К.КАРАСАЕВДИН 125 ЖЫЛДЫГЫ: БМУДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ

  • 26.11.2026

Академик Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде көрүнүктүү тилчи, лексикограф, агартуучу, академик Кусеин Карасаевдин 125 жылдыгына арналган «Уңгужол доктринасы жана К. Карасаевдин илимий-агартуучулук мурасы: өткөндөн келечекке» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат. К.КАРАСАЕВДИН 125 ЖЫЛДЫГЫ: БМУДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ

Иш-чаранын максаты — залкар окумуштуунун кыргыз тил илимине, лексикографияга жана улуттук маданиятка кошкон зор салымын терең талдоо, илимий мурасын кеңири жайылтуу жана анын бүгүнкү коомдогу маанисин аныктоо. К.КАРАСАЕВДИН 125 ЖЫЛДЫГЫ: БМУДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ

Конференцияга мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А. Койчиев, Казакстан Республикасынын Президентинин кеңешчиси М. Отарбаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы М. Мураталиев, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Г. Исаматова, Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын президенти К. Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, изилдөөчүлөр жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышууда. Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай жана Башкортостан өлкөлөрүнүн илимий-билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү онлайн жана офлайн форматтарда катышууда. К.КАРАСАЕВДИН 125 ЖЫЛДЫГЫ: БМУДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТҮҮДӨ

Конференциянын алкагында Кусеин Карасаевдин эстелигине гүл коюлуп, окумуштуунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган фильм көрсөтүлүп, көргөзмө уюштурулууда. Мындан тышкары, анын илимий мурасы, кыргыз тилинин өнүгүшү, улуттук маданият жана заманбап билим берүүнүн актуалдуу маселелери боюнча баяндамалар жасалып, академик Кусеин Карасаев медалы тапшырылууда. Иш-чара Бишкек мамлекеттик университетинин студенттеринин жана Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестринин катышуусундагы маданий программа менен коштолууда.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү