ЖРТ: АЛДЫҢКЫЛАР ЖАНА АРТКЫЛАР
- 18.07.2023
- 0
Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын жыйынында Каныбек Иманалиев 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча отчётун тапшырды. Анда республика боюнча ЖРТдан 110дон жогору жана андан аз балл топтогон бүтүрүүчүлөрдүн пайыздык тизмеги аныкталды.
ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жогору балл топтогон бүтүрүүчүлөр Бишкек шаарында 79.10% түзсө, Талас шаары 73.70%, Каракол шаары 70.30%, Токмок шаары 69.80%, Майлуу-Суу шаары 68.60%, Ош шаары 65.10%, Токтогул району 60.50%, Кара-Кулжа району 60.50%, Кызыл-Кыя району 60.20%, Жалал-Абад шаары 60.10%.
Ал эми 110дон аз балл алган бүтүрүүчүлөр Ысык-Көл районунда эң көп 46.80% менен катталса, Манас району 46.60%, Ак-Суу району 45.70%, Таш-Көмүр шаары 45.50%, Кадамжай району 44.70%, Жумгал району 44.20%, Панфилов району 44.0%, Сүлүктү шаары жана Лейлек району 43.90%, Кемин району 43.70%, Өзгөн району жана Өзгөн шаары 42.30% болду.
Жыйында министр Каныбек Иманалиев конкурстан өтүп келген мектеп директорлоруна карата жаңы жобо иштелип жатканын айтты. Жобого ылайык, эми эки жыл катары менен ЖРТдан 110дон төмөн балл алган мектептин директору кызматтан алынат.
Айгерим Токтобаева, «Кут БИЛИМ»
Комментарийлер