ЖРТ БҮТТҮ, БИРОК ТАЛКУУ БҮТӨ ЭЛЕК

  • 02.06.2023
  • 0

ЖРТ БҮТТҮ, БИРОК ТАЛКУУ БҮТӨ ЭЛЕК

Жалпы республикалык тестирлөөнүн эки этабы аягына чыгып, абитуриенттер өз жыйынтыктарын чыдамсыздык менен күтө баштады. Дал ушул тест өтүп жаткан маалда Жогорку Кеңештин депутаттары ЖРТга байланыштуу бир топ маселелелерди көтөрдү.

СУУ КЕЧПЕГЕН СУНУШТАР

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова ЖРТнын босого баллын төмөндөтүүнү сунуштап, антпесе көпчүлүк жаштар жогорку билим ала албай мигрант болуп же кара жумуштун артынан жүрүп калып жатышат деп билдирди.

— ЖРТ бул карта оюну сыяктуу эле болуп калды, жаман окуган балдар эптеп божомолдоп тегеректеп чыгып чоң упай алса, жакшы окуп жүргөн окуучулар, тилекке каршы, босого упайдан өтпөй калып жатышат. Мунун себеби тесттин суроолору мектеп программасына дал келбейт, — деди депутат.

Бирок бул сунушту министр Каныбек Иманалиев четке какты. Себеби ЖРТнын босого упайын азайтуу бул жогорку окуу жайларга жалаң билимсиз жаштардын келишине жол ачарын баса белгиледи.

— Биз буга чейинки өткөн PISA сынагында эң төмөнкү көрсөткүчтү алып калганбыз. Мунун себеби дал ушул балдардын логикалык ой жүгүртүүсүнүн начардыгы. Биз окуучулардын логикалык ой-жүгүртүүсүн күчтөшүбүз керек. Ошондой эле ЖРТнын босого упайын, тескерисинче, 110дон көтөрүш керек, ошондо гана билим берүүнүн сапатын көтөрөбүз, университеттерге билимдүү, иргелген жаштар келе баштайт, —  деди министр.

Бир канча депутаттар жрт боюнча ар түрдүү сындарды айтканы менен, анын ордуна башка кандай система алып келүү керектиги тууралуу  так сунуштарын айтышкан жок.

ОРУН БАСАРДЫН ОҢТОЙЛУУ СУНУШУ

24-майда өткөн Жогорку Кеңештеги отурумда бир канча депутаттардын сын-пикирлеринен кийин билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу депутаттарга кайрылып шашылбастан, бардык эксперттер, педагогдор менен биргеликте жыйын өткөрүп, анан чечим кабыл алууну сунуштады.

— Урматтуу депутаттар, ЖРТ боюнча көп сын-пикирлер сунуштар айтылды. Эми келиңиздер чоң бир талкуу уюштуралы, билим берүү тармагындагы эксперттерди чакыралы, сиздер дагы келиңиздер башка тараптарды дагы угалы. Жалпы баарыбыз отуруп ЖРТнын оң жана терс жактары тууралуу талкуу кылып, анан кандай өзгөртүүлөрдү киргизебиз ошол жерден чечели, — деди.

ЖРТ ЖОЮЛСА ОРДУНА КАНДАЙ СИСТЕМА КЕЛЕТ?

Акыркы мезгилдерде ЖРТ боюнча Жогорку Кеңеш эле эмес, коомчулук тарапта да ар кандай ойлор, сындар, сунуштар айтылып келүүдө. Алардын көпчүлүгү ЖРТнын суроолору мектеп программасына дал келбейт, окуучулардын билим деңгээли калыс бааланбайт, жоюп салыш керек деген пикирлер. Бирок артка бир кылчайып тарых бетин карап көрөлү. Илгери 80-90-жылдарда карапайым үй-бүлөнүн балдары жогорку билим алуу үчүн ата-энесинин жалгыз уюн саттырып, окуу жайдын бир кишисин аке, жаке деп жүрүп араң окууга өтүшчү. Эмне себептен? Себеби  жогорку окуу жайга өткөрөм деген кишини ыраазы кылыш үчүн. Антпесе генийдин генийи болуп, экзамендерден эч такалбай өтсө дагы, өткөрө турчу кишинин чөнтөгүнө бирдеме салбаса университеттин босогосун да аттабай артка кайтчу. Ал эми азыр кандай? Азыр кимдин билими менен ой жүгүртүүсү мыкты болсо жана тестке жакшы даярданса, эч кандай тааныш-билиш, дос-тууганы жок эле жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Абитуриенттерге мындан өткөн жакшы мүмкүнчүлүк жок. Балким, мектеп программасындагы суроолорду кошуп, тесттин мазмунун бир аз өзгөртсө болот. Бирок ЖРТны түп тамырынан жоюп салыш керек деген жөнү жок кыйкырыктар, Кыргызстандагы билим берүүнү кайрадан илгерки коррупция жолуна алып баралы деген эле сөзгө барабар. 20 жылдан ашык иштеп, бир калыпка түшүп калган, коррупцияга бир дагы жолу аралашпаган бул системаны жоюп салса, ордуна кандай система алып келүүгө мүмкүн? Кайра эле баягы таз кейпибизди кийип, кээ бир чоңдордун билимсиз балдары акчанын күчү менен жалаң майлуу сүттүү жерге окуп, карапайым адамдын билимдүү балдары жогорку билим ала албай кара жумушчу болуп калышы толук мүмкүн.

КОРРУПЦИЯНЫ КЕСКИН АЗАЙТКАН ЖАЛГЫЗ МИСАЛ

Жалпы республикалык тестирлөөнүн өтүп жатканына быйыл 21 жыл болду. Ошол убакыттан бери бир дагы коррупциялык иштерге аралашпай, бардык катышуучуларга бирдей мүмкүнчүлүктү түзүп келе жаткан жалгыз долбоор. Кайсы гана министрликти, мекемени албайлы дал ушул ЖРТ сыяктуу узак убакытка коррупцияны кескин токтотуп иштеп келе жаткан тармагын көрө элекпиз. Ошондуктан ЖРТ бул билим берүү тармагындагы мактанып айта кетчү көзгө басар долбоорлордун бири. Бул системаны жоготуш керек дегендин ордуна, кош колдоп колдош керек. Себеби мунун ордун басып, коррупциялык схеманы аралаштырбай иштеп кете ала турчу альтернативдүү долбоор азырынча жок. Абитуриент жалпы тесттин 40% на туура жооп берсе 110 упай алат. Демек, дээрлик тең жарымына да жооп бере албаган окуучулар көптүк кылат. Бул өтө начар көрсөткүч. Босого упайды азайтып, жаштарга жеңилдик берүү менен эптеп эле жогорку окуу жайды окуткандын ордуна, билим деңгээлине жараша, ЖРТ талап кылбаган  механик, агроном, ширетүүчү, ашпозчу деген сыяктуу пайдалуу кесиптерге окутса болот. Азыр кесиптик билим берген лицейлер абдан көп.

Фархат КАНЫБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер