ЖРТГА 25 ЖЫЛ: ТЕҢ МҮМКҮНЧҮЛҮК – КЕҢ КЕЛЕЧЕК!
- 27.10.2026
- 0
ТЕҢ МҮМКҮНЧҮЛҮК – КЕҢ КЕЛЕЧЕК!
2026-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында «Тең мүмкүнчүлүк – кең келечек» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чара Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) 25 жылдыгына жана жогорку окуу жайларына кабыл алуунун сапаты менен адилеттүүлүгүнө байланышкан актуалдуу маселелерге арналат.
Конференцияны Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ)
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин колдоосу менен уюштурууда.
Иш-чара билим берүү натыйжаларын баалоонун заманбап ыкмаларын талкуулоо, улуттук жана эл аралык тажрыйба алмашуу, ошондой эле баалоо системаларын жана жогорку окуу жайларына кабыл алуу механизмдерин өнүктүрүүнүн келечегин аныктоо үчүн эл аралык кесиптик аянтча болот.
ЖРТнын 25 жылдык тажрыйбасы
2026-жылы Кыргыз Республикасында жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууда баалоонун жана тандоонун негизги инструменттеринин бири болгон
Жалпы республикалык тесттин киргизилгенине 25 жыл толот. Өткөн чейрек кылым ичинде ЖРТ жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо системасынын маанилүү бөлүгүнө айланды. Юбилейлик конференция ЖРТны өткөрүү боюнча топтолгон тажрыйбаны талдоого, жетишкендиктерди баалоого жана улуттук баалоо системасын мындан ары өркүндөтүүнүн багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Конференциянын алкагында баалоонун объективдүүлүгү, ишенимдүүлүгү жана ачык-айкындуулугу, жогорку билим алууга тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, ошондой эле тесттин жыйынтыктарына болгон ишенимди жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Конференциянын негизги багыттары
Катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча пикир алмашышат:
- ЖРТнын 25 жылдык тажрыйбасы, жетишкендиктери жана өнүгүү келечеги;
- абитуриенттерди тандоодо баалоонун сапатын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылуу;
- тест өткөрүүдөгү заманбап технологиялар, санариптештирүү жана жасалма интеллектти колдонуу;
- улуттук баалоо системаларын өнүктүрүү, ачык-айкындуулукту жана ишенимди жогорулатуу;
- баалоонун жыйынтыктарын билим берүү тармагындагы башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда колдонуу.
Конференциянын программасында пленардык баяндамалар, тематикалык секциялар, эксперттик талкуулар, улуттук жана эл аралык тажрыйбанын презентациялары, ошондой эле баалоо системаларын жана жогорку окуу жайларына кабыл алуу механизмдерин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча ачык талкуулар каралган.
Эл аралык тажрыйба жана кесиптик кызматташтык
Конференцияга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, билим берүү жана илимий мекемелердин, жогорку жана орто окуу жайларынын, эл аралык жана чет өлкөлүк тест өткөрүү уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер, ошондой эле баалоо жана тест өткөрүү жүргүзгөн уюмдардын өкүлдөрү катышат. Иш-чара бетме-бет форматта өткөрүлүп, айрым чет өлкөлүк катышуучулар менен баяндамачыларга онлайн туташуу мүмкүнчүлүгү берилет. Конференциянын иш тилдери – кыргыз, орус жана англис тилдери.
Эл аралык кесиптик диалог баалоонун ар түрдүү ыкмаларын салыштырууга, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулоого жана жогорку окуу жайларына кабыл алуу процессин өркүндөтүүгө багытталган натыйжалуу тажрыйбалар менен бөлүшүүгө шарт түзөт.
«Тең мүмкүнчүлүк – кең келечек» эл аралык илимий-практикалык конференциясы ЖРТнын 25 жылдык тажрыйбасын жыйынтыктоого жана Кыргыз Республикасында адилеттүү, объективдүү жана заманбап баалоо системасын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого багытталган маанилүү иш-чара болот.
Өткөрүлүүчү күнү: 2026-жылдын 29-октябры.
Өткөрүлүүчү жери: Бишкек шаары, Hyatt Regency Bishkek мейманканасы,
Ж. Абдрахманов көчөсү, 191.
Уюштуруучу: Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ).
Колдоочулар: Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги.