ЖРТДЫН ЧЕМПИОНУ — АТАЙ ЭСТЕБЕСОВ
- 24.06.2025
- 0
2025-жылы Жалпы республикалык тестирлөөгө өлкө боюнча 56 миң 160 адам катышып, алардан эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болгон 54 окуучунун тизмесинин башында Бишкек шаарындагы №70 жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов туруп, 242 баллга (упайга) ээ болду.
Ошентип, быйыл «Алтын сертификатка» 54 абитуриент татыктуу болгон бүтүрүүчүлөрдүн ушул №70 орто мектептен Атайдан сырткары дагы 234 балл алган Айдина Искакова менен 233 баллга жеткен Ясмин Жусупбекова дагы “Алтын сертификатка” ээ болушту.
Мектептин директору, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим Чолпон Джунушеванын айтымында, быйыл 11-классты 384 окуучу бүтүрүп чыгып, алардын 380и ЖРТ тапшырып, 40ка жакын бүтүрүүчү 200дөн ашык балл алышкан.
-Быйыл ЖРТ тапшырууда рекорд жараткан Атай Эстебесов 1-класстан баштап математикалык багытта жалаң төрт жана беш деген баалар менен окуган. Абдан токтоо, оор басырыктуу, маданияттуу, илим- билимге умтулган жигит. Мен билгени шахматты дагы жакшы ойнойт. Атасы Эльнур дагы, бир тууган агасы Искендер дагы биздин мектептин бүтүрүүчүлөрү. Атайдын бир тууган иниси Азат да биздин мектепте билим алып, жетинчи класска көчтү. Ошондой эле “Алтын сертификатка” ээ болгон Айдина Искакова мектепти кызыл аттестат менен бүтүрүп жатат. Ал дагы гуманитардык багыттагы класста билим алгандыктан англис тили боюнча шаардык олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеген. Ал эми биздин бүтүрүүчүбүз Ясмин Жусупбекова дагы “Алтын сетификатка” ээ болуп, баарыбызды кубандырды. Ал дагы 1-класстан баштап эле математикага кызыгып, Атай менен бир класста окуп, эң жакшы баалар менен мектепти бүтүрдү. Биздин мектептин бүтүрүүчүлөрү ЖРТга системалуу түрдө даярдык көргөндүктөн, жогорку упайларга ээ болушту, -дейт мектеп директору Чолпон Мелисбековна.
ПРИКЛАДДЫК МАТЕМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАТИКАГА КЫЗЫГАМ
ЖРТдан эң жогорку балл алган Атай Эстебесов математикалык марафон сынагына катышып келгенден кийин чарчап турганына карабай суроолорубузга учкай жооп берди:
—Атай мырза, сизди ЖРТдан эң жогорку балл алганыңыз менен куттуктайбыз. Сизге тест тапшыруу кыйынчылыктарды жараткан жокпу?
— Рахмат! Объективдүү кыйынчылык боюнча айтсам, тест тапшырууда мага олуттуу кыйынчылыктарды жаратты деп айта албайм. Эмоционалдык басымга келсек, SECOM билим берүү борборундагы тренингдин аркасында мен текст тапшыруу учурунда тынчсыздануу, шектенүү жана керексиз ойлор менен натыйжалуу күрөшүүгө үйрөндүм.
—Тест тапшырууга качантан бери, кандай даярдык көрдүңүз? Канча убакыт бөлдүңүз?
-Быйыл сентябрь айынан баштап ЖРТга даярдана баштадым. Мен SECOM борборунда үч ай окудум жана ушул этапта текшерүү тесттердеги орточо баллым 169дан 220га чейин өстү. Кыска тыныгуудан кийин, февраль айында мен адистештирилген математика боюнча сабактарга катыштым, бул багытта мага натыйжамды 20 баллга жакын жакшыртууга мүмкүнчүк берилди. Апрель айында мен SECOMдогу VIP тандалган группага кошулдум, анда биз күнүнө 8 саатка чейин абдан интенсивдүү окуп, даярдык көрдүк. Менин ийгилигиме колдоо көрсөтүп, кесипкөйлүгү менен зор салым кошуп, чоң роль ойногон мугалимдер Канат агай, Атай агай жана Анастасия эжеге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Ошондой эле окууга бекем пайдубалды түптөгөн менин №70 мектебимдин мугалимдер жамаатына, өзгөчө класс жетекчим Эльмира Эркиновна менен математика мугалими Юлия Владимировнанын кошкон салымын белгилегим келет.
—Эми өзүңүз кайсы кесипти тандап, кайсы окуу жайга тапшырып жатасыз?
-Учурда кайсы кесипти тандоо боюнча бир чечимге толук келе элекмин. Бирок мен буга чейин бир багытты – прикладдык математика жана информатиканы тандап алгам. Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америка Университетине (AUCA) тапшырууну пландап жатам.
-Мектептен тышкары эмне менен алектенесиз?
—Мектептен тышкары убактымды активдүү жана пайдалуу өткөрүүгө аракет кылам. Бош убактымда досторум менен баарлашам, ар кандай иш-чараларга, футболдук (футзал) мелдештерге катышам жана IT жана илимдин жаңы багыттарына кызыгам.
АККАН АРЫКТАН СУУ АГАТ
“Ала-Тоо” эл аралык университетинде француз тилинен мугалим болуп иштеген, Атайдын апасы Искра Абдиметалиева менен маектешкенде буларды айтып берди.
-Атайдын атасы Эльнур дагы Бишкек шаарындагы №70 мектепти бүткөн. Учурда программист, бизнес аналитик болуп иштейт. Атай төрт бир туугандын экинчиси. Улуу агасы Искендер Борбордук Америка университетинде 3-курста кино жана теле көрсөтүү адистиги боюнча окуган студент. Иниси Азат жетинчи класста окуйт. Кичүү иниси Белек төртүнчү класска көчтү. Атай биринчи класстан бери математикага кызыгып, жакшы окуду. 10-классты бүткөндөн кийин жайкы каникулдан баштап, ЖРТга кошумча даярдык көрүү үчүн “Секом” билим берүү борборуна да баштады. 11-класстан баштап, мектепте дагы системалуу даярдык көрүп, соцтармактарга алагды болгон жок. Жалпы тестирлөөдө 242 балл алса, кошумча математикадан дагы 131 баллга ээ болду. Математикадан сырткары шахмат ийримине дагы катышып жүрдү. Футболго дагы кызыгып, бош убактысында достору менен футбол ойнойт. Адабий китептерди дагы окуйт. Башка балдардай болуп, Тик-Ток, Фейсбук, Инстаграм соцтармактарына кызыкпайт. Бишкектеги Борбордук Америка Университетинин прикладдык математика жана информатика факультетине тапшырып, 50 пайыз жеңилдик менен кабыл алынган. Эми “Алтын сертификатка” ээ болгондуктан бул окуу жайга 100 пайыз жеңилдик менен кабыл алынат го деп кубанып турабыз.
Элибизде «Аккан арыктан суу агат” деген жакшы накыл кеп бар го. Атайдын чоң атасы Сыртбай Эстебесов Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылындагы орто мектепти күмүш медаль менен бүтүп, Россиянын Томск шаарындагы Политехникалык институттан билим алып, Москва шаарынан химия илимдеринин кандидаттык даражасын коргогон. Ал эми чоң апасы Малика Садыкова да Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылындагы орто мектепти алтын медаль менен бүтүп, Кыргыз Улуттук университетинен билим алган.
Учурунда кайын энем Москвадагы СССРдин Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө эң мыкты лектор болгон экен. Кайын атам менен кайын энем экөө бир класста окуган экен. Атайдын чоң таяэнеси Айша Абдылдаева билим берүүгө эмгеги сиңген мугалим болуп, Нарын шаарындагы №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте иштеген. Таятасы Беккелди Абдиметалиев-инженер-куруучу болсо, таяэнеси Атыркүл Молдалиева дагы инженер-технолог болгон. Чоң атасы менен таятасынын көзү өтүп кетти.
Жолдошум Эльнурдун карындашы Алтынай дагы мектепти алтын медаль менен бүткөн. Атайдын ЖРТдан биринчи орунду алышына алгач мектепте “А” тамгасын үйрөтүп, билим эшигин ачкан биринчи мугалими Ким Роза Константиновнага, класс жетекчи жана орус тили жана адабияты мугалими Басиева Эльмира Эркиновна, математика сабагынан берген мугалимдери Лебедева Галина Николаевна жана Солодова Юлия Владимировнага, мектептин директору Чолпон Мелисбековнага жана мектептин жалпы жамаатына үй-бүлөбуздүн атынан биз өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Биз Секом даярдоо курсунун мугалимдери Орозобек уулу Канат, Ибрагимова Анастасия жана Соорбеков Атайга да өзгөчө таазим этебиз,-деди Атайдын апасы Искра Абдиметалиева.
Маалымат үчүн: Быйыл “Алтын сертификатка” Бишкек шаарынан – 38, Жалал-Абад облусунан – 4, Чүй облусунан – 4, Ош облусунан – 2, , Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан -2, Талас облусунан – 1, жана Россия Федерациясынын жалпы билим берүү уюмдарынан – 1 окуучу ээ болду. “Алтын сертификат” ээлеринин арасынан үчөө – былтыркы жылдын бүтүрүүчүлөрү болуп саналат.
Бишкек шаарынан “Алтын сертификатка” ээ болгон 38 окуучунун 15и Биринчи-Май районундагы № 61 Е.Б. Якир атындагы жалпы билим берүү орто мектебинен 10 окуучу, № 70 жалпы билим берүү орто мектебинен үч окуучу, № 24 А. Токомбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинен эки бүтүрүүчүлөрү болгонун райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Самара Шербаева «Кут Билим» медиа борборуна маалымдады.
Быйылкы тестирлөөгө өлкө боюнча жалпы 56 160 бүтүрүүчү катышса, анын ичинен кыргыз тилинде тапшыргандар – 31 721 окуучу болсо, орус тилинде тапшыргандар – 24 439 бүтүрүүчү болду.
Жалпы республикалык тестирлөө 24 жылдан бери ЖОЖдорго кабыл алууда коррупциянын алдын алуу үчүн өткөрүлүп келүүдө.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”
Комментарийлер