ЖОЖДОРДО ЖУРНАЛИСТТЕРДИ ДАЯРДОО МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 01.11.2022
  • 0

ЖОЖДОРДО ЖУРНАЛИСТТЕРДИ ДАЯРДОО МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 7-ноябрь – Басма сөз күнүнө карата “Санариптик чөйрө шартында журналисттерди даярдоо” аттуу тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага журналисттерди даярдаган ЖОЖдордун окутуучулары, практик журналисттер, студенттер, магистранттар, жаш окумуштуулар катышып, санариптик чөйрөдө журналисттерди кесиптик даярдоонун өзгөчөлүгү, студенттин келечектеги адис катары субъективдүүлүгүн калыптандыруу, келечектин билим берүү системасы үчүн журналисттерди кесиптик даярдоонун жаңы форматтары тууралуу баарлашышты.

Катышуучулар бул теманын актуалдуу экенин жана журналисттер биринчи кезекте заманбап шарттарга ыңгайлашып, өз ишинде бардык жаңы мультимедиалык мүмкүнчүлүктөрдү колдоно билиши керектигин баса белгилешти.

  • Билим берүүдөгү жаңы маалыматтык технологиялар таптакыр жаңы долбоорлордун пайда болушуна мүмкүнчүлүк берип жатат. Бул өз алдынча билим алууга түрткү берет. Азыр ачык маалыматтардын көптүгүнөн улам, дээрлик бардык чөйрөнү өз алдынча өздөштүрүүгө болот. Бул үчүн архивдерге жана китепканаларга баруунун кереги жок, болгону Интернетке кирүү мүмкүндүгү менен компьютер жетиштүү болот. Азыр колунда смартфону бар ар бир адам элге маалымат тарата алат. Бирок биз эч качан классикалык журналистикадан кайтпашыбыз керек, — дейт басма сөз кафедрасынын башчысы Нуржан Жумагазиева.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер