КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ: ЭҢ ЖОГОРКУ БАЛЛ – 226, ЭҢ ТӨМӨНКҮ БАЛЛ– 65

  • 21.12.2022
  • 0

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө 1260 адам катышты. Анын ичинен 893 катышуучу же 70,9% 100 же андан жогору балл топтоду.

КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ: ЭҢ ЖОГОРКУ БАЛЛ – 226, ЭҢ ТӨМӨНКҮ БАЛЛ– 65

Республика боюнча ЖРТнын жыйынтыгынын орточо көрсөткүчү 126,6 баллды түзсө, эң жогорку – 226, эң төмөнкү – 65 баллды түздү.

Тестирлөөдө максималдуу баллды – Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондорунун жана Ош шаарынын катышуучулары алса, эң төмөнкү баллды – Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун катышуучулары алды.

ЖРТны кыргыз тилинде –  658, орус тилинде – 602 катышуучу тапшырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер