Сокулук районунун мугалимдерине «Алтын Казык» ноутбуктары тапшырылды

  • 23.11.2026

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан билим берүү тармагын санариптештирүү жана мугалимдердин ишин заманбап техникалык каражаттар менен камсыздоо максатында «Алтын Казык» ноутбуктары таратылды.

Анын алкагында Чүй облусунун Сокулук районундагы мектептерге да жаңы ноутбуктар тапшырылды. Тактап айтканда, Саадаш Абдылдаева атындагы мектепке 7 ноутбук берилсе, Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебине 7 ноутбук бөлүндү. Анын ичинен 4 ноутбук кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине, 3 ноутбук география мугалимдерине тапшырылды. Сокулук районунун мугалимдерине «Алтын Казык» ноутбуктары тапшырылды

Жаңы техникалар мугалимдердин сабак өтүүдө санариптик ресурстарды пайдалануусуна, электрондук материалдарды даярдоосуна жана билим берүү процессин заманбап талаптарга ылайык уюштуруусуна шарт түзөт. Сокулук районунун мугалимдерине «Алтын Казык» ноутбуктары тапшырылды

Гульазар Муонбаева кыргыз тили жана адабияты мугалими:

«Ноутбуктун берилиши биз үчүн чоң колдоо. Эми сабактарга электрондук материалдарды, презентацияларды даярдап, окуучуларга маалыматты кызыктуу жана жеткиликтүү жеткирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз кеңейет». Сокулук районунун мугалимдерине «Алтын Казык» ноутбуктары тапшырылды

Талжибек Токтобай кызы география мугалими:

«Заманбап ноутбук география сабактарын интерактивдүү өткөрүүгө чоң жардам берет. Электрондук карталарды, видеоматериалдарды жана санариптик ресурстарды колдонуу менен окуучулардын предметке болгон кызыгуусун арттыра алабыз».

Мындай колдоо мугалимдердин кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бирге, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана мектептерде санариптик билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган.

 

Айдай Джолчубекова

Зарина Соорбекова

Бөлүшүү