«ЗОМБУЛУКТУ АКТАБА!» КОНКУРСУНАН УТУП, НОУТБУК БЕЛЕККЕ АЛ!
- 01.03.2021
- 0
9-11-класстарынын окуучуларын «Зомбулукту Актаба!» аттуу республикалык конкурса катышууга чакырабыз!
Бул укуктук сынак USAID-IDLO «Сотко ишеним» Программасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жатат.
Жеңүүчү командалар үчүн төмөнкү сыйлыктар каралган:
1-орун — команданын ар бир мүчөсүнө ноутбук.
2-орун — команданын ар бир мүчөсүнө телефон.
3-орун — команданын ар бир мүчөсүнө телефон.
Катышуу үчүн 3 окуучудан (алардын бири башка жыныста болушу керек) турган топ түзүп, төмөнкү талаптарды аткаруу керек:
- Ссылка аркылуу 2021-жылдын 4-мартына чейин өз командаңыздын атынан катталуу:
https://forms.gle/V1p3pV8SQ7Um2cEy6
- Сиздин топтун катышуусун тастыктагандан кийин, уюштуруучулардын маалыматтык билдирүүсүнө ылайык, гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту изилдөө үчүн социологиялык онлайн сурамжылоо жүргүзүү — минималдуу 50 адам менен маектешүү;
- Кыргызстандагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук темасында 2 мүнөттүк видеотасманы даярдап, жарыялоо;
- Конкурстун облустук этабында калыстар тобунун алдында аткарылган иш жөнүндө презентация кылуу;
- Конкурстун республикалык этабында калыстар тобунун алдында аткарылган иш жөнүндө презентация кылуу;
- Көз карандысыз калыстар тобу үч жеңүүчү команданы тандап алат.
Бул республикалык конкурс Кыргызстандагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча жаштардын активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Сурамжылоонун жүрүшүндө катышууга топтор төмөнкү негизги суроолор боюнча маалымат алууга муктаж:
- Коомдогу гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту ким кандай түшүнөт?
- Маектешкендер гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук учурларына канча жолу туш болушкан?
- Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу мыйзамдар менен таанышпы?
- Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгондо эмне кылуу керек?
Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, сынактын бардык этаптары онлайн режиминде өткөрүлөт.
#ЗомбулуктуАктаба
#JashtarTendik3un
Комментарийлер