12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАРАЙ МААНИЛҮҮ КАДАМ: “МЕТОДИСТ ЖЕТКИРҮҮЧҮ ГАНА ЭМЕС, АНЫ ПРАКТИКАГА КИРГИЗҮҮГӨ БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ АДИС”

  • 10.08.2026
  • 0

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө көп учурда мугалим башкы фигура катары сөз кылабыз. Бирок бул процессте методисттин ролу өтө маанилүү. Анткени жаңы стандартты, жаңы окуу программасын, жаңы окуу китебин жана заманбап окутуу ыкмаларын мектепке жеткирүүдө методист негизги байланыштыруучу звенолордун бири болуп саналат. 4-7-августка чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын методисттери үчүн семинар өткөрүлдү. Ошентип түштүк аймактын 256 методисти жаңы мазмунда билим алышты. Бул иш-чаранын максаты, мааниси тууралуу Агартуу министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун башкы директорунун академиялык иштер боюнча орун басары Жаркын УКЕЕВА бизге маек куруп берди.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАРАЙ МААНИЛҮҮ КАДАМ: “МЕТОДИСТ ЖЕТКИРҮҮЧҮ ГАНА ЭМЕС, АНЫ ПРАКТИКАГА КИРГИЗҮҮГӨ БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ АДИС”

— Жаркын Сабырбековна, түштүк аймактын методисттери үчүн 12 жылдык билим берүүгө өтүү алкагында өткөн төрт күндүк семинар жаңы окуу жылына карата эң маанилүү кадам болду. Семинардын жүрүшү тууралуу айтып берсеңиз.

— 4–7-август күндөрү Түштүк аймактын методисттери үчүн 12 жылдык билим берүүгө өтүү алкагында төрт күндүк окуу өткөрүлдү. Окутуунун негизги максаты — жаңы окуу жылында билим берүү процессиндеги өзгөрүүлөрдү методисттерге терең түшүндүрүү, алардын жаңы мазмундагы окуу программаларын, стандарттарды жана заманбап педагогикалык ыкмаларды өздөштүрүүсүнө шарт түзүү болду.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАРАЙ МААНИЛҮҮ КАДАМ: “МЕТОДИСТ ЖЕТКИРҮҮЧҮ ГАНА ЭМЕС, АНЫ ПРАКТИКАГА КИРГИЗҮҮГӨ БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ АДИС”

Төрт күнгө созулган окууга башталгыч мектеп, математика жана табигый илимдер багыттары боюнча 256 методист катышты. Мындан тышкары, окуу процессине жыйырмага жакын жогорку окуу жайдын окутуучулары да тартылып, мектеп менен жогорку кесиптик билим берүүнүн ортосундагы мазмундук байланышты бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

— Быйылкы окуунун мазмуну эмнеси менен өзгөчө?

— Өткөн окуу жылындагы окутуулардан айырмаланып, быйылкы даярдыктын мазмуну кыйла жаңыланып, 12 жылдык билим берүүнүн философиясын жана жаңы билим берүү моделинин талаптарын камтыган темалар кеңейтилди. Алардын катарында: социалдык-эмоционалдык окутуу (СЭО); мамлекеттик билим берүү стандарты; предметтик стандарттар; жаңы окуу китептеринин мазмуну жана өзгөчөлүктөрү; профилдик окутуу; 21-кылымдын көндүмдөрү; компетенттүүлүккө негизделген окутуу; заманбап педагогикалык ыкмалар жана технологиялар сыяктуу маанилүү багыттар камтылды.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАРАЙ МААНИЛҮҮ КАДАМ: “МЕТОДИСТ ЖЕТКИРҮҮЧҮ ГАНА ЭМЕС, АНЫ ПРАКТИКАГА КИРГИЗҮҮГӨ БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ АДИС”

Бул темалардын ар бири өзүнчө каралбастан, бири-бири менен байланышта түшүндүрүлдү. Себеби 12 жылдык билим берүүгө өтүү — окуу мөөнөтүн гана өзгөртүү эмес, билим берүүнүн мазмунун, окутуу философиясын, мугалимдин жана окуучунун ролун кайра кароону талап кылган системалык өзгөрүү.

