ОКУУЧУЛАРДЫН УКУКТУК САБАТТУУЛУГУ: АТ-БАШЫДА ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

  • 26.11.2026

Урказы Иманалиев атындагы №32 кесиптик лицейинде жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу багытында профилактикалык жолугушуу уюштурулду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 24-октябрындагы №04-2/5169 катына ылайык өткөрүлдү. ОКУУЧУЛАРДЫН УКУКТУК САБАТТУУЛУГУ: АТ-БАШЫДА ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Жолугушууга райондун прокурору А.Абжалиев, прокурордун улук жардамчысы Т.Нурланов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Дыйканбаев, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн Жашы жете электер иштери боюнча инспекциясынын өкүлү, ошондой эле лицейдин окуучулары, администрациясы жана педагогдук жамааты катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды болтурбоо менен бирге, жаштардын укуктук аң-сезимин, мыйзамга болгон сый-урматын жана жеке жоопкерчилигин күчөтүү. Жыйындын жүрүшүндө окуучуларга укук бузуулардын түрлөрү, алардын кесепеттери жана мыйзам алдындагы жоопкерчилик тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди. ОКУУЧУЛАРДЫН УКУКТУК САБАТТУУЛУГУ: АТ-БАШЫДА ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Прокуратура өкүлдөрү коопсуз жүрүм-турум эрежелерин сактоонун, коомдук жайларда өзүн туура алып жүрүүнүн, ар кандай терс көрүнүштөргө жол бербөөнүн жана мыйзам талаптарын так аткаруунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилешти.

Уюштуруучулардын белгилешинче, мындай профилактикалык жолугушуулар окуучулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатып, өспүрүмдөрдүн коопсуз чөйрөдө сапаттуу билим алышына жана татыктуу тарбияланышына өбөлгө түзөт.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү