ЖУРНАЛИСТИКАНЫН ЖАҢЫ КӨПҮРӨСҮ: БМУДА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫ ТҮЗҮЛДҮ 

  • 15.05.2026
  • 0

14-майда К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана массалык маалымат системалары факультетинин түзүлгөнүнө 20 жыл, журналистика жана коом менен байланыш кафедрасынын негизделгенине 30 жыл толушуна жана профессор Станбек Усуповдун 90 жылдык мааракесине арналган эл аралык форум болуп өттү. Иш-чарага факультеттин бүтүрүүчүлөрү, окутуучулар, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

ЖУРНАЛИСТИКАНЫН ЖАҢЫ КӨПҮРӨСҮ: БМУДА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫ ТҮЗҮЛДҮ Форумдун жүрүшүндө университеттин ректору Мирлан Дылдаев сөз сүйлөп, факультеттин журналистика тармагындагы орду жана бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиктери тууралуу токтолду.

ЖУРНАЛИСТИКАНЫН ЖАҢЫ КӨПҮРӨСҮ: БМУДА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫ ТҮЗҮЛДҮ 

“Бүгүнкү форумдун негизги максаты — факультеттин 20 жылдыгын, журналистика жана коом менен байланыш кафедрасынын 30 жылдык мааракесин белгилөө жана журналистиканын башатында турган, Кыргызстанга эмгеги зор Станбек Усупов агайыбыздын 90 жылдык элесин эскерүү. Биздин факультеттин бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө өлкөдө гана эмес, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында ийгиликтүү эмгектенип жатышат. Алар менен сыймыктанабыз,” — деп белгиледи.

ЖУРНАЛИСТИКАНЫН ЖАҢЫ КӨПҮРӨСҮ: БМУДА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫ ТҮЗҮЛДҮ 

Ошондой эле ректор журналистика, маданият жана билим берүү тармагына мамлекет тарабынан көңүл бурулуп жатканын айтып, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” доктринасынын алкагында журналисттердин, мугалимдердин жана маданият кызматкерлеринин эмгеги бааланып жатканын кошумчалады. Мындан тышкары, университетте китеп таануу адистиги боюнча кадрларды даярдоо иши ийгиликтүү уланып жатканын белгилеп, бул багыттын түптөлүшүнө эмгек сиңирген маркум Тамара Шаймергенованы эскерди.

Факультеттин деканы Алтын Асанова бүгүнкү күндө факультеттин бүтүрүүчүлөрү окуу жай менен тыгыз байланышын улантып келе жатканын белгилеп, белгилүү бүтүрүүчүлөрдүн катарында Аида Касмалиева, Алмаз Касмалиев, Элдар Аттокуров, Турсунай Калматова, Назира Ахмедова жана Мирбек Молдокунов сыяктуу медиа өкүлдөрү бар экени айтты.

ЖУРНАЛИСТИКАНЫН ЖАҢЫ КӨПҮРӨСҮ: БМУДА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫ ТҮЗҮЛДҮ 

“Журналистика жана массалык маалымат системалары факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн биринчи эл аралык форуму өтүп жатат. Бул иш-чара маданий, илимий жана тарыхый мааниге ээ. Форумдун негизги максаты — факультеттин мыкты бүтүрүүчүлөрүн студенттерге жана коомчулукка тааныштырып, алардын кесиптик жетишкендиктерин жаштарга үлгү катары көрсөтүү,” — деди.

Форумдун соңунда уюштуруучулар бул сыяктуу жолугушуулар келечекте дагы уланып, журналистиканын өнүгүшүнө жана жаш адистердин тажрыйба топтоосуна өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Бөлүшүү

Комментарийлер