Тренингдин алгачкы күнү катышуучулар үчүн өзгөчө мааниге ээ болду. Анткени окуу конкреттүү методикалык ыкмалардан эмес, 12 жылдык билим берүүнүн философиясын түшүнүүдөн башталды.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАРАЙ МААНИЛҮҮ КАДАМ: “МЕТОДИСТ ЖЕТКИРҮҮЧҮ ГАНА ЭМЕС, АНЫ ПРАКТИКАГА КИРГИЗҮҮГӨ БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ АДИС”

Республикалык институттун башкы директору А.Токтомаметов 12 жылдык билим берүүнүн негизги багыттары, анын философиясы жана билим берүү системасында күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу кеңири маалымат берди.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАРАЙ МААНИЛҮҮ КАДАМ: “МЕТОДИСТ ЖЕТКИРҮҮЧҮ ГАНА ЭМЕС, АНЫ ПРАКТИКАГА КИРГИЗҮҮГӨ БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ АДИС”

Бул сессия катышуучуларга «эмнени өзгөртөбүз?» деген суроодон мурда «эмне үчүн өзгөртөбүз?» деген суроого жооп табууга мүмкүнчүлүк түздү. Андан соң Кыргыз билим берүү академиясынын Табигый илимдер жана математикалык билим берүү лабораториясынын башчысы А.Камчиева профилдик билим берүү боюнча презентация жасап, окуучунун кызыгуусуна, жөндөмүнө жана келечектеги кесиптик багытына ылайык билим берүү маселелерине токтолду. Ал эми Республикалык институттун профессору Т.Сияев заманбап билим берүүдөгү «4К» — критикалык ой жүгүртүү, креативдүүлүк, коммуникация жана кызматташуу көндүмдөрүнүн маанисине кеңири токтолду.

Бул сессиялардан кийин методисттер үч негизги багыт боюнча — башталгыч мектеп, математика жана табигый илимдер боюнча аудиторияларга бөлүнүп, предметтик окутууларын улантышты.

Багыттар боюнча иштеген аудиторияларда окутуу теория менен практиканы айкалыштыруу принцибинде уюштурулду. Өзгөчө көңүл социалдык-эмоционалдык окутууга бурулду. Анткени азыркы мектепте окуучуга билим берүү менен гана чектелбестен, анын эмоциясын таануу, өзүн башкаруу, башкалар менен натыйжалуу баарлашуу, кызматташуу, чечим кабыл алуу сыяктуу көндүмдөрүн өнүктүрүү да маанилүү. Мындан тышкары, методисттер мамлекеттик жана предметтик стандарттардын мазмуну менен иштеп, стандартта белгиленген билим берүү натыйжаларын окуу процессинде кандайча ишке ашырууга болору боюнча практикалык иштерди аткарышты.

Бул жерде методисттин ролу өзгөчө мааниге ээ. Анткени методист — жаңыланган мазмунду мугалимге жеткирүүчү гана эмес, аны туура түшүндүрүп, практикага киргизүүгө багыт берүүчү адис.

— Жаңы окуу китептери — жаңы мазмундун маанилүү бөлүгү эмеспи. Бул жаатта методисттерге эмнелер айтылды?

— Тренингдин үчүнчү жана төртүнчү күндөрүндө окутуунун мазмунуна дагы бир маанилүү компонент кошулду.

«Окуу китеби» басма үйүнүн методисттери атайын келип, жаңы окуу китептеринин мазмуну, түзүлүшү жана өзгөчөлүктөрү боюнча сессияларды өткөрүштү. «Окуу китеби» басма үйүнүн математика багыты боюнча адистери Керимканова Ү.А., Жуманова Г.Т., Шаршебаев С.С. жаңы окуу-методикалык комплекстердин (ОМК) мазмуну, түзүмү жана аларды окуу процессинде натыйжалуу пайдалануунун өзгөчөлүктөрү менен тааныштырышты.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАРАЙ МААНИЛҮҮ КАДАМ: “МЕТОДИСТ ЖЕТКИРҮҮЧҮ ГАНА ЭМЕС, АНЫ ПРАКТИКАГА КИРГИЗҮҮГӨ БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ АДИС”

Адистер 12 жылдык билим берүүнүн талаптарына ылайык даярдалган окуу-методикалык комплекстердин негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолушуп, 1-9-класстары үчүн математика предметинин мазмуну, темалардын логикалык ырааттуулугу жана вертикалдык, горизонталдык улануучулугу боюнча кеңири маалымат беришти.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАРАЙ МААНИЛҮҮ КАДАМ: “МЕТОДИСТ ЖЕТКИРҮҮЧҮ ГАНА ЭМЕС, АНЫ ПРАКТИКАГА КИРГИЗҮҮГӨ БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ АДИС”

Өзгөчө төмөнкү маселелерге басым жасалды:

Окуу-методикалык топтомдун компоненттик түзүмү

12 жылдык окутууга ылайык даярдалган ОМТнын негизги компоненттери — окуу китеби, окуучунун иш дептери, мугалим үчүн методикалык колдонмо жана санариптик материалдар. Ар бир компоненттин өзүнчө милдети жана окуу процессиндеги орду түшүндүрүлүп, алардын өз ара байланышы көрсөтүлдү.

1–9-класстар боюнча мазмундук түзүм

Катышуучулар математика боюнча окуу мазмунунун 1–9-класстарда жайгаштырылышы, менен таанышты. Предметтик мазмундун окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө, таанып-билүү деңгээлине жана билим берүү стандартынын талаптарына ылайык акырындап татаалдашуусу өзгөчө белгиленди.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАРАЙ МААНИЛҮҮ КАДАМ: “МЕТОДИСТ ЖЕТКИРҮҮЧҮ ГАНА ЭМЕС, АНЫ ПРАКТИКАГА КИРГИЗҮҮГӨ БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ АДИС”

Мазмундагы өзгөчөлүктөр жана аларды окутуу ыкмалары

Жаңы окуу китептеринде камтылган айрым жаңы темалардын, тапшырмалардын жана усулдук чечимдердин өзгөчөлүктөрү талданып, аларды сабакта колдонуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле жаңы мазмундун мурдагы окуу программалары менен байланышы, предметтердин ортосундагы байланыш жана окуучулардын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган тапшырмалар тууралуу маалыматтар берилди.

Семинардын практикалык бөлүгүндө катышуучулар окуу китеби, иш дептери жана методикалык колдонмо менен иштеп, алардын мүмкүнчүлүктөрүн талдашты. Санариптик материалдарды окуу процессине интеграциялоо жолдору да көрсөтүлдү.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАРАЙ МААНИЛҮҮ КАДАМ: “МЕТОДИСТ ЖЕТКИРҮҮЧҮ ГАНА ЭМЕС, АНЫ ПРАКТИКАГА КИРГИЗҮҮГӨ БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ АДИС”

Мындай форматтагы окутуу семинарлары тренерлердин жаңы окуу-методикалык комплекстердин мазмунун терең түшүнүүсүнө, алардын өзгөчөлүктөрүн мугалимдерге туура жеткирүүсүнө жана 12 жылдык билим берүүгө өтүү процессинде педагогдорго методикалык колдоо көрсөтүүсүнө өбөлгө түзөт.

«Окуу китеби» басма үйү тарабынан даярдалган жаңы окуу-методикалык комплекстердин негизги максаты — заманбап билим берүү талаптарына жооп берген, окуучулардын билимди өздөштүрүүсү менен бирге функционалдык сабаттуулугун, ой жүгүртүүсүн жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган окуу материалдарын камсыз кылуу.

Бул методисттер үчүн өзгөчө маанилүү болду. Себеби жаңы стандарт менен иштөө бир маселе болсо, ошол стандарттын негизинде иштелип чыккан жаңы окуу китебин туура түшүнүү жана мугалимдерге туура багыт берүү — дагы бир маанилүү милдет.

Окуу китебинин түзүлүшү, тапшырмалардын мүнөзү, окуучунун ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган элементтер жана жаңы мазмунду сабакта колдонуу жолдору боюнча практикалык түшүндүрмөлөр берилди.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАРАЙ МААНИЛҮҮ КАДАМ: “МЕТОДИСТ ЖЕТКИРҮҮЧҮ ГАНА ЭМЕС, АНЫ ПРАКТИКАГА КИРГИЗҮҮГӨ БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ АДИС”

Быйылкы окутуунун дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү — тренерлердин курамынын өзгөрүшү.

