ЖРТНЫН АЛТЫН СЕРТИФИКАТЫНЫН ЭЭСИНЕН БААЛУУ ЖЕТИ КЕҢЕШ

  • 13.06.2022
  • 0

ЖРТНЫН АЛТЫН СЕРТИФИКАТЫНЫН ЭЭСИНЕН БААЛУУ ЖЕТИ КЕҢЕШ– ЖРТ мен үчүн өтө кыйын же өтө оңой да болгон жок, жеңил болду. Тесттин варианттары ар түрдүү болот, бирок татаалдыгы боюнча бардык тесттер бирдей деңгээлде. Ошондуктан ЖРТны кыйын экен, жеңил экен деп чыгуу окуучунун даярдыгына жараша деп ойлойм. Тестке болгон даярдыгыңар, өзүңөрдү бардык суроого туура жооп бере аларыңарга ишенгендей деңгээлде күчтүү болуп, психологиялык жактан өзүңөрдү даярдап, эң негизгиси дүрбөлөңгө түшпөй тапшырып чыксаңар, бир топ жеңил болот деп ойлойм. Көп окуяларды уккам, даярдыгы күчтүү болуп туруп, психологиялык жактан өзүн даярдабаганы үчүн стресске алдырып, тестти жазууда өз энергиясын текке кетирип алышат. Мисалы, менин бир таанышым чыныгы тест болгонго чейин сынак (пробный) тесттерден 220 баллдын тегерегинде алчу, бирок чыныгы тесттен 203 балл эле алып калды. Көрсө, ал тест болордун алдында күнү-түнү менен кыжаалаттанып, психологиялык жактан даяр болбой калыптыр. Албетте, анын чыныгы тести менен сынак тесттери ар башкача чыгып калышы кадимки көрүнүш, бирок эгер ал ошол күнү кыжаалат болбой, жакшылап эс алып анан тестке киргенде, балким жыйынтыгы башкача болмок.

Кеңешим – өзүңөрдү моралдык жактан даярдагыла. Чыныгы тест учурунда өзүңөрдү сынак тест жазууда алып отургандай эле сезгиле. ЖРТ тапшырмалары мектептик программага гана негизделген. Логиканы да текшерет.

– Сиз тестирлөөгө кандай, канча убакыт даярдандыңыз?

– Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыкты октябрь айында баштадым, адегенде тест жөнүндө биринчи маалымат алгам. Негизги эффективдүү даярдыгымды кышында январь айында баштадым десем болот, ошол учурдан баштап убактымды туура колдоно баштадым. Биринчи кеңешим – негизи ЖРТга даярданууда убакытты туура пайдалануу эң маанилүү. Силер күндөрдү санабай, күндөр өздөрү саналсын, ошол күндөрдү планыңардагы иштер менен толтуруу керек. Даярданууга менде бардык убактым жумшалды деп айта албайм. Организмге, мээге тыныгуу жана эс алуу да керек. Тыныгуу айкалышып турбаса, энергия да жоголуп, эффективдүүлүк да азаят. Башкача айта турган болсок, адамда жаңы маалыматтарды кабыл алгандан кийин инкубациялык мезгил өтөт, жалпак тил менен айтканда алган маалыматты жана билимди сиңирүү. Ошондуктан менде арасында тыныгуулар да болуп турду.

Экинчи кеңешим – көп-көп сынак тест тапшырып туруу керек. Менин оюмча, баарында эле болот болуш керек, биринчи сынак тестте окуучулар убакытты туура пайдаланууну баамга алышпайт. Бир татаал суроонун үстүндө кечке убакытын текке кетирип, оңой суроого жооп берип, баллга ээ болуп калуу шансын колдон учурушат. Ошондуктан биринчи оңой жана билген суроолоруңарга жооп берип, андан кийин татаал суроолорго өткүлө.

Анан да өзүңөрдүн индивидуалдуулугуңарга туура келсе, колдонгула деп кеңеш берет элем. Ар бир адамдын тестке болгон даярдыктагы аракеттери өзүнүн креативдүү методдору менен коштолот. Ушул себептүү силер да ЖРТга даярданууда креативдүү методуңарды тапкыла.

Үчүнчү. “Эмнени ойлосоң, ошону аласың” демекчи, түпкү туюмдун күчү (сила подсознания) да кыялыңардын ишке ашуусуна чоң көмөк болот. Мисалы, ооруканада рак оорусуна чалдыккан эки бейтапка байкоо жүргүзүшкөн. Бири мен айыгам, кудайым шыпаасын берет деп жакшы ойдун күчү менен айыгып кетет, экинчиси болсо жарык дүйнөдөгү күндөрүм аз калды, көрөр күн, ичер суум бүттү деп эзилип ойлонуп отуруп ажалга дуушар болот. Ошондуктан негативдүү ойлорго алдырбагыла, себеби илимий изилдөөлөргө таянсак, адамдын мээси жакшы ой келеби же жаманбы, баары бир буйрукту бере берет. Ошондуктан Алтын сертификат албай калсамчы, жакшы балл албай калсамчы, ЖРТ учурунда ооруп калсам эмне болот деген сыяктуу жаман ойлордон алыс болгула.

Төртүнчүсү – күндө визуалдаштыруу зарыл. Бул мисалга адамдын энергиясы калбай, даярдангысы келбей калган учурларда жардам берет. Өзүңөр көксөгөн баллга жетип, Президенттин колунан Алтын сертификат алып жаткан учуруңарды элестеткиле.

– Баракелде, сонун кеңештерди айтып кеттиңиз. Эми өзүңүз кайсы кесипти тандадыңыз? Окуудан тышкаркы убакта эмне менен алектенесиз, ошого да токтоло кетсеңиз?

– Учурда филология багытында билим алып жатам, 1-курсту аяктадым. Кесипти туура тандоо өтө зарыл иш. Бул биздин жашообуздагы эң маанилүү тапшырмалардын бири десем жаңылбайм. Негизи айтышат го, жашоодо эки нерсени туура танда деп, биринчиси, өмүрлүк жарың, экинчиси, тандаган кесибиң. Себеби экөө сени өмүрүңдүн аягына чейин коштоп барат. Ошондуктан тандоо сенин колуңда. Жашооңду жыргалчылык менен жашап өткөрөм десең, туура тандооңдон жаңылбагыдай болушуң керек. Тандаган кесибиңде иштөө – ырахат алып жашоого негиз болуш керек.

Өзүмдүн жашоомдон бир мисал келтирсем, сабактарымдан тышкары мен башка Алтын сертификат ээлери менен чогуу “CisCo educational services” мекемеси менен миңден ашык окуучуга тестке даярдануу боюнча ментордук кылып, тренингдерди өттүм. Окуучуларга тренинг өтүп жатып, эгер айткан нерселерим окуучуга пайдасын алып келген болсо, бул мага абдан башкача айтканда, ырахат алып келерин сездим. Жакпаган жумушуңда иштөө да адамга психологиялык жактан негативдүү таасирин берет. Жаккан кесибинде иштөөнү ким каалабайт? Албетте, баары өзү сүйгөн кесип боюнча иштегиси келет. Бирок кээде ата-энеси, тааныштары, достору сунуштап же ата-энеси мажбурлап дарыгер болосуң деп өзү каалабаган кесипке тапшырткан учурлар болот эмеспи. Айылдагы мектептерде англис тилин билбей (бирок диплому бар) сабак берип жүргөндөр дагы көп. Кесип тандоодо мага убагында кеңеш берген үч нерсени силерге дагы кеңеш берем, алар:

1) Эң сапаттуу аткарасың;

2) Сенин көңүлүңө жагат;

3) Башкаларга салыштырмалуу оңой аткарасың.

Мына ушул үч кеңеш. Кесипкөй муунду өстүрүү менен Кыргызстаныбызды өнүктүрөбүз деп ишенем!

Бөлүшүү

Комментарийлер