ЖРТ: БҮГҮН КОШУМЧА КАТТОО ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

  • 25.11.2022
  • 0

Бүгүн, 25-ноябрда тест борборлорунун базасында саат 13:00дөн 17:00 гө чейин абитуриенттерди кошумча каттоо жүргүзүлөт.

ЖРТ: БҮГҮН КОШУМЧА КАТТОО ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Ал эми жалпы республикалык тестирлөө (ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн) 26-27-ноябрда өтөт.

Тестирлөө борборлору:

1. Бишкек шаарындагы №72 орто мектеби;

2. Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясы;

3. Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейи.

Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет.

Алдын ала өтүнмөлөр боюнча 49 жогорку окуу жай кышкы кабыл алууну өткөрөт. Анын ичинен17 мамлекеттик, 32 мамлекеттик эмес.

Кышкы кабыл алуу жүргүзө турган ЖОЖдордун тизмеси https://edu.gov.kg/media/uploads/2022/10/19/2022-2023-181022_obLxyt5.pdf

Бөлүшүү

Комментарийлер