«АЛТАЙ ЖАНА АНЫН ДОСТОРУ»: БАЛДАР ҮЧҮН ЖАҢЫ АНИМАЦИЯЛЫК СЕРИАЛ ТАРТЫЛДЫ
- 24.08.2026
- 0
Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы балдар үчүн арналган жаңы «Алтай жана анын достору» аттуу 2D анимациялык сериалын тартууну аяктады. Кыргыз тилинде даярдалган бул мультсериал кичинекей көрүүчүлөрдү кызыктуу окуяларга жетелеп, достукту баалоого, жаратылышты сүйүүгө жана айлана-чөйрөнү таанып-билүүгө үндөйт.
Сериалдын башкы каарманы — акылдуу, боорукер жана изденүүчү күчүк Алтай. Геолог окумуштуу ата-энеси менен Кыргызстанды кыдырып жүргөн Алтай Керемет айылына келип, жаңы досторду — ак илбирс Асманды, коён Мейкинди жана чычкан Ширинди жолуктурат. Каармандар биргеликте кызыктуу окуяларга туш болуп, бири-бирине жардам берүү менен жаңы нерселерди үйрөнүшөт. 
Маалым болгондой, «Алтай жана анын достору» мультсериалы 40 сериядан турат. Ар бир эпизоддун узактыгы 5 мүнөттү түзүп, 1–5 жаштагы балдарга багытталган. Аталган долбоор Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын буйрутмасы менен «Байрак» продакшн студиясы тарабынан ишке ашырылды. Долбоордун режиссёру — Максат Болотбек.
Белгилей кетсек, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин баракчасындагы маалыматка ылайык, мультсериалдын бет ачары 24-августта УТРКнын «Баластан» телеканалында өтөт.
А.К., «КБ»
Комментарийлер