“ЖЫЛ МУГАЛИМИ-2023”: БИШКЕКТЕ БИРИНЧИ

  • 27.09.2023
  • 0

Бишкек шаары боюнча өткөн “Жылдын мыкты мугалими” сынагында №21 мектептин мугалими Шахсанам Рахманкулова биринчи орунга чыкты. Жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан сынактын  республикалык деңгээлдеги жеңүүчүсү 5-октябрда аныкталат.

“ЖЫЛ МУГАЛИМИ-2023”: БИШКЕКТЕ БИРИНЧИ

Шахсанам Рахманкулова 15 жылдан бери №21 орто мектепте башталгыч класстарга сабак берип келет. “Жылдын мыкты мугалим” сынагына катышуу үчүн үч жылдан бери даярданып жүргөндүктөн, жеңүүчү болорунан үмүттөнгөнүн айтат.

  • Бул сынакка катышуу ар бир мугалимдин максаты , кыялы болушу керек. Мен үч жылдан бери ниет кылып, даярданып келгем. Жеңишке жетүүгө колумдан келген аракетимди жасадым, толук ишеним бар эле. Бишкек шаары боюнча жеңүүчү аталганымды билгенде абдан кубандым,  — дейт.

 

Таланттуу, чыгармачыл, креативдүү мугалимдер катышкан сынакта өзүнүн мыктылыгын сабак өтүүдө эле эмес, өзүн-өзү тааныштыруу, слайд жасоо этаптарында да жогорку деңгээлде көрсөткөн мугалим кыйынчылыктар болгонун жашырбайт. Бирок ага жардамга мектеп жамааты келип, көрсөтмө куралдарды жасашып, ар тараптан колдоп турушкан.

  • Конкурстун талаба боюнча, 40 минутада берилген тема боюнча сабакты үлгүрүп өтүшүң керек. Ошондой эле мугалимдин өзүн-өзү тааныштыруусу, сабак өтүүсү, окуучулардын сабакка катышуусу, класстын жасалгасына чейин каралат экен. Албетте, кыйынчылыктар болду. Бирок мага мектептеги мугалимдер чоң колдоо көрсөттү. Ар бир сабакты көргөзмөлүү өткөнгө аракет жасадым. Ошондуктан түнү менен уктабай мугалимдер менен биргеликте көрсөтмө куралдарды жасап чыккан учурлар болду. Ар бир сабагыбызды мектеп директору Азим Жеңишович майда-баратына чейин текшерип турду. Даярданууга көп убакыт кетти,  — дейт Шахсанам Рахманкулова.

“ЖЫЛ МУГАЛИМИ-2023”: БИШКЕКТЕ БИРИНЧИ

 

Шахсанам Рахманкулова 1983-жылы 3-мартта Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Сүлүктү шаарында төрөлгөн. 2000-жылы Бишкек шаарындагы №45 орто мектебин ийгиликтүү аяктаган соң, 2001-жылы  Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин математика бөлүмүнө окууга тапшырган. Алган билимин дагы да тереңдетүү максатында 2017-жылы  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун педагогика факультетине тапшырып, 2019-жылы аяктаган. Алгачкы эмгек жолун Бишкек шаарындагы №88 орто мектебинен баштаган.

 

  • Мугалимдик кесиптин ээси болуу балалык кыялым эле. Кичинекей кезимде сиңдилерим менен “мектеп” оюнун ойноп, өзүм мугалимдин образына кирип алып, сабак өтчүмүн. Башталгыч класста баланын фундаменти түптөлгөн убакыт болгондуктан, бул курактагы балдардын мугалими болуу өтө түйшүктүү, жоопкерчиликтүү иш. Бирок мен балдарды абдан жакшы көрөм.  Балдар менен иштешкен жагат. Алардын  жан-дүйнөсү таза, баарына чын жүрөгүнөн мамиле кылат. Сабак өтүп жатып, алардын  баёо дүйнөсүнө кирип кетем. Кичинекей колдорун көтөрүп, сабакка кызыгуу менен катышышат. Ар бир сабактан кадимкидей ырахаттанып, энергия топтоп чыгам,  — дейт жеңүүчү.

“ЖЫЛ МУГАЛИМИ-2023”: БИШКЕКТЕ БИРИНЧИ

Ал эми №21 жалпы орто билим берүү мектебинин директору Азим Жеңиш уулу Шахсанам Рахманкулованы бир гана мектептин сыймыгы эле эмес, “Бишкек шаарынын сыймыгы” деп атап, республикалык деңгээлдеги конкурста Бишкек шаарынын намасын коргойт деген ишеничин билдирип, ийгилик каалады.

 

  • Шахсанам Ибрагимовнанын мугалимдик өзгөчөлү — педагогдук кесибин сүйгөндүгү. Дайыма педагогдук адеп-ахлагы мугалимдик стилине туура келет. Абдан сабырдуу, сылык, токтоо. Сабактарына кирсең, дайыма бир калыпта өтөт, жагымдуу атмосфераны сезесиң. Балдар менен болгон мамилеси дайыма үлгү аларлык. Бала менен иштешүүдө үнүн өктөм чыгарып, кагып-силкип ар кандай эмоционалдык ыкмаларга алдырбайт. Сабактын мазмунуна, баланын сабактын аягына чейин жигердүү катышкандыгына басым жасап, чоң өбөлгө түзөрүн байкоого болот.
  • Кесиптештеринин алдында кадыр-баркка ээ. Улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүп, сыйлап турат. Дайыма жайдары маанайда жүрөт. Мектептин күчтүү педагогу катары баалайм. Ийгилик кечээ же бүгүн эле жаралбайт. Үзүрлүү, үзгүлтүксүз, тынымсыз иш-аракеттердин аркасында жаралат. Анын ийгилиги көп жылдык эмгегинин натыйжасы, — деди мектеп директору.

 

Өз предметин мыкты билген адис жана профессионал педагог бир катар  шаардык жана республикалык кароо-сынактарына катышкан. Алсак,  2021-2022 окуу жылы “Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!”  долбооруна 4-Б классы менен  “Эне көркү элечек” аттуу темада мектеп ичинен 1-орунга,  райондон 2-орунга, ал эми шаардан 2-орунга ээ болгон. “Жүрөгүмдү балдарга арнайм” конкурсунда катышып, райондук денгээлде 28 мектептин ичинен 2-орунду ээлеген. Ушул эле конкурстун шаардык деңгээлинде 1-орунду камсыз кылган.

№21 ЖОББ мектебинин грамотасы, СРБББнын грамотасы, Бишкек шаарынын мэриясынын “Ардак грамотасы менен сыйланган.

Карьерасын ийгиликтүү алып келе жаткан Шахсанам Рахманкулова үч баланын сүйүктүү энеси. Жолдошу курулуш тармагында иштейт. Айтымында, карьерасында ийгиликке жетүүсүнө жолдошунун да салымы зор. Себеби жумушун туура түшүнөт. Көрсөтмө куралдарды жасоого да жардам берет. Атүгүл, үйүндө өзүнчө бөлмө бөлүп, ээн-эркин көрсөтмө куралдарын жасоосуна шарт түзүп койгон.

Белгилей кетсек, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын таланттуу, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерин аныктоо, аларды колдоо жана кубаттоо, ар бир мугалимдин өзүн-өзү жана кесиптик сапаттарын көрсөтүшүн камсыздоо, кесиптик байланыш чөйрөсүн кеңейтүү, республиканын мыкты мугалимдеринин педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу жана мугалимдердин мыкты тажрыйбасы жөнүндө маалымат банкын педагогикалык маалымат менен толуктоо максатында жыл сайын “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагы уюштурулуп келет.

Аталган сынактын райондук, шаардык деңгээлдеги жеңүүчүлөрү аныкталып, финалга тогуз мыкты деп табылган мугалим чыкты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер