100 МИҢ ОКУРМАНЫ БАР МУГАЛИМ
- 06.05.2021
- 0
Айыл мектептеринде болобу, шаар мектептеринде болобу, мугалимдердин токсон тогуз пайызын аялзаты түзөт. Адистер агайлардын тартыштыгынын кесепети окуучулардын тартибине сөзсүз тийерин белгилеп келишет. Ушул адилетсиздикти жоюп, агай мугалимдердин катарын толуктагысы келген Бишкек шаарындагы №66 “Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби” гимназия-окуу-тарбия комплексинин информатика мугалими Адилет Амангуловдун өзүнүн жеке ютуб каналында 100,000 катталуучусу бар. 27 жаштагы мугалим ден соолукка пайдалуу, кызыктуу маалыматтарды кыргыз тилинде видео форматында даярдап, элибизге жеткирип турат.
Эркектер эмнеге мугалимдикти чанышат?
Эркек мугалимдердин көпчүлүгү мектепке барбай жатканынын себебин маянанын аздыгы менен негиздешет. Мына ошондой маянанын аздыгына, балдар менен “нервин” коротуп иштөөгө кайыл болуп, мугалимдик кесипти тандап алган жаш мугалим Адилет Амангулов окуучуларынын өзүнө тигилген үмүттүү көздөрүн, жылмайыңкы жүзүн көргөнгө, алардын “Саламатсызбы агай!” деген жылуу сөзүн укканга куштармын дейт.
Адилет Амангулов Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Казыбек айылынын кулуну. Мугалимдик кесипке урмат-сыйы өзүнүн айылындагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектепте окуп жүргөндө калыптанган десек болот. Ал үй-бүлөдөгү беш бир туугандын экинчиси. Адилеттин мугалим болуу максатын кош колдоп колдогон, мугалимдик кесипти жогору баалаган үй-бүлөсү ага азыркыга чейин дем-күч берип келет. Эс тартканы өзүн окуткан эжей-агайларынын сабактарын кунт коюп окуп, ошолордой мугалим болсом деп кыялданчу. Ошол балалык кыялы – мугалимдикке кызыгуусу борбор калаага келип, Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин информатика факультетине тапшыргандан кийин ого бетер бекемделди.
— Чынында бала кезде ким гана болгуң келбейт? Мисалы, космонавт болууну эңсебеген бала арабызда аз болсо керек. Бирок мен негедир кичинекей кезимден баштап эле мугалим болгум келчү. Студенттик күндөрдө окуу менен бирге өзүм окуган жогорку окуу жайдагы маданий иш-чараларды айкалыштырып, алып баруучулук милдетти аткарып жүрдүм. Буга менин ыр жаза коймой “чымыным” да түрткү болду окшойт, айтор, сахнада өзүмдү аябай жакшы сезем. Мугалим өзүн күндө окуучулардын алдында сахнага чыккандай сезет эмеспи, бул жагынан менин студенттик курактагы активдүүлүгүм аябай жардам берди десем болот, — дейт Адилет.
Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин информатика факултетин ийгиликтүү аяктаган Адилет 2016-жылы борборубуздагы Бакай-Ата жаңы конушунда жайгашкан №85 орто мектепте дене тарбия мугалими болуу менен эмгек жолун баштаган соң, ошол эле мектепте информатика мугалими болуп иштеп калды. Аны менен катар эле бала кезинен калыптанган уюштуруучулук шык-жөндөмүнүн үзүрүн көрө баштады. Өзү жашаган конуштагы элдин көзүнө көрүнүп, мыкты эле мугалим болбостон, конуштагы ар бир майрамдарда уккулуктуу коңур үнү менен алып баруучулук милдетти аркалап жүрүп, эл оозуна кандай алынганын да билбей калды.
Азыркы учурда Адилет Амангулов Бишкек шаарындагы № 66 “Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби” гимназия-окуу-тарбия комплексинде информатика мугалими болуп эмгектенет. Өзү жаш болсо да, түйшүгү мол мугалимдик кесипти аздектеген Адилеттин дарегине бирге иштеген эжейлери жылуу сөздөрдү арбын айтышат. Кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Гүлзат Турганалиева, окуучуларга билим-тарбия берүүдө өзүнүн билимин, жаштык жигерин арнап, жан дүйнөсү менен берилип иштеп келаткан жаш кесиптешине ыраазы экендигин билдирди.