Өткөн окуу жылында айрым багыттар боюнча окутууларды Сингапурдан келген тренерлер жүргүзгөн болсо, жаңы окуу жылына карата методисттерди даярдоодо Кыргыз билим берүү академиясынын, «Окуу китеби» басма үйүнүн жана Республикалык институттун адистери негизги тренерлер катары иш алып барышты.

Бул ыкманын маанилүү артыкчылыгы — катышуучулардын суроолоруна ошол багыт боюнча түздөн-түз иш алып барган жергиликтүү адистерден жооп алуу мүмкүнчүлүгүнүн түзүлгөнүндө.

Мисалы, стандарт боюнча суроо жаралса — стандартты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга байланышкан адис менен түз сүйлөшүүгө, жаңы окуу китебине байланыштуу суроо болсо — анын мазмунун иштеп чыккан адистерден жооп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Башкача айтканда, теориялык маалымат менен практикалык тажрыйбанын ортосунда түз байланыш түзүлдү.

— Жаш методисттер — өзгөрүүнүн жаңы жүзү деп айттыңыз эле. Жаш методисттер окууну кандай кабыл алышты?

— Ооба, төрт күндүк окуунун жүрүшүндө дагы бир маанилүү көрүнүш байкалды. Катышуучулардын басымдуу бөлүгүн жаш методисттер түздү.

Жаш адистердин окууга болгон кызыгуусу, жаңы маалыматтарды кабыл алууга даярдыгы жана суроо берүүгө умтулуусу өзгөчө байкалды. Алар өздөрүнүн тажрыйбасына гана таянбастан, жаңы ыкмаларды үйрөнүүгө, талкууга катышууга жана кесиптик жактан өнүгүүгө аракет кылышты. Албетте, бардык катышуучулардын даярдык деңгээли бирдей эмес. Бирок бул — табигый көрүнүш. Эң маанилүүсү, аудиторияда үйрөнүүгө болгон муктаждык жана кызыгуу бар экендиги байкалды.

Тренингдин жүрүшүндө берилген суроолор, талкуулар, практикалык тапшырмалар жана пикир алмашуулар методисттердин билимге чындап муктаж экенин көрсөттү.

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө көп учурда мугалим жөнүндө сөз кылабыз. Бирок бул процессте методисттин ролу кем эмес маанилүү. Анткени жаңы стандартты, жаңы окуу программасын, жаңы окуу китебин жана заманбап окутуу ыкмаларын мектепке жеткирүүдө методист негизги байланыштыруучу звенолордун бири болуп саналат.

Методист өзү жаңы мазмунду терең түшүнмөйүнчө, аны мугалимге сапаттуу жеткирүү кыйын. Ошондуктан мындай окуулардын негизги максаты жөн гана «маалымат берүү» эмес, методистти өзгөрүүнүн активдүү катышуучусуна айландыруу болуп саналат.

— Төрт күн — жаңы окуу жылына даярдыктын башаты болуп калды окшойт…

— Төрт күндүк окуу — бир жагынан 256 методисттин кесиптик билимин жаңылоого багытталган окуу болсо, экинчи жагынан — жаңы окуу жылына карата жалпы педагогикалык команданы бир багытка топтоонун маанилүү кадамы болду.

12 жылдык билим берүү системасы жаңы талаптарды коюуда. Анын ичинде окуучунун функционалдык сабаттуулугун, критикалык жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн, коммуникациясын, кызматташуу жөндөмүн, социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн өнүктүрүү, предметтик билимди турмуш менен байланыштыруу жана окуучуну келечекке даярдоо маселелери турат.

Мындай чоң өзгөрүүлөр бир күндө ишке ашпайт. Бул үчүн мугалим, методист, ЖОЖдун окутуучусу, окуу китебин иштеп чыгуучу, тренер жана билим берүү системасындагы башка адистер бир багытта иштеши керек.

Түштүк аймактагы төрт күндүк окутуу дал ушул биримдиктин дагы бир мисалы болду.

— Жаркын Сабырбековна, кызыктуу маек куруп берген үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер