КУУНУН ЖУРНАЛИСТИКА ФАКУЛЬТЕТИ ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ

  • 13.02.2019
  • 0

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин телестудиясы жаңы техникалык санарип каражаттар жана жабдуулар менен толукталды. Монтаждоочу стол, жарыктандыруу каражаттары, видеокамералар, телесуфлер жана башка студия үчүн зарыл техникалык каражаттарды Кореянын Кемен мамлекеттик университети белекке берди.

КУУНУН ЖУРНАЛИСТИКА ФАКУЛЬТЕТИ ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ

20 000 АКШ долларына алынган техникаларды тапшыруу салтанатында Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Тек Ек кыргыз-корей элинин кызматташтыгы билим жаатында мыкты деңгээлде өнүгүп келе жатканын баса белгилеп, бул алаканын бекемделишине салым кошоорун убада кылды. КУУнун ректору Канат Садыков бул саамалык студенттер үчүн жакшы жаңылык экендигин, анткени алар журналистиканын практикасын үйрөнүүгө чоң мүмкүнчүлүк алышкандыгын, эми студенттерден мыкты телекөрсөтүүлөрдү күтө тургандыгын белгиледи.

КУУНУН ЖУРНАЛИСТИКА ФАКУЛЬТЕТИ ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ

Факультеттин деканы Айна Дүйшекееванын айтымында, кореялык жардамдын натыйжасында студенттер кызыктуу сюжеттерди, тасмаларды тартып, телепрограммаларды жаратуу сырларын үйрөнүшөт.

  • Факультеттин алдындагы “Баласагын ТВ” студиясынын интернет каналы ачылат. Ошол жерге студенттердин техникалык мүмкүнчүлүктүн натыйжасында жараткан эмгектери жайгаштырылып турат, — дейт Айна Талгарбековна.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер