрым мугалимдер дагы терс пикирлерин айтып жатышты. Мугалимдерге кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү?

— Быйылкы окуу жылында эмне үчүн 12 жылдык билим берүүгө көп басым жасаганыбыздын себеби бул процесстин ийгиликтүү ишке ашырылышын камсыз кылуу. Алгач окуу жылынын башында 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча көз караштар бир топ башкача болчу. Ата-эне, коомчулук эле эмес, мугалимдердин өздөрүндө да түрдүү пикирлер айтылып жатты. Биздин институт түштүк регионундагы бирден бир мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүчү институт болгондуктан бул маселени ыкчам колго алуу зарылчылыгы бар болчу. Ошондуктан биздин көңүлүбүздүн борборунда билим берүүдөгү жаңылыктарды, жаңы мамстандартты, предметтик стандарттарды, Сингапур окутуу усулдарын, STEM предметтерин окутуунун усулдарын, башталгыч класста математика, мен жана дүйнө предметин окутуу, 12 жылдык 1-, 2-класстарды окутууга, бала бакчаларда STEMди колдонуу боюнча жана жаңыдан жарык көргөн ОМКны колдонуу боюнча мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүүгө багытталды.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: КОКУСТУКПУ ЖЕ ЗАРЫЛЧЫЛЫКПЫ? Ошондой эле 12 жылдык билим берүү багытында мектептерде кандай иштер жүрүп жатат, ОМК менен мугалимдер ийгиликтүү иштеп жатабы, ата-энелер менен кандай иштер алып барылууда, кандай көйгөйлөр бар экендигин аныктоо жана мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү максатында ноябрь айында Өзгөн, Кара-Кулжа, апрель айында Кара-Суу, Ноокат райондорунун мектеп жетекчилерине жана мугалимдерине 12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү, 1-, 2-класстарда Кембридж окуу программалары менен окутуунун усулдары, STEM предметтерин окутуунун абалына мониторинг жүргүзүлүп,  усулдук жардамдар берилди. 28-29-апрель күндөрү Кара-Суу, Ноокат райондорунун балдар бакчаларына, мектептерине 12 жылдык билим берүүнү жүзөгө ашыруунун абалына мониторинг жүргүзүү жана усулдук колдоолорду көрсөтүү үчүн барып жеринде 1-2-класс жана 5-7-класста англис тили, математика, биология, химия мугалимдеринин ОМКны кантип пайдаланып жатканына мониторинг жүргүзүп, аны колдонуу боюнча усулдук жардамдарды берип кайттык.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: КОКУСТУКПУ ЖЕ ЗАРЫЛЧЫЛЫКПЫ?

Азыркы учурда 12 жылдык билим берүүгө өтүү өз нугуна түшүп иш өз ыргагы менен жүрүп баштады. Буюрса, келерки жаңы окуу жылында быйылкы окуу жылына караганда көйгөйлөр азыраак болот деп ойлойбуз. Себеби жаңы окуу жылына карата көпчүлүк мугалимдерибиз бир топ даярдыктардан өтүп калышты. Ата-энелер, коомчулук 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары боюнча маалыматтарга ээ болушту.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер