№3 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ УШУЛ ЖЕРДЕН БАШТАЛАТ!

  • 30.04.2026
  • 0

Урматтуу окуучулар, келечектеги абитуриенттер!

Сиздердин алдыңыздарда өтө маанилүү кадам – кесип тандоо турат. Бул тандоо сиздердин келечектеги жашоо жолуңуздарга чоң таасир этет!

Урматтуу ата-энелер, мектеп мугалимдери!

№3 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ  КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ УШУЛ ЖЕРДЕН БАШТАЛАТ!

Биздин жалпы максатыбыз – турмуш жолуна жаңы кадам таштап жаткан жаштарга эмгектин сулуулугун, чыгармачылыктын кубанычын түшүндүрүү.

Биз, техникалык билим берүү тармагында иштегендер, сиздер сыяктуу эле, алардын бактылуу болушун каалайбыз. Биз, чоңдор, туура кесип тандоо бир эле адамдын эмес, бүтүндөй коомдун келечегине таасир этерин жакшы билебиз.

№3 кесиптик лицей 1942-жылдан бери алдыңкы адистерди даярдап келет. Бул – өзүнүн мүнөзү, салттары жана өзгөчө стили бар жандуу организм. Лицей дайыма өсүп-өнүгүп, заман талабына ылайык иш алып барууга аракет кылууда. Бул жерде идеяларга бай, чыгармачылык потенциалы жогору, лицейдин жана ар бир окуучунун тагдыры үчүн чоң жарандык жоопкерчиликти сезген мыкты адамдар эмгектенет.

Эгер сен өзүңдү кесипкөй, квалификациялуу адис катары көрсөтүүнү кыялдансаң, анда бардык күч-аракетиңди жумшап, чыныгы керектүү билим алууга умтул. Андан кийин алган билимиң менен жөндөмүңдү колдонуп, татыктуу жашоо курууга мүмкүнчүлүк аласың.

Сиздерге ийгилик жана жаңы ачылыштарды каалайм!

№3 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ  КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ УШУЛ ЖЕРДЕН БАШТАЛАТ!

Шайбек Белялов, окуу жайдын директору

Лицейде билим берүүнүн бардык баскычтарынын ортосундагы үзгүлтүксүздүктү камсыз кылуу максатында, кесиптик билим берүү жана ишке орноштуруу модели ишке ашырылууда.

ОКУУ МӨӨНӨТҮ: 9-класстын негизинде – 2 жыл, 11-класстын негизинде – 10 ай

БЮДЖЕТТИК НЕГИЗДЕ ОКУТУУ МӨӨНӨТҮ – 10 АЙ:

электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электр монтер;

токарь;

муздаткыч жана кондиционер системаларын оңдоо боюнча электр механиги;

электр-газ ширетүүчү;

системдик администратор;

жарнама боюнча графикалык дизайнер;

компьютерде терүүчү жана калыпка салуучу (басма дизайнери);

басма басуучу;

мукаба жасоочу;

программист;

автотейлөөчү жана автоэлектрик;

WEB жана мультимедиа тиркемелерин иштеп чыгуучу;

маалыматтык технологиялар жана коопсуздук боюнча адис;

ашпозчу-кондитер.

Документтерди

кабыл алуу шарттары:

№3 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ  КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ УШУЛ ЖЕРДЕН БАШТАЛАТ!

Кесибин көрсөтүү менен мүдүрдүн наамына арыз жана төмөнкү керектелүүчү документтер:

✍ билими тууралуу документ;

✍ жашаган жеринен жана үй-бүлөсү тууралуу маалымат;

✍ (086-У) формасындагы медициналык маалымат;

✍ туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт (көчүрмөсү);

✍ ата-энесинин паспортторунун көчүрмөсү;

✍ сүрөт 3х4 — 4 даана;

✍ аскердик күбөлүк (көчүрмөсү).

Окуунун шарттары

Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, томолой жетимдер социалдык стипендия алат. Ошондой эле жалаң “5”, “5, 4” жана “4кө”окуган окуучулар да стипендия алууга мүмкүнчүлүк бар.

Бүтүрүүчүлөргө мекеме-уюмдарга, заводдорго ж.б. ишканаларга жолдомо берилет.

Алыстан келген окуучулар жатакана менен камсыз болот.

КР мыйзамдарынын негизинде лицейде окуган уландар аскер кызматынан убактылуу бошотулат.

№3 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ  КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ УШУЛ ЖЕРДЕН БАШТАЛАТ!

БЮДЖЕТТИК НЕГИЗДЕ ОКУУ МӨӨНӨТҮ – 2 ЖЫЛ:

токарь (токарь-универсал);

турмуш-тиричилик техникаларын оңдоо жана тейлөө боюнча устат;

WEB жана мультимедиа тиркемелерин иштеп чыгуучу;

басуу жабдууларынын оператору (терүүчү-компьютердик техникада);

басуу жабдууларынын оператору;

китеп чаптоо оператору

электр-газ ширетүүчү;

электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электр монтер;

ашпозчу;

автомобилдердин электр жабдууларын оңдоочу электрик

№ 3 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ ӨЗ КЕЛЕЧЕГИҢДИ КАРЖЫЛОО!

Бишкек ш, Раззаков көчөсү, 62

+996 (312) 62-49-12; 62-49-23; 66-00-07

Кабыл алуу комиссиясы: 0703 24 23 88; 0557123403

kl-3.com

proflisei3_kg

 

Бөлүшүү

Комментарийлер