«ЭЛЕКТРОМОНТЕР» КЕСИБИ БОЮНЧА КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ КУРСУ ӨТТҮ
- 27.11.2026
- 0
2026-жылдын 17–26-ноябрь күндөрү Республикалык илимий-методикалык борбор (РИМБ) тарабынан өндүрүштүк окутуу устаттары үчүн «Электромонтер» кесиби боюнча квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлдү. 
Он күнгө созулган окуу программасы теориялык билимдерди практикалык көндүмдөр менен айкалыштырып, устаттардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталды. Курстун алкагында РИМБ базасында педагогикалык жана кесиптик багыттагы мазмундуу сабактар, ал эми НЭСК окуу борборунда кесиптик ишмердүүлүккө зарыл болгон практикалык сабактар өткөрүлдү. 
Ошондой эле курстун угуучулары үчүн тармактагы алдыңкы тажрыйбалар жана заманбап жабдуулар менен жеринде таанышуу максатында окуу-таанышуучу экскурсиялар уюштурулду. Атап айтканда, катышуучулар «Ала-Арча» подстанциясына, №20 кесиптик лицейге жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Электроника жана электр инженериясы факультетинин лабораторияларына барышты. 
Мындай комплекстүү формат өндүрүштүк окутуу устаттарына заманбап методикаларды өздөштүрүүгө жана эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келген адистерди даярдоо сапатын мындан ары арттырууга өбөлгө түзөт. 