ЖУМГАЛДАГЫ МЕКТЕПТЕ ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ

  • 14.02.2019
  • 0

Өлкөнүн 60 мектебинде электрондук китепкана ачылган. Анын ичинде Жумгал районунун Жаңы-Арык айылындагы профессор Айып Идинов атындагы орто мектебиндеги китепкана бар.

ЖУМГАЛДАГЫ МЕКТЕПТЕ ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ

Маалым болгондой, Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын «Билим берүү тутумунун реформасын колдоо» долбоору менен кызматташтыкта китепканага 20 компьютер, 4 ноутбук, 4 проектор-сервер, тармактык жабдуу, компьютер столдорун жана отургучтар менен берген.

2017-2018-окуу жылында электрондук китепкана боюнча пилоттук негизде республикадан 60 мектеп тандалып алынган. 2019-жылдын 7-февралында А.Идинов атындагы орто мектебинде райондук деңгээлде семинар өткөрүлдү. Семинардын темасы «Электрондук китепкана — мезгил талабы» деген аталышта болчу.

Семинардын максаты — электрондук китепкана менен тааныштыруу жана башка мектептердеги электрондук китепканалар менен иш жүргүзүү. Иш-чарага райондогу бардык мектептердин директорлору, башталгыч класстардын мугалимдери жана англис тили мугалимдери катышты.

Учурда башталгыч класстарынын жана 5-9-класстын мугалимдери иштелип чыккан электрондук ресурстарды сабактарда колдонуп жатышат. Аталган мультимедиалык китепканалардын оффлайн версиясын да колдонуп кирүүгө болот.

«Ibilim» пилоттук долбоору тажрыйбалуу мугалимдер менен маалымат технологияларынын адистери биргелешип, мектептердин башталгыч класстарына математика, кыргыз тили, орус тили, англис тили, мекен таануу, музыка, көркөм өнөр сабактары боюнча электрондук программалык-методикалык мультимедиалык колдонмолорду ишке ашырышты.

«Билим булагы» — бул математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк кыргыз адабияты, англис тили боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын 5-9-класстарынын билим берүү стандарттарынын чегиндеги окуу материалдарынын мультимедиалык комплекси. Электрондук китепканаларды мектептерде колдонуу 2018-2019-окуу жылынын сентябрь айында башталган.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер