“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ-2026” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 04.06.2026
  • 0

Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими-2026” республикалык сынагынын облустук туру болуп өттү. Ага райондук турдан жеңүүчү болуп табылган 89 мугалим катышты. Сынакта биринчи орунду камсыз кылган катышуучулар республикалык турга жолдомо алышты.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ-2026” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Мугалим – коомдун келечегин калыптандырган, билим менен тарбиянын чырагын жандырган улуу кесип ээси. Педагогдордун чыгармачылык дараметин өнүктүрүү, алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу жана кесиптик чеберчилигин баалоо максатында жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан “Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагынын облустук баскычы жогорку деңгээлде уюштурулду.

Сынак жыл сайын 17 предметти окуткан мугалимдердин ар бир предмет боюнча мыктыларды аныктоо менен өткөрүлөт. 2026-жылы Ош облусундагы райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн жалпы 89 мугалим райондук баскычтын жеңүүчүлөрү деп табылган. Алар Алай районунан – 15, Араван районунан – 10, Кара-Кулжа районунан – 13, Кара-Суу районунан – 12, Ноокат районунан – 16, Өзгөн  районунан – 17 жана Чоң-Алай районунан – 5 мугалим облустук баскычка катышууга арыз тапшырып, каттоодон өткөн. Алгач талапкерлерден билим берүүнү жөнгө салган укуктук-ченемдик актыларды билүүсүн,  педагогикалык жана психологиялык, методикалык багыттагы билимин, санариптик сабаттуулугун, теориялык даярдыгын аныктаган тест алынып, натыйжада 89 катышуучунун ичинен тиешелүү упай топтогон 41 мугалим облустук баскычка катышуу укугуна ээ болушту.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ-2026” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Сынактын биринчи күнү катышуучулар “Мастер-класс” турунда 20 мүнөттүн ичинде 15-20 окуучудан турган тааныш эмес аудиторияда өзүнүн предметин окутуудагы көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшкөн мыкты деп санаган тажрыйбасы менен бөлүшүп  кесиптик чеберчилигин көрсөтүштү. Жыйынтыгында “Мастер-класс” турунан босого упай топтогон 16 катышуучу кийинки “Сабак” туруна  өтүштү.

Катышуучулар “Сабак” турунда уюштуруу тобу тарабынан календардык-тематикалык планга, ошол предметтин окуу программасына дал келген тема аныкталып, аны өзү тандаган класска 35 мүнөттүн ичинде өтүп, 10 мүнөт өзүнүн сабагына анализ жасап, калыстардын суроолоруна жоо беришти. Сынактын жыйынтыгында 3-орунга Абакирова Зуура — Өзгөн районундагы Т.Асранов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин география мугалими, 2-орунга Айбашев Үсөнбай — Араван районундагы М.Саид атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин география мугалими, Токтомушева Элиза – Кара-Кулжа районундагы К.Ормокеев атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин математика мугалими, Эркебай кызы Кылымбү – Өзгөн районундагы К.Эрматов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин тарых мугалими, Исмаилова Дарыйка — Араван районундагы А.Навои атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин “Адам жана коом” предметинин мугалими татыктуу болушту.

Ал эми 1-орунга татыктуу болгон 10 предметтин жылдын мыктылары төмөнкүлөр:

“Жылдын мыкты география мугалими” номинациясы боюнча Кара-Кулжа районундагы Т.Кулмаматов атындагы мектептин мугалими Айтурган Сатылганова; “Жылдын мыкты тарых мугалими номинациясы боюнча Алай районундагы Т.Отунчиев атындагы мектептин мугалими Майрам Марсбекова; “Жылдын мыкты башталгыч класстар мугалими” номинациясы боюнча Кара-Кулжа районундагы Б.Бегиев атындагы мектептин мугалими Сүйүмкан Мийзамова; “Жылдын мыкты физика мугалими” номинациясы боюнча Алай районундагы Курманжан датка атындагы мектептин мугалими Жанаргүл Абдрахманова; “Жылдын мыкты “Диндердин өнүгүү тарыхы” номинациясы боюнча Өзгөн районундагы А.Төлөнов атындагы мектептин мугалими Гүлзар Садыкова; “Жылдын мыкты химия мугалими” номинациясы боюнча Ноокат районундагы М.Кудайбердиев атындагы мектептин мугалими Кулпунай Рахманкулова; “Жылдын мыкты англис тили мугалими” номинациясы боюнча Алай районундагы Т.Отунчиев атындагы мектептин мугалими Кадырбек кызы Жайнагүл; “Жылдын мыкты математика мугалими” Чоң-Алай районундагы Алайчы уулу Саит атындагы мектептин мугалими Гульзина Мурзабекова; “Жылдын мыкты “Адам жана коом” предметинин мугалими” номинациясы боюнча Өзгөн районундагы М.Нурбаев атындагы мектептин мугалими Полотбекова Бегайым жана “Жылдын мыкты информатика мугалими” номинациясы боюнча Кара-Суу районундагы И.Кулбаев атындагы мектептин мугалими Элмира Шаматова.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ-2026” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Жеңүүчүлөрдүн арасынан сынактын жобосуна ылайык эң көп упай топтогон Кара-Кулжа районундагы Т.Кулмаматов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин география мугалими Сатылганова Айтурган Ош облусунда  “Жылдын мыкты мугалими-2026” сынагынын баш байгесин багындырып, “2026-жылдын мугалими” наамына татыктуу болду.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери Ош билим берүү институтунун Ардак грамоталары, дипломдору менен сыйланып, Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына билим берүү багытындагы тажрыйба алмашуу сапарына жолдомолорго, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Сынактын жыйынтыгы мугалимдердин чыгармачылык изденүүсүн арттырууга, мыкты педагогикалык тажрыйбаларды жайылтууга жана билим берүү тармагындагы сапаттуу өзгөрүүлөрдү колдоого чоң салым кошту. Эң башкысы – бул сынак өз ишине берилген, жаңычыл ойлонгон жана келечек муундарды тарбиялоодо зор жоопкерчилик менен эмгектенип жаткан мыкты мугалимдерди коомчулукка тааныткан маанилүү аянтча болуп калды. Республикалык турга жолдомо алган мугалимдерге ийгиликтерди каалап, алар Ош облусунун педагогикалык коомчулугунун намысын татыктуу коргойт деген ишеним билдиребиз.

Чынара РАИМБЕКОВА,

Ош билим берүү институтунун директорунун орун басары.

Бөлүшүү

Комментарийлер