— Адилет мугалимдик кесиптин татаалдыгына карабай тандап алып, окуучуларга билим эле бербестен, аларга таалим-тарбияны да бирге үйрөтүп, туура жол көрсөтүүнү башкы максаты деп билгендиги байкалат. Ал өзүнүн тубаса таланты менен элибиздин эрке уулу болуп, мектептин майрамдык иш-чараларында, кесиптештеринин ар бир жакшылыктарында алып баруучулук кызматты да бирге аркалап келет. Жаш мугалимдердин ушундай иш-аракеттерди жасап жатканына кубанбай кое албайсың, себеби азыркы коомубузда агайлардын мектептерде көп болгону жакшы эмеспи, — дейт, ал кесиптеши жөнүндө.
Мен эмне себептен мугалимдик кесипти тандагам?
Ырасында эле көп кырдуу таланты бар жигиттер жеңил акча табуу жагына ыкташса, алардыкындай эле шык-жөндөмү бар жигиттин мугалимдик кесипти эмне себептен тандап алгандыгын билүү кызык болсо керек.
— Университетте окуп жүргөндө эле мен өзүмдү мугалимдик кесипте көрчүмүн. Себеби балдарга тарбия, билим берүү өтө сыймыктуу иш экендиги ошол кезде анык сезилген. Анткен менен, мугалим болуу да оңойго турбайт. Мындай дегеним, мугалим болуу үчүн билим, тажрыйба, артисттик жөндөм, ойлоп тапкычтык, жоопкерчилик, чыдамкайлык жана эң негизгиси, башкаларга үлгү болууга умтулуу, жаратмандык сапаттары болууга тийиш. Мен ушул сапаттардын баары менде бар деп эсептейм, ошондуктан, мугалимдик кесипти тандагам. Арзыбаган айлык алсак да, балдардын жылмайыңкы жүзүн, үмүттүү көздөрүн көрсөм дайыма чыңалам, чыйралам. Анткени мен ар дайым “Мен өлкөбүздүн өнүгүшүнө эмне салым коштум? деген суроого жооп издейм. Мен балдарга татыктуу билим, таалим-тарбия берип, алардын чыныгы адам болуп чоңоюшун каалайм. Өсүп келе жаткан өспүрүмдөр мамлекетибиздин, журтубуздун келечеги эмеспи, ошол келечек ээлерине туура багыт берүү, алар турмушта өз ордун табышына жардам берүү – менин ыйык милдетим, изги тилегим” – дейт ал.
Класс жетекчи болгонума сыймыктанам
— Класс жетекчи болуу өзгөчө чоң жоопкерчиликтүү милдет экенин баарыңыздар жакшы билесиздер. Мен жаш болсом да класс жетекчи болгонум — мен үчүн чоң кубаныч, чоң сыймык. Классымдагы 30 окуучунун ар кыл таланттары, өзгөчө мамилелери мени мугалимдик кесипте андан ары изденүү менен иштөөмө түрткү берип, алар менен сырдашуу, баарлашуу мага ар дайым жагымдуу маанай тартуулайт. Балдарга мугалимдик кесиптин өзгөчөлүгүн көргөзүп, алардын бул кесипке сый-урмат менен мамиле жасашына жетишсем дейм, алар да мендей болуп, мектеп жашынан мугалимдик кесипти сүйүп, мугалим болууга умтулушса деп кыялданам, — дейт Адилет Амангулов.
Мына ушундай кыялдарга жетеленип, жан дүйнөсү менен мугалимдик кесипти жактырып иштеп келаткан Бишкек шаарындагы №66 “Ден соолуктун жанан өнүгүүнүн мектеби” гимназия-окуу-тарбия комплексинин мугалими Адилет Амангуловдун аракети көз жаздымда калбай, айрыкча, анын кыргыз тилин ардактап сүйүүгө багытталган иш-аракеттери жогору бааланып, КР Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Төл башы болгон бул сыйлыгың артынан дагы башка көптөгөн сыйлыктарды, сыймыктарды алып келсин, Адилет!
